Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Июль, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:59

БУДАПЕШТ: КАЙЫРЫ ЧАЙЫР МААРАКЕ


Будапештте 1956-жылдагы антисоветтик көтөрүлүштүн жарым кылымдык мааракесин оппозициялык күчтөрдүн тополоңу жыдытты. Өткөн айдан бери өкмөттүн бийликтен кетишин талап кылып жаткан аламан топ шаардын бир нече райондорунда полиция менен кагылышып, кара жаңжал тутанды. Тополоң таңга чейин уланды. Жүздөн ашуун киши жабыркаганы айтылууда.

Кечээки майрамды – советтик үстөмдүккө каршы 1956-жылы Венгрияда тутанган көтөрүлүштүн жарым кылымдык мааракесин – мажар бийликтери улуттук биримдиктин күнү иретинде белгилемек болушкан эле. Будапештке Европанын он сегиз өлкөсүнөн мартабалуу коноктор, эки премьер-министр, Испания менен Норвегиянын падышалары, Еврокомиссиянын жана НАТОнун башчылары келишкен болчу. Алардын баары ырасмий иш чараларга катышты. Бирок Будапештте мааракенин кайырын чайыр кылган тополоң да чыкты.

Өлкөдөгү негизги оппозициялык партия – ФИДЕС – майрамдык ырасмий иш чараларга бойкот жарыялады. ФИДЕСтин тарапкерлери бир нече аптадан бери премьер Ференц Дюрчандын кызматтан кетишин талап кылып, парламент алдында азан-казан жыйын өткөрүп жатышкан эле. Кечээ эрте менен аларды парламент алдынан полиция сүрүп чыгарды. Тараптардын кара кагылышы түштөн кийин башталды. Демонстранттар полицияны ташбараңга алып, колуна тийген темиртен, бөтөлкө менен уруп киришти. Полиция аламан топко жашагызма газ,сууатмаларды жана желим окторду колдонду. Айрым тополоңчулар маарекелик көргөзмөгө коюлган советтик танкты басып алып, полицияны беттеп айгай салып киришти. Полиция танкты токтотуп, аламанчыларды кууп таркатты. Бирок кагылыштар шаардын башка райондорунда да тутанып, таңга чейин уланды.

Тополоңго күбө болгондордун бири шаардык аянттардын биринде беш адамга желим ок тийгенин өз көзү менен көргөнүн маалымдады. Жабыркагандар саны жалпы эсепте жүз отуздан ашты.

Премьер-министр Ференц Дюрчан тополоңчуларды кайрадан “агрессивдүү азчылык”,”көчө террорчулары” деп атады. Анын айтымында, дүйшөмбү күнкү тополоңдун мындан жарым кылым мурдагы окуяларга эч кандай окшоштугу жок. Бирок 56-жылдагы көтөрүлүштүн айрым ардагерлери мамлекеттик сыйлыктарды алып жатып, премьердин сунган колун алган жок. Азыр бийликте турган социалисттерди башка бир ардагерлер жарым кылым илгерки режимдин куйруктары деп аташты.

Мажарстандагы антисоветтик көтөрүлүш 1956-жылы 23-октябрда башталган. Дал ошол күнү саясий эркиндиктерди талап кылып,шаардын көчөлөрүнө миңдеген студенттер чыгышкан. Аларга кийин 200 миңдей эл кошулган. 4-ноябрда советтик аскерлер көтөрүлүштү күч менен баскан. Куралдуу айкашта үч миңдей адам набыт кеткен, эки жүз миңден ашуун киши өлкөдөн качып, жер оодарып кеткенге аргасыз болушкан.

XS
SM
MD
LG