Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Январь, 2022 шаршемби, Бишкек убактысы 05:55

МААЛЫМАТ КАРАЖАТТАРЫНЫН ЫҢКЫЛАПТАН КИЙИНКИ АБАЛЫ КАНДАЙ?


Адистердин баамында март окуясы Кыргызстандагы маалымат каражаттарынын көз карандысыз калыптанышына өзүнүн олуттуу салымын кошо алган жок. Тескерисинче, ыңкылаптын илеби менен маалымат каражаттарын кайра бөлүштүрүү күчөп, бул өз кезегинде тармактын өз алдынча иш алып баруусуна кедергисин тийгизип отурат. Муну мамлекеттик саясаттын маалымат каражаттарынын табиятына төп жүрбөй жатышы менен да түшүндүрүлүүдө. Кыргызстандагы медиа өкүл Шамарал Майчиевдин көз карашында, заман алмашканына карабай, тилектер ишке ашпай, кыял бойдон калды:

- Биз маалымат каражаттарын бат эле мамлекеттен ажыратып, алар өз кезегинде мамлекеттен да, менчик ээлеринен да көз карандысыз, толук кандуу, сапаттуу продукт бере баштайт деп кыялданганбыз. Иш жүзүндө бардыгы, анын ичинде менчиктеги маалымат каражаттары да ээлик кылгандардан көз каранды болуп турат. Бир да маалымат каражаттарында өз кожоюндары менен жамааттык келишим жок, редакциялык саясат катары кагаз жүзүндө даярдалган документ жок. Ошентип, азыр реалдуулук ушундай болуп турат: жаңы бийлик улуттук телеканалдын базасында коомдук телеберүүгө мүнөздүү эл аралык форматка ылайык коомдук телеберүү түзүүгө каршылык көрсөтүүдө. Ошондой эле менчиктештирүү белгилүү мөөнөткө чейин кийинкиге жылдырылып отурат.

Март окуясынан кийин маалымат каражаттарын реформалоо максатында президент Курманбек Бакиевдин чечими менен мамлекеттик комиссия түзүлгөн. Комиссия даярдаган жободо мамлекеттик телеканалды коомдук телеберүүгө айландыруу, өкмөттүн карамагындагы гезиттерди акционерлештирүү белгиленген болчу. Бирок, кийинчерээк бул маселе жарым-жартылай ишке ашкан бойдон токтоп калды.

Президент Курманбек Бакиев «Слово Кыргызстана», «Кыргыз туусу» гезиттерин корпоративдик башкарууга макулдук берүү менен чектелип, КТР каналын мамлекеттен ажыратуунун азыр шарты келе элек деген бүтүмгө келди. КТРди коомдук башкарууга берүүнү кепилдеген Жогорку Кеңештин мыйзамына президент вето койду. Муну оппозициячыл саясатчылар президенттин өз бийлигин бекем кармап туруу максаты менен байланыштырып келишет.

Социологиялык иликтөөлөргө караганда, мамлекеттик каналдын телеберүүлөрү менен радиоуктурууларын Кыргызстан калкынын 90 пайыздан ашыгы көрөт жана уга алат. Ошол эле учурда кыйла менчик маалымат каражаттары телеберүүлөр жана радиоуктуруулар үчүн жыштыктарды ала албай, убара тартып жүргөнүнайтышат.

Теманы кабарчыбыз Кабыл Макеш улантат:

- Дароо эле айта кетейин, расмий бийлик өкүлдөрүнүн билдирүүсүнө караганда телерадиокомпанияларга толкун жыштыктары улуттук комиссиянын чечимине ылайык кезек менен берилип турат. Бул тууралуу 20-октябрда мамлекеттик катчы Адахан Мадумаров журналисттер менен жолугушууда алардын суроолоруна жооп берип жатып билдирген.

Биздин иликтөөлөргө караганда, кыркка жакын телерадио компаниялар, жеке менчик ишканалар, маалымат каражаттары толкун жыштыгын алуу кезегинде айлап жылдап турушат. Алардын айрымдары мурда ээлик кылган толкун жыштыктарынын аймагын кеңейтүүнү көздөгөндөр. Мисалы КООРТ телерадиокомпаниясы өз берүүлөрүн Ош жана Жалалабат обулустарында жайылтуу максатын көздөп турушат. Ал эми “Алмаз” радиосу Чолпоната, Каракол, Жалалабат шаарларынын аймагына радиоберүүлөрүн жеткирүүнү көздөйт.

“Манас жаңырыгы” телерадио компаниясы түштүк жергесинде берүүлөрүн баштаганы менен мындан эки жыл мурда эски бийликтин учурунда толкун жыштыгын алып, эми түндүк аймагында телекөрсөтүүлөрүн жана радио уктурууларын бере баштаганын, Бишкек шаарына берүүлөрүн жеткирүү үчүн толкун жыштыгынын кезегинде бир топ жыл турганын компаниянын жетекчиси Темир Токтогазиев маалымдады.

Авто ышкыбоздоруна арналган “Авто радио” дагы Чүй аймагына уктурууларын жайылта албай, бир топ жылдан бери толкун жыштыгынын кезегинде турат. Ошондой эле “Ретро радиосун” дагы Бишкек менен Чолпоната шаарларынын угармандары көптөн бери күтүп жаткан учуру.

Ошондой эле жергиликтүү бир нече телерадио компаниялар, маалымат каражаттары толкун жыштыгын алуу үчүн Улуттук байланыш агентигиге керектүү документтерин тапшырып коюп, айлап жылдап кезекте турушат. Алардын катарына Кызылкыядан “Найман”, Оштон “Ноокат”, “Майлысуу” , Таластан “Назар”, Нарындан “Кол-кабыш” телерадио компанияларын жана башка студенттик каналдар бар.

Буларга эмне себептен толкун жыштыгы берилбей жатканын иликтөө үчүн өлкөнүн Улуттук байланыш агентигинин жетекчиси Кубат Кыдыралиевден билүүгө болгон аракетибизден майнап чыкпады.

Ыңкылаптан кийин толкун жыштыктары НТС, “Мир” телерадио компанияларына жана парламенттик радиого гана берилген.

“Дельта” атуу жеке менчик телерадио компаниясынын фамилиясын атагысы келбеген Андрей толкун жыштыгын алуу үчүн керектүү документтерин бир жыл мурда тапшырып, белгисиз себептерден улам ала албай зарыгып күтүп жүрүшкөнүн айтты.

Мындан сырткары адилет министрлигинен жаңыдан каттоодон өткөн онго жакын телерадиокомпаниялар да улуттук байланыш агентигине документтерин тапшырып жаңыдан кезекке турушту.

“Алмаз” радиосунун жетекчиси Рустам Кошмуратовдун айтымында телерадио компаниялар оппозиция тарапка өтүп кетүүдөн бийлик чочулап, толкун жыштыгын берүүнү созуп, кечеңдетүүдө. Ошондой эле шылтоо менен бир дагы менчик телерадио компанияларга толкун жыштыгы бериле элек. Улуттук байланыш агентиги “толкун жыштыгын бирде конкурс менен бирде аукцион менен беребиз” дешип, убакытты гана созуп келүүдө.

Телеканалдын мамлекеттин карамагында болушун жактагандардын бири, телерадиокомпаниянын башкы директору Кыяс Молдокасымовдун жүйөөсүн угуу үчүн биз аны кепке тарттык:

- Адистер КТРди мамлекеттен ажыратмайынча, маалымат каражаттарынын эркиндиги жөнүндө Кыргызстанда сөз да болбошу керек деп атышат. Мамлекеттик монополиядан КТР эмне үчүн ажырай албай жатат? Себеби эмнеде?

- КТР бюджеттин эсебинен каржыланып келатат. Башка өлкөлөрдөгүдөй коомдук кылууга, КТРди багып алууга Кыргызстандын экономикалык мүмкүнчүлүгү жок, элдин чөнтөгү калың эмес. Ошондуктан, эгер бүгүнкү күндө мамлекеттен ажыратсак, акчалуу беш-алты адам акциясын сатып алып, мына Березовский сыяктуу Россиядагыдай үлгүнү кийип калабыз. Анан ОРТ сыяктуу кайра мамлекеттин кызыкчылыгына алып келүү өтө оор болот. Ошондуктан, муну акырындык менен мунасага келип, мыйзам жолу менен гана чечиш керек деп ойлойм.

- КТРди чыныгы көз карандысыз ишкер медиа катары калыптанышы үчүн канча убакыт талап кылат деп ойлойсуз?

- Бул жерде Конституциялык реформаны канчалык эрте кылсак, коомдук телеберүүнү биз сунуш кылып жаткандай Түркиянын үлгүсүндө кылсак, буга көп деле убакыт талап кылынбайт. Биз сүйлөшүп атабыз, Түркиянын өзүнө барып иликтеп келүү үчүн жолдорду караштырып атабыз. Депутаттар дагы барсын, бул жактагы башка кызыкдар тараптар да барсын деп атабыз.

Анткен менен адистер маалымат каражаттарынын башкы максаты мамлекетке эмес, элге кызмат кылуу дешет. Ошондуктан, башкы маалымат каражаты саналган КТР көз карандысыздыкка жетишмейинче, Кыргызстанда дегеле маалымат каражаттарынын эркиндиги жөнүндө, сөз болушу мүмкүн эмес деп жатышат. Ушундай пикирин биз менен болгон маегинде Жогорку Кеңештин депутаты Осмонжан Артыкбаев бөлүштү:

- Маалымат каражаттарынын абалы бүгүн өтө эле курч болуп атат деген пикирлер айтылып атат. Сиз кандай ойдосуз?

- Мен ушуга макулмун. Мисалы, бүгүн эл «Азаттык» менен эле «Агымдан» обьективдүү маалымат алып атышат. КТР, башка маалымат каражаттары ушу бир жактуу саясат жүргүзүп, өкмөткө көз каранды болуп калды. Ушу маселе азыр курч турат. КТР коомдук канал болсун деген да ушуга байланыштуу. Жалпы көз карашты элге жеткирип турса, эл туура, так маалымат алганга укугу бар да, ошол укугунан пайданмак.

- Кыргызстандын шартында атаандаштык, атаандаштыкка жөндөмдүү маалымат каражаты кандай болушу керек?

- Менин оюмча, маалымат каражаттарынын оорусу ушул: бири өкмөт, бийлик жагында турат, ушуга көз каранды, экинчиси бир адамдын же бир топтун көз карашын чагылдырат, себеби, ага көз каранды. Менин оюмча бир коомдук медиа түзүшүбүз керек. Бул жалпы коомдун көз карашын чагылдырыш керек. Каражат таап, ошол жерге күчтүү журналисттик жамаатты топтоп, талдоочуларды алып келип, ошол жерди трибуна кылышы керек.

- Жеке кызыкчылыктарга мындайда жол берилбейт дейсизби?

- Муну эл өзү жасашы керек. Мүмкүн жыйырма, элүү, мүмкүн жүз адам, мүмкүн коомдук уюмдар биригип алып жасаар. Алар маалымат каражатына шарт түзүп берип, бирок өз көз карашын, саясатын, эркин таңууулай албайт.

Расмий бийлик болсо маалымат каражаттарын эркин кое берүү мамлекеттик коопсуздугуна доо кетириш ыктымал деген чочулоодо. Мындай пикирин маалымат каражаттарынын абалын талкуулаган конференцияда Тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов да билдиргени бар:

- Айрым күчтөр маалымат каражаттарын тигил же бул жараянды жеке кызыкчылыктарын, идеяларын, концепцияларын жана башкаларды ишке ашыруу үчүн адамдардын аң-сезимин башкаруу каражаты катары пайдаланары сыр деле эмес го.

Расмий бийлик маалымат каражаттарын толугу менен эркин кое берүүгө каршы болуу менен бирге, журналисттердин укуктарын камсыздоо жаатында жаңы мыйзам долбоорун иштеп чыгуу менен алектенип жатат. Бул бийлик органдарынын кысымдарынан маалымат каражаттарын, журналисттерди калкалоо максатын көздөйт. Укук коргоочулар мыйзамды жаңылоо жагдайды начарлатып жиберет деп, мындай тобокелчиликке барууну каалаган жери жок. Коомчулук болсо маалымат каражаттары саясатын ар кыл өңүттө талдап жатышат. Буга кабарчыбыз Элеонора Бейшенбек кызы күбө болду:

- Кыргызстандагы массалык маалымат каражаттары тууралуу пикириңиз кандай?

Жунус:
- Жакшы деп айтса болот. Баардык басма сөздүн түрлөрү бар. Телевидениеде гана сөз эркиндиги кичине азыраак болуп атат. Программаларды көбөйтүп эл көргүдөй кылып өздөштүрүш керек.

- Сөз эркиндиги жаатында революциядан кийинки абал өзгөрдүбү?

- Али аны биле элекмин.

Назира:

- Менимче, өзгөрүү деле болгон жок. Акаевдин тушунда кандай болсо, азыр деле ошондой. Мен эч кандай деле өзгөрүүнү байкаган жокмун.

Сейит:
- Жакшы эле, эркин эле жазып атышат баары. Балким, көшөгө артында куугунтуктоолор болуп жаткандыр, болбосо баары жайында эле.

Залкар:
- Бүгүнкү күндө массалык маалымат каражаттарынын эркиндиги бекем. Негизи коомдук телерадио болушу керек. Мамлекеттик канал эмес, мамлекеттик программалар эле болушу керек.

Кубат:
- Өзгөрүү бар. Мисалы телевидениеден Азаттыктын программаларын берип жатпайбы. Мурда берчү эмес да, азыр кудайга шүгүр. Радиодон да угуп атабыз анча-мынча.

- Азыр Кыргыз телерадиоберүүнү коомдук кылуу жаатында көп сөздөр болуп жатпайбы, анан «Пирамидага» байланыштуу окуялар. Бул тууралуу оюңуз кандай?

-Коомдук кылыш керек, ал эми «Пирамиданы» жаппаш керек болчу.

- Амангелди:
- КТРди коомдук массалык маалымат каражаты кылууга азыр эрте. Анткени ар бир мамлекеттин өзүнүн телевидениеси болушу керек, ошол мамлекетти кармап турган. Анан азыр кээ бир ээн ооздор нукура демократиядан түшкөнсүп эле, бетине ошону кармайт. Биз Европаны карабашыбыз керек. Биз Азиябыз.

- Дегеле азыркы ММКанын эркиндиги тууралуу эмне айта аласыз?

-Эркиндиги эркин эле болуп атат. Эмне деген гезиттер чыгып атат, жүздөн ашып кетти. Эркиндик деген ушу да. Тескерисинче, чек коюш керек. Итбайды деле, Чотбайды деле жаза берсе гезитке деле убал да.

Анара:
-Сөз эркиндиги жок. Мисалы мурун телевизор көрчү элек ,азыр таптакыр көрбөйбүз. Кайсыны көрөбүз? «Пирамида» жок. КООРТ болсо Бакиевдики дешет. КТРди да көрбөйбүз, ал деле сатылган. Мисалы биз бийлик алмашканда үч-төрт күн аябай жакшы көрдүк, мына эми башкача болду телевидение деп сүйүнүп. Анан бир жумадан кийин эле башкача сүйлөй баштады. Анан ким көрөт?

Европа Коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Бишкек кеңсесинин башчысы Маркус Мюллердин көз карашында, маалымат каражаттарын көз карандысыздыгын камсыздоо үчүн журналисттер өздөрү тынымсыз изденип, иштеши керек:

- Кайсы мамлекетте болбосун бийликтер маалымат каражатын көзөмөлдөөгө ык коюп турат. Бирок, менимче, биз көп жол бастык, ушул жол менен илгерилей бериш керек. Кыргызстан Борбор Азиядагы сөз эркиндигинин үлгүсү, эми үлгү бойдон эле калбастан, аны өркүндөтүү керек. Маалымат каражаттарынын эркиндиги өкмөттүн ачык-айкын, демократиялуу өнүгүшүн ыңгайлаштырат, инвестициялардын келишине кошумча кепил болот, жеке инвесторлорду ар кыл тоскоолдуктардан калкалайт.

ЕККУ ушундай маселелерди талкуулап, талдоо максатында семинарларды өткөрүп жатат. Журналисттер өздөрү ишти уюштуруп, так пландарды түзүп, парламент, коомчулук менен иштесе бир тыянакка келип, өсүшкө жетет го деп ойлойм. Биз эл аралык уюм болгондон кийин өкмөт, парламент, эл, журналисттер менен сүйлөшкөнгө кол кабыш кылабыз. Бирок, баары бир башкы милдет силердин колуңарда.

Март ыңкылабында маалымат каражаттары утушка ээ болгон жок, тескерисинче, утулуп калды деп эсептеген россиялык белгилүү журналист укук коргоочу Олег Панфилов маалымат каражаттары кыйынчылыкка кептелип калды дейт:

- Менин айтайын дегеним, мурдагы президенттин учурунда сөз эркиндиги үчүн күрөшүп келген чыгаан журналисттердин кыйласы элчилик кызматты ээлеп. Ишмердүүлүгүн токтотуп салышты. Бул журналисттердин ызасын келтирер жорук болду. Бул кандайдыр бир деңгээлде кесипти сатып кетүү болду. Башынан сөз эркиндиги үчүн күрөшүп келгенден кийин, жаңы шартта ошол сөз эркиндигин түзүш керек болчу. Экинчи жагынан чочулаганым - өкмөт менен парламент зарыл деген нерсе менен пайдалуу деген нерсенин ортосунда такай чайналып атышат.

Сөз соңунда белгилеп койчу жагы, март ыңкылабынан кийин Рина Приживойт, Замира Сыдыкова, Кубан Мамбеталиев өңдүү күрөшчүл журналисттер элчилик кызматтарга кетишти. Жаңы бийликте жаңыча күрөшүүгө ык кое баштагандар болсо маалымат каражаттарын өз алдынча кое берүү зарылдыгын мамлекет өзү түшүнмөйүнчө бул айдыңда чыныгы көз карандысыздык болоруна ишенбей турушат.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.
XS
SM
MD
LG