Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:37

ОКТО КӨЗ БОЛБОЙТ


Бүгүн жарык көргөн гезиттердин жазгандарын карап көрүп, Кыргызстанда бийлик менен оппозицияны бир үстөлгө олтургуза турган мүмкүнчүлүк такыр эле түгөп бүтүп калганбы, ушундай кылчайнаш кырдаалда Ата Журттун Көзү, Акылы, Эси боло турган Адам кыргызда калбай калганбы деген ой келет экен. Анткени бүгүн кайсыл инсанга кайрылбаңыз, баары эле «2-ноябрда курал колдонулабы же жокпу?» деген сөздүн тегерегинде сүйлөшүүдө.

Маселен президент кеңешчиси Чолпонбек Абыкеев, «Айкын» гезитине жооп берип жатып минтет: - А, эгер алар (оппозиция) Акүйгө киребиз дешсе «кире бер» деп эшикти ачып коюш керекпи. Акүйгө киребиз деген аракеттери болсо катуу тоскоолдукка учурарын алды ала эле айтып коeюн. Резина окторбу, атайын газдарбы, күч структурасынын аракетиби, кыскасы сөзсүз колдонулат. 24-марттагыдай Акүйдөн эчким качып кетпейт. Булардын түптүз эле максаты бийликке жетүү. Башка эч максат жок буларда.

Ушул эле гезит «Ок» деген макаласында, айрым узункулак маалыматтарга таянып, Акүй милийсаларга ишеним артпай, жоокерлерге психологиялык басым жасоо менен жашыруун сабак өтүп, Акүйдү коргош үчүн алынып келинген ок, газ менен элди… аттыруу үчүн күчөтүлгөн буйрук үстүндө иштеп жатканын жазды.

Ал эми «Апта» гезитинин жаңы санында ички иштер министринин милдетин аткаруучу, полковник Осмонали Гуронов:

- Эгерде башаламандык боло баштаса айла жок, мыйзам чегинде курал колдонууга аргасыз болобуз. Ал деген биз ок атабыз деген сөз эмес. Биз цивилизациялуу өлкөлөрдөгүдөй эле атайын куралдарды колдонобуз,- дейт.

«Алас» гезити Варшавада өткөн ОБСЕнин жыйынына катышып кайткан укук коргоочу Азиза Абдрасуловага кайрылып:

-Митингде бийлик тарап элге каршы резина ок колдонушу мүмкүнбү?-деп сураганда ал:
-Бизде андай ок жетиштүү. Былтыр шайлоо алдында К.Бакиев Россияга барып 8 тонна резина ок алып келген. Ал тууралуу менин кабарым бар. Бирок биз, адам укугун коргоочулар резина октун колдонулушуна каршыбыз,- деп жооп берди.

Ушул эле суроого, «Демократиялык күчтөр союзу» партиясынын мүчөсү Бакыт Бешимов:2-ноябрда ок атыларына ишенбейм. Анткени солдат, милийса ага барбайт. Алар буйрук бергендер сүттөн ак болуп, буйрукту аткаргандар күнөөлүү болорун көрүшпөдүбү,-дейт.

Прокурор айым Галина Пугачева:-Бакиев өз элин атканга барбайт,-деп, экс-министр Кеңешбек Дүйшөбаев:-Резинабы, коргошунбу ок чыгаруу жакшылыкка алып келбейт. Мен милийсаларды кайраттуулукка,сабырдуулукка чакырат элем,- деп, «Жаш саясатчылар» форумунун координатору Адил Турдукулов:- Бизде 73-жылдагы Чили варианты өтпөйт. Бакиев бир жарым жылдан бери өзүн туруксуз, тышкы мамлекеттердин күчүнө таянган, анысы аз келгенсип эмоцияга жеңдирип койгон адам катары көрсөтпөдүбү. Демек «аткыла» деген буйрук берилиши деле мүмкүн,-деп жооп беришкен.

«Жаш саясатчылар форумунун» координациялык кеңешинин дагы бир мүчөсү Жаркынбек Касымбеков: - Мен оппозиция өкүлдөрүнө 100 пайыз ишенем деп айта албайм. Бирок биз жаштар, өлкөдөгү саясый системанын өзгөрүшүн каалайбыз. Биз жаштар HIPCе кирбөөнү… бийликтин бардык бутактарына булганбаган, жалган сүйлөбөгөн саясатчылардын жаңы мууну келишин талап кылабыз,-дейт.

«Лица» гезити өз бетинен «Реформа үчүн» кыймылынын жетекчилеринин бири Алмаз Атамбаевге, «Жарандык коом коррупцияга каршы» бирикмесинин төрайымы Төлөйкан Исмаиловага, «Демократия жана жарандык коом үчүн» коалиция президенти Эдил Байсаловго орун берген.

Маселен, Төлөйкан Исмаилова айым, «бийлик оппозиция менен суйлөшүү үчүн бардык аракеттерди көрүшү керектигин, азыр да кеч эместигин» айтса, Эдил Байсалов: «Биз 24-мартта «А» деген болсок, 2-ноябрда «Б» дейбиз. «Митингке буга дейре айтылгандай 20 миң эмес, 50 миң киши чыгат. Эгер биз Акүйдү алгыбыз келсе 5 эле мүнөттө алып коебуз, бирок биз ага барбайбыз. Бизге өкмөт үйүнүн имараты же бийлик керек эмес. Бизге Бакиевдин элге берген убадаларынын аткарылышы керек,-дейт.
Шайлообек ДҮЙШЕЕВ
XS
SM
MD
LG