Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:10

КУРМАНБЕК БАКИЕВ: “МАМЛЕКЕТТИК БАШКАРУУНУ ЭЛ ЧЕЧЕТ”


Ырысбай Абдыраимов, Бишкек Президент К.Бакиев Жалалабатта калктын өкүлдөрү менен жолугушуу учурунда конституциянын долбоору бир айдан бери Жогорку Кеңеште жаткандыгын белгилеп, парламент жана өкмөт менен аткаруу бийлиги мамлекеттик башкаруу системасы тууралу бир пикирге келише албаса, жыл этегинде референдум өтүүсү ыктымалдыгын билдирди. Жолугушууда сүйлөгөн жарандар ага өлкөдө башкаруу ыкмасын аныктай турган референдум өткөрүүнү сунуш кылышты. “Ата Мекен” партиясынын өкүлдөрү өлкөдө дагыле өзгөрүү болбой, кадр саясатында алешемдиктер арбын жана оппозициянын талаптары туура экендигин билдиришти.



Президент К.Бакиев катышкан Базаркоргон районундагы жолугушууларда аймактагы социалдык маселелер көтөрүлдү. Өлкө башчысынын айтымында коррупциянын деңгээли азайгандыктан казыналык кызматкерлердин айлыгын көбөйтүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү. Мамлекетте өзгөрүү болбой жатат дегенге кошулууга болбойт:

- Коррупцияны ооздуктап, коррупциянын деңгээлин төмөндөткөн үчүн жанагыдай өзгөрүүлөр болуп атат. Бүгүн кээ бир саясатчылар айтып атпайбы, коррупция дагы эле баягыдай, эч өзгөрбөй атат деп. Бул туура эмес.

Мамлекетти башкаруу боюнча конституциянын үч долбоору бир айдан бери Жогорку Kеңеште жатат. Президент менен өкмөт башчысынын отставкасын талап кылган саясатчылар туура эмес маалымат таркатып, элдин башын айландырууда. Эгерде парламент жана өкмөт менен аткаруу бийлиги бир чечимге келе алышпаса, мамлекеттик башкаруу тууралуу жыл этегинде референдум болуусу ыктымал. Элге ушул жөнүндө сөз салган президент К.Бакиев саясатчылардын “өкмөттү кетир” дегенине макул болбой тургандыгын билдирди:

-Конституциялык реформаны каалабай атат, Кулов экөө кетиш керек деп атышат. Конституциялык реформа боюнча үч долбоор түзүлүп, бир айдан ашык парламентте жатат. Эмнеге карабайт. Бизде кээ бир саясатчылар ушинтип элдин башын айландырып, туура эмес маалыматтарды берип, ар кандай үгүттөө иштерин жүргүзүп атат.

Президент ушул эле күнү электр трансформаторлорун оңдоп чыгарган “Жалалабат электро” жана кыргыз-орусиялык “Лима-Текс” ишканаларынын иш абалы менен таанышты.

Жолугушууда Кызылүңкүр айлынын тургуну Маматкарим Тагаев жыйындагылардын көңүлүн жол маселесине бурду. Президенттик башкарууну жактаган карыя парламенттик башкаруу жарандык согушка алып бараарын эскертти:

- Мекемелердин барын ушул жака которуп салып, Кызылүңкүрдүн эли азыр оор абалда жашап атабыз. Жол бузулган, ылай. Парламенттик жол менен барсак ал анархия болот. Бардыгыбыз бурч-бурчтан чыгып кыргыз элин анархияга, граждандык согушка алып келебиз. Биз мындан кутулуу үчүн бир гана жол бар, ал президенттик башкаруу болуу керек. Сиз бизге өзүңүз айткандай референдумга коюп бериңиз, эл өзү чечет ким менен барууну.

Ооганталаа айлынын жашоочусу Рахманкулов Гапуржан мамлекеттик башкаруу ыкмасын жалпы элдик добуш берүү аркылуу чечүү жагын айтты:

- Конституциялык реформа референдум аркылуу болуш керек. Бизде суу, жер жок. Бул жерде 6 лесхоз, 4 айыл өкмөтү жайлашкан.

Элдик жыйында токой байлыктарын иштетүү, суу менен камсыз кылуу, көпүрө куруу маселелери козголду. Базаркоргон районунун тургуну Абдыкалил Алишовдун ою боюнча өзгөрүүлөр алымсындырарлык эмес. Өлкөдө жумушсуздук өкүм сүрүүдө. Оппозициянын талабын колдогон жигит Конституциялык реформа менен кадр саясатынын туура жүргүзүлүшүн жактады:

- Эл кыйынчылык турмушта жашап атабыз. Жаштарга жумуш жок. Кайда барсаң баа өсүп атат. Эң биринчиден конституциялык реформа ошону аткарса, экинчиден коррупцияга каршы катуу иштесе. Эски кызматкерлерди бийликке коюнун кереги жок, алар элдин кызыкчылыгын такыр ойлобойт. Оппозициянын ушундай талаптарды койгону эң туура деп ойлойм.

“Ата мекен” партиясынын облустагы координатору Эргеш Садировдун телефон аркылуу билдирүүсүнө караганда жыйынга күн мурунтан даярдалган адамдар чакырылган. 2-ноябрда өтөөрү болжолдонгон митингге катышууну каалагандар чыгууда. Партиянын мүчөсү Сеит Кадырбеков жашоо деңгээли жакшырбай, айыл чарбасына көңүл бурулбай калганын байкап келүүдө:

- Айыл чарбасы бүгүн эң төмөн деңгээлге жетти. Дыйкан жерин араң айдап жатат. Ошону менен бирге эгерде ошол айдаган эгинин, эртең айыл чарба продукциясын жакшы баада сата албаса, бул банкротко учурайт. Бүгүнкү күндө бул боюнча президенттин иши болбой жатат, - деп айтты Сеит Кадырбеков.

XS
SM
MD
LG