Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 07:11

КООМДУК УЮМДАР КОЛ СУНУУНУ СУРАШАТ


Кыргызстандагы ондон ашуун коомдук уюмдар жана белгилүү инсандар президентке кайрылуу менен чыгышты. Анда алар бийлик менен оппозицияны тарых, эл алдында жоопкерчиликти сезип, абалдан чыгуу үчүн сүйлөшүүгө чакырышкан.

Арасында мурунку мамлекеттик катчы Дастан Сарыгулов, жазуучулар Сейит Жетимишев, Көчкөн Сактанов, Кадыркул Өмүркулов, маданият ишмерлери Балбай Алагушев,Жоомарт Кыдыралиев болуп, элүүгө чукул адам кол койгон кайрылууда бийликтин катачылыктары, оппозициянын кемчиликтери да белгиленип, бирок кырдаалдын ушундай абалга жетишине биринчи кезекте президент жоопкерчиликтүү деген пикирди билдиришкен. Алар бийликтин кемчиликтери катары Акаевдер ээлеп алган мүлктүн мамлекетке кайтарылбаганы, ал кезде коррупцияга малынган кызматкерлердин жоопко тартылбаганы, алардын айрымдарынын жогорку кызматтарга кайрадан дайындалганы, бир үйбүлөдөн кийин экинчи үйбүлөнүн бийлиги башталды деген сөз тарашына шарт түзүлгөнү, коррупциянын кайрадан өсүүсү жана конституциялык реформанын кечеңдөөсү белгилеген.

Дастан Сарыгулов кырдаалдан чыгуу президентке байланыштуу дейт:

"Азыр мүмкүнчүлүк мамлекеттин башында турган адамдын колунда турат. Бир топ чечкиндүү кадамдарга барыш керек деп ойлоймун. Мисалы кадр маселесинде. Элдин баары айтып атат, биздин ыңкылаптан күткөнүбүз болбой жатат, турмушта анын бирин көргөнүбүз жок деп жатышат. Мурда чоң кызматта жүрүп акча тоногондорду кайра чоң кызматка коюп жатат. Мунун кереги барбы? Деп күнөө коюп жатат".

Кайрылуунун демилгечилеринин бири, «Мээрим жазы» коомдук бирикмесинин башчысы Ыргалай Бекмуратова президент «Реформа үчүн» кыймыл лидерлери менен жолугушууга тийиш дейт:

"Алар менен жолугушуп, талаптарын угуш керек. Президент ошондой эле инилерин бүтүндөй чакырып, кызматтан бошотуп, алардын талаптарына кичине жооп бериш керек. Биз эч жакка тартпастан, калыс, адилет болуп, бийликтин да, оппозициянын да кемчилигин айтып, кыргыз элинин ынтымагы, келечеги үчүн тынчсызданып жатабыз".

Ал эми «Арча» саясий партиясынын лидери Сазыкбай Турдумалиев парламентти да, президентти да, оппозицияны да сынга алып, буларды билдирди:

"Депутаттардын 70% акчанын күчү менен келишкен эмес беле? Анан буларга элдин атынан сүйлөөгө ким уруксат берди. Ошол эле учурда Бакиев да туура саясат жүргүзбөй жатат.Эки жагы да туура эмес иш кылып жатат. Негизинен президент тарап да, оппозиция тарап да эл алдында да, тарых алдында да чоң жоопкерчиликти алыш керек".

Кайрылуу соңунда коомдук ишмерлер президенттен каталарды оңдоону, оппозиция менен тил табышууну сурашып, калыс,улут, өлкө үчүн жасала турган акыйкат иштерди колдоого алышаарын билдиришкен.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG