Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Январь, 2022 бейшемби, Бишкек убактысы 03:09

ПАРЛАМЕНТТИ ТАРКАТУУ ӨЛКӨНҮ КАНДАЙ КҮНГӨ ТУШ КЫЛАТ?


Жалалабатта парламентти таркатуу маселеси кайрадан көтөрүлө баштады. Шейшемби күнү облуста болгон президент К.Бакиев конституциялык реформа жаатында аткаруу бийлиги менен парламент бир пикирге келалбаса, мамлекетти башкаруунун ыкмасы тууралу жыл этегинде референдум болоорун жана бир эле учурда парламентти таркатуу маселеси элдин элегине салынарын жарыя кылган. Парламент эмне үчүн таркоосу керек жана Жогорку Кеңеш таркатылса, өлкөдө кандай кырдаал түзүлүүсү мүмкүн? Оппозициячыл «Ата мекен» партиясынын облустагы өкүлдөрү парламентти таркатууга каршы эместигин, бирок, ал маселе референдумда чечилгенден кийин Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо партиялык тизме менен өтүүсү зарылдыгын айтышты.

Облустагы коомдук-саясий уюмдар парламентти таркатуу маселесин кыйладан бери эле коюп келатат. Атүгүл «Эркиндик» партиясынын өкүлдөрү элдин колун да жыйнашкан. Бирок, ыңкылапты коргоо комитетинин координатору Акрам Сатиевдин билдиришинче мындай иш-чара президент тарабынан токтотулган:

-Биз Бакиевге мурда эле айтканбыз, Жогорку Кеңешти жоелу деп. Элдин чыдамы бүттү. Бизге мындай парлменттин, мындай депутаттардын кереги жок.

Бейшемби күнү бир топ саясий партиялар менен коомдук уюмдар президентке кайрылуу жиберишип, анда парламентти таркатуу жана референдум өткөрүү талабын коюшту. 25-октябрда Жалалабатта болгон президент К.Бакиев 20-ноябрга чейин аткаруу бийлиги менен парламент конституциялык реформа жаатында бир пикирге келалбаса, жыл этегинде референдум өтөөрү мүмкүн экендигин билдирген.

Саясий уюмдардын облустагы штабынын өкүлү Табылды Шайымкуловго парламент саясий маселелерди көтөргөнү үчүн жаккан эмес. Ал Жогорку Kеңеш мыйзам чыгаруу милдетин унутуп, экс-президент А.Акаевдин саясий штабы бойдон калган. Эми алар бийликке жетүү жана мүлк-байлыктарын сактап калуу үчүн өлкөдөгү кырдаалга бүлүк салып, бийликтин иштөөсүнө тоскоол болууда:

- Келечекке койгон максаты бийликке жетүү. Ошону менен бирге өзүнүн мал, мүлкүн, байлыгын сактап калуу. Акырындап реформа ишке кетип атканын көрүп коркуп атышат. Эртең биздин байлыгыбызды мамлекеттин, элдин карамагына алып коюшу мүмкүн, үстүбүздөн иш козгоп биз уят болуп калышыбыз мүмкүн деп иш алып барып атышат. Бул парламент таркаш керек, себеби булар Акаевдин оппозициячыл штабына айланып калган.

Парламент отставкага кетсе, өлкөдөгү бардык маселелер чечилип калбайт. Жалалабат шаарынын тургуну Шухрат Айтиев республиканын тынч өнүгүүсү үчүн бийликтин үч бутагын өз ара ымалага келүүгө чакырды:

- Социалдык, экономикалык проблемаларды бул кадам эч убакта чече албайт. Тескерисинче, азыркы абалды козгошу мүмкүн. Үч бийлик тегерек столго отуруп, ошол жерде консенсус түрүндө бир чечимге келип, биргелешип иштеши керек.

Жыл этегине болжолдонгон референдумга мамлекетти башкаруу ыкмалары, атап айтканда, парламенттик башкарууга өтүү маселеси коюлчу болсо, өлкөдөгүлөрдүн аң-сезими аталган ыкмага даяр эмес. Облустагы жарандык коомду колдоо борборунун төрайымы Элмира Мавлянованын пикири боюнча Жогорку Kеңешти таркатуу маселеси калк арасында толкундоолорду жаратат. Анда өлкөнүн экономикасы чоң залал тартып, турмуш оорлойт.

Облустук бийликтин социалдык саясат бөлүм башчысынын орунбасары Абдулла Камбаровдун ою боюнча мамлекетти бийлөө жаатында президенттик-парламенттик башкаруу бири-биринин кемчилдигин оңдоосу зарыл. Анын жеке баамында оппозициянын талаптарынын 70 пайызы туура. Ал талаптардын колдой турган жана кошулбай турган да жактары бар:

- Мен туура эмес жагдайларды көрсөтүп, фактыларды алып чыгып атканын колдойм. Бирок алар кандай деңгээлде алып чыгып атканы түшүнүксүз. Сессияда сүйлөп атканын колдобойм.

Парламентти таркатуу ой-пикири жалпы элдин мүдөөсү эмес, бийликти жактаган адамдардын көз карашы. ”Ата мекен” партиясы Жогорку Кеңештин жоюлушуна каршы эмес. Андай болсо, парламенттик эмки шайлоо партиялык тизме менен өтүүсү керек. Ушундай оюн ортого салган партиянын мүчөсү Сеит Кадырбековдун оюнда парламентти таркатуу чыр-чатактарга алып келүүсү ыктымал:

- Күчүнө киргизип, партиялык шайлоо болушун мен колдоор элем. Себеби партиялык шайлоодо тизме менен кетип, көп добуш алган партия өзүнүн өкмөтүн шайласын, ал айыл чарбасы менен алектенсин. Ал эми президент саясий гана иштер менен алектенсин. Стабилдүүлүк мындан ары да курчуйт, себеби президентти шайлаган 90 пайыз эл депутаттарды да шайлаган. Президент 6 адам менен чыккан болсо, 75 депутат 750 адамдын талапкери менен чыккан.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG