Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Март, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 16:00

КАНЫБЕК ИМАНАЛИЕВ : ПРЕЗИДЕНТТИН ДА, ПАРЛАМЕНТТИН ДА ТАГДЫРЫН ЭЛ ЧЕЧЕ ТУРГАН УБАКЫТ КЕЛДИ


Президент Курманбек Бакиев кечээ 25-октябрда Жалалабатта эл менен жолугушуу учурунда бир айдан бери баш мыйзам долбоорлорун карабай конституциялык реформанын созуп жатат деп Жогорку Кеңештин дарегине сын дооматын билдирген. Бул айтылгандар канчалык жүйөлүү, же бул саясий кырдаалдан улам гана жоопкерчиликти экинчи тарапка оодаруу үчүн айтылган сөзбү? Мына ушул суроонун тегерегинде бүгүн Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев “Азаттык” менен ой бөлүштү.

- Президенттин кечээ Жалалабатта эл менен жолугушууда айтылган сөзүнөн үзүндүнү алдыда сиз да уктуңуз. Биз билгенден президент өзү түзгөн жумушчу топ даярдаган долбоор парламенттик угуу үчүн гана мамлекет башчысынын атынан эмес, администрация башчысынын атынан жиберилген. Ошол угуунун алгачкы этабы 1-ноябрга белгиленип жатыптыр. Бирок угуу бул Конституцияны кабыл алуу эмес, узактан бери созулуп жаткан талкуулардын бир формасы. Анын үстүнө президент өзү “Матрешка” операциясына байланыштуу чуудан улам парламентке келгенде сүйлөгөн сөзүндө даярдалган долбоорлордун бирин дагы Жогорку Кеңешке киргизе албайм, кемчилиги көп деген эле. Эми эл алдында жоопкерчиликтин Жогорку Кеңешке жүктөлүшүн кандай баалайсыз?

- Бул жөн эле алаксытуу. Себеби, Конституцияга эки жол менен гана өзгөртүү киргизе алабыз. Бул референдум, экинчиси-президенттин атынан Жогорку Кеңешке киргизип, аны талкуулап, депутаттардын үчтөн экиси кабыл алгандан кийин гана киргизилет. Азыркы айтып жаткан вариант болсо бул президенттик администрациянын жетекчиси Мыктыбек Абдылдаевдин атынан келген угуу гана. Президенттик администрациянын жетекчиси Конституцияга өзгөртүү киргизүү үчүн долбоор сунуш кыла албайт. Бул угуу гана. Ал эми угуу бул алаксытуу. Себеби сиз өзүңүз билесиз, Конституцияны иштеп чыгуу боюнча былтыр Жогорку Кеңештин токтому менен комиссия түзүлгөн, ал үч ай иштеген сентябрга чейин. Андан кийин президент шайланып, 300гө жакын кишиден турган комиссия түзүлгөн. Андан кийин дагы алардын үстүнөн редакциялык комиссия түзүлгөн. Анын баары бүткөндөн кийин, кайра Бекназаров башында турган өзүнчө комиссия түзүлгөн. Бүт аракеттин баары Конституцияны кабыл алуу эмес, жөн эле алаксытуу болуп жатат. Элдин бары билет, парламентке келген вариант бул угуп гана тим болуу. Бирок ал конституциялык процедура эмес, анын негизинде биз Конституцияга өзгөртүү, толуктоо киргизе албайбыз. Эл укуктук жактан катуу сабаттуу, эмне жөнүндө сөз болуп жатканын түшүнүп жатса керек.

- Бирок, эми президенттин дарегине конкреттүү сунуштар да айтылып келет, мисалы, «Реформа үчүн” кыймылы талап, сунуш иретинде алгачкы Конституциялык Кеңешме даярдаган долбоор киргизилсин деп айтып келүүдө. Ал долбоорду Жогорку Кеңеш бир сыйра жактырган да туурабы?

- Ооба. Ал киргизилген жок.

- Эми 30-октябрда президент Жогорку Кеңешке келет экен, кандай сунушу болушу мүмкүн?

- Билбейм. Бирок, парламенттик угуу болгондо президенттин, же президенттик администрациянын жетекчисинин сунушу жок эле, өзүбүз кылганга акыбыз бар. Бирок анда угуп гана тим болобуз да. Ал эч натыйжа бербейт. Аны менен биз Конституцияга эфективдүү таасир көрсөтүп, өзгөртүү киргизе албайбыз. Бул конференция, семинар сыяктуу эле, угуп-угуп, талкуулап кетип калабыз. Конституция тууралуу процедура башталышы керек. Конституциянын ар бир статьясына кандай өзгөртүү киргизүү керек? Ошого добуш берип, бүткөндөн кийин Конституциялык сот өзүнүн колдоосун берет, анан гана президент кол коет. Ал процедура баштала элек.

- Президент элге туура эмес маалымат таратууда деп айрым аты аталбаган саясатчыларды атап кетти. Демек, кечээ Жалалабатта айткан сөзү мамлекет башчы тарабынан туура эмес маалымат берүү болгондук катары баалап койсо болот да кайра?

- Мен Жалалатта болгон жокмун, бирок радиодон сүйлөгөн сөзүнө караганда, элге ачык айтыш керек, бул парламенттик угуу, ал эч натыйжа бербейт, анын негизинде биз Конституцияга өзгөртүү киргизе албайбыз деп. Президенттин колу менен мыйзам долбоорун көргөзүш керек Конституцияга өзгөртүү, же толуктоо киргизүү жөнүндө. Биз аны эртең эле киргизип, эртең эле баштайт элек. Бирок андай келген жок.

- Ошол эле Жалалабатта кайра президент айтты, азыр өкмөттүн отставкасы деген маселенин эч кандай негизи жок, ал эми кокус аткаруу бийлиги менен Жогорку Кеңештин мамилеси нормалдашпаса, конституциялык реформа боюнча да бир мунаса табылбаса, декабрдагы референдумда Жогорку Кеңештин өзүнүн маселеси да коюлушу ыктымал деген. Бул парламентти таратуу дегенди билдиреби?

- Бул парламент шайлангандан биринчи күндөн эле башталган. Ал мыйзам ченемдүү, себеби бийликке кимдер келди, ошол парламенттик шайлоодо жеңилип калгандар келди министр, губернатор, президент болуп. Бийликте азыр жеңилгендердин командасы. Демек, алар азыр Конституциянын негизинде иштиктүү иш алып бара албай атат. Коррупцияны азайды деп айтып атышат. Көчөгө чыксаңыз, МАИ кызматкери мурун 50 сом алса, азыр 100 сом алып атат. Коррупция кайдан азайды. Мунун барынын эч негизи жок. Аны таркатабы, таркатпайбы, азыр парламентти да, президенти да эл чече турган убакыт болуп калды окшойт.

XS
SM
MD
LG