- Менталитетибизге жараша депутаттарды шайлаганбыз. Депутаттарды күнөөлөгөн туура эмес. Бирок депутаттар дагы азыркы учурда аябай саясатташып, жаңы шайланган президентке жардам бергендин ордуна, кандайдыр бир деңгээлде бийлик талашуунун жолуна өтүп алды. Депутаттардын көпчүлүгү амбицияларында келип-келип эле бийликти талашып жатканы көрүнүп турат. Бирок, алардын айткандарынын кээ бири туура. Мисалы Конституциялык реформаны тез өткөрүү боюнча. Бирок, ошонун ичинде деле негизги максаты келип эле бийлик талашуу болуп атат. Себеби, депутаттардын ичинен президент кимисине бийлик берсе, ал элди ойлобой эле бийликке өтүп кетип атат.
- Ал эми Жогорку Кеңешти таркатуу керек деген демилгелерге көз карашыңыз кандай. Кыргызстан азыркы шартта ошондой иштен утуш ала алабы?
- Жогорку Кеңешти таркатып жиберүү менен депутаттык шайлоого кайра барганда деле көп нерсе өзгөрбөйт. Мурдагы шайлоо менен азыркы убактагы шайлоонун ортосунда элдин көз карашы өзгөрүп кеткен жок деп ойлойм. Кайра эле мурдагыдай шайлоодон тополоңдор чыгат. Шайлоонун таза, жогорку деңгээлде өтүшүнө мен ишене албай турам. Ошондуктан мурдагыдай эле депутаттар келет го деп ойлойм. Таркатуунун учурда кереги жок.
- Сиз жергиликтүү Ош шаардык Кеңештин депутаты экенсиз. Жергиликтүү жерлерде иш кандай. Балким силер чарбалык, экономикалык маселелерге көбүрөк көңүл буруп жаткандырсыздар. Бирок Жогорку Кеңеште саясат басмырдык кылып жатканы чын, бирок ”Матрешка” операциясы сыяктуу иштер да депутаттардын саясат менен көбүрөк алектенишине салым кошуп жиберип атпайбы өздөрү?
- Жогорку Кеңештен айырмаланып бизде өтө саясатташып кеткен нерселер жок. Өзүңүз айткандай, шаардын акыбалы, шаардын чарбалык абалы боюнча көбүрөк маселелер болот. Башка саясий интригилардан алыспыз. Жогорку Кеңештин депутаттары аракет кылып элди өздөрүнө тартып атышат. “Матрешкага” окшогон нерселерди кимиси жасап атканы ушул убакытка чейин белгисиз. Ушуга окшогон иштерге көбүрөк берилип кетип атышат, элди да, президентти да алагды кылып атышат.
- Конституциялык реформа тезирек болсун деген чакырыктарга карата интеллигенция арасында кандай маанай бар. Оштун мисалында эмне айта аласыз?
- Конституциялык реформанын чындыгында создуктуруп атканы билинип атат. Кандайдыр бир комиссиялар түзүлө коюп, алар эч нерсе чечпей эле кайра таркалып атат. Аны кабыл албай аткандары ушул нерсени кечеңдетүүгө болгон аракеттей болуп сезилип атат. Көп жылдарга иштеген жакшы конституцияны кабыл алса экен деген ойдобуз.