Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Январь, 2022 шаршемби, Бишкек убактысы 16:56

ПРЕЗИДЕНТ БУШ: АМЕРИКАЛЫК АСКЕРЛЕР ИРАКТАН АЗЫРЫНЧА ЧЫГАРЫЛБАЙТ


Нарын АЙЫП, Прага 25-октябрда АКШ президенти Жорж Буш Вашингтон шаарында журналисттер менен жолугуп, Ирак, Иран, Түндүк Корея жана башка маселелер жөнүндө сүйлөдү.

Ноябрдын башында АКШда парламенттик шайлоо өткөрүлөт жана анын алдында түзүлгөн абалга караганда, айрым байкоочулардын пикиринде, бийликтеги Республикалык партия Конгресстеги бир топ орундан айрылышы мүмкүн. Аны менен катар Америка эли арасында президентке жана өкмөткө болгон ишеним улам азайып баратат жана калктын кеңири катмарлары - Ирактагы согуш ийгиликке алып келбегени тууралуу билдирүүдө. Оппозициялык саясатчылар болсо америкалык аскерлердин Ирактан качан чыгарылып кетээрин аныкташ керек деген талап кое баштады.

Гэллап институту жана "Юс-эй-эй тудей" деген гезит биргелешип өткөргөн акыркы элдик сурамжылоо көрсөткөндөй, суралгандардын 64 пайызы - Ирактагы абал АКШ үчүн жагымсыз өнүгүп баратат деген пикирде. Мындай абалда президент Жорж Буштун жардамчылары Ак үйдө журналисттер менен жолугушуу уюштурду жана 25-октябрда Буш негизги эл аралык маселелер боюнча өз оюн билдирди.

Анын айтымында, чындап эле Ирактагы согуш ойдогудай жыйынтыктарга алып келбей жатат, мисал үчүн октябрда Иракта 93 америкалык аскер курман болду, буга чейин бир айда мынчалык көп аскер өлгөн эмес. Анткен менен, Буштун айтымында, аскерлерди Ирактан азыр чыгарып кетүү ката болмокчу: "Менин оюмча, Иракта азыр утулуш үчүн гана аскерлерди өлкөдөн чыгарып кетиш керек. Иракта коюлган максатка жеткенде гана биз жалпы идеологиялык согушта, террорго каршы согушта жеңе алабыз. Мен ишенем, эркиндиктин күчү жек көрүү идеологиясын жеңет, ага жөн гана мүмкүнчүлүк берилиш керек", - деди Буш.

Айрым байкоочулар жана эксперттер коргоо министри Доналд Рамсфелдди кызматтан алыш керек деп көп айтууда, бирок президент аны дагы бир жолу коргоп чыкты. Андан тышкары, Буштун айтымында, Ирактагы абалды калыбына келтирүү үчүн анын кошуна мамлекеттери, атап айтканда, Сирия менен Иран да өз салымын кошууга тийиш.

Ирандын өзөктүк изилдөөлөрү менен байланыштуу эл аралык коомчулук Тегеранга бир топ талап койгон, өлкө жетекчилери болсо АКШ менен түз сүйлөшүү өткөрүүнү талап кылып келген. Вашингтон аны мурда четке кагып келчү, бирок 25-октябрда президент Буш андай мүмкүнчүлүктү жокко чыгарган жок. Бирок ал үчүн Тегеран алдын ала аскерий максатты көздөгөн өзөктүк изилдөөлөрүн токтотууга тийиш.

Түндүк Корея маселесине кайрылганда болсо президент Буш - проблеманы дипломатиялык ыкмалар менен чечүүгө бардык мүмкүн болгон чараларды көрүш керек деп билдирди: "Менин түшүнүгүмдө, өлкө жетекчиси Ким сүйлөшүүгө катышкан башка беш мамлекеттин эркин сынап жаткандай. Алар болсо Түндүк Корея элинин алдыга өнүгүүсүндө башка мүмкүнчүлүктөр бар экенин көрсөтүп жатат. Ким кошуна Түштүк Кореяны да коркутуууда жана анын мындай аракеттери алгачкы жолу жасалган жок. Биздин максатыбыз болсо - беш мамлекет биргелешип аракеттенип, дипломатиялык жол менен маселени чечүү мүмкүн экенин баарына көрсөтүп-ишендирүү", - деди америкалык президент.

Пхеньяндын өзөктүк программалары менен байланыштуу мындан бир нече жыл мурда АКШ, Жапония, Кытай, эки Корея жана Орусиянын өкүлдөрү катышкан алты тараптуу сүйлөшүү башталган, бирок былтыр ноябрда Түндүк Корея ал сүйлөшүүдөн чыгып кеткен.

XS
SM
MD
LG