Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:23

БАШКЫ ПРОКУРОР МААЛЫМАТ КӨЗҮН БҮТӨЙ БАШТАДЫ


Башкы прокурор Камбаралы Конгантиев кол астындагы кызматкерлерге басма сөз каражаттарына, бейөкмөт уюмдарга жана жөнөкөй жарандарга уруксатсыз маалымат берүүгө тыюу салды. Бул маалыматты кечээ 24.kg агенттиги таратып, баш прокурор буйругуна 19-октябрда эле кол койгонун жарыялады. Камбаралы Конгантиевдин бул аракети маалымат каражаттары жана жарандык коомчулук тарабынан сөз эркиндигин жана маалымат айкындыгын тизгиндөөгө жасалган аракет катары сыпатталууда.

Мындан ары прокуратура тармагынын жүргүзүп жаткан иши тууралуу маалыматтар башкы прокурордун макулдугусуз жана анын маалымат кызматынын уруксатысыз сыртка чыгарылбайт. Баш прокурор Камбаралы Конгантиев мындай жардыгын прокуратура тармагындагы тергөө иштеринин, кылмышкерлерди аныктоодогу айрым бир иш-чаралардын жашыруундугун сактоо, жарандардын жеке турмушу жана аброюнун кол тийбестиги боюнча конституциялык укугун коргоо максаты менен негиздеген. Ошондой эле ал акыркы убактарда ачыкка чыгарылбай турган айрым бир маалыматтардын басма сөз каражаттарында жарык көрүп жаткандыгын да белгилеген.

Бирок, баш прокурордун бул жардыгы журналисттер, бейөкмөт уюмдар жана саясатчылар тарабынан катуу сынга кабылды. Көпчүлүк муну Камбаралы Конгантиевдин сөз эркиндигин чектөөгө жана маалымат айкындыгын тизгиндөөгө жасаган аракети катары баалашууда.

“Жарандык коом коррупцияга каршы” коомдук уюмунун жетекчиси Төлөйкан Исмаилова баш прокурор бул жардыгы менен дагы бир жолу мыйзам бузууга барып атат дейт:"Бул деген туура эмес. Башкы прокурордун бул жардыгы тынч иштөөгө жана реформа жасоого мүмкүнчүлүк бербейт. Муну менен мырза Конгантиев мыйзам бузуп жатат. Ошондуктан, ал сот алдында жооп берүүгө тийиш."

“Агым” гезитинин баш редактору Кенжебек Арыкбаев бул жардык өлкөдө курчуп турган саясий кырдаалды ого бетер чыңалтат деп эсептейт.

Конституцияда жана маалыматтарды алуу тууралуу мыйзамда өкмөттүк органдар маалымат бербесин деген мыйзам жок. “Медиа өкүлчүлүгү” институнун юристи Шамарал Майчиев айтымында, баш прокурордун жардыгы башмыйзамга туура келбейт:"Мамлекеттик сырлар тууралуу гана берилбесин деген мыйзам бар. Андан башка ачыкка чыгарылбасын деген жашырын маалымат жок. Өкмөттүк органдардын жетекчилери “менсиз маалымат бербегиле” деп өзүнчө документ чыгаруусу мүмкүн, бирок бул Конституцияга жатпайт."

Башкы прокурор Камабаралы Конгантиевдин жардыгы жаңы бийлик тушундагы сөз эркиндигин чектөө деп баса белгилешет айрым байкоочулар. Алар өз пикирин акыркы убактардагы “Пирамида” телеканалынын айланасындагы окуялар, КООРТ, НТС телекомпанияларынын багыттарын өзгөртүп жатышы, “Кыргыз руху” сыяктуу кээ бир эркин гезиттердин материалдык жактан муунтулуп жаткандыгы менен бекемдешүүдө.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG