Конституциялык реформа маселесине арналган улуттук диалог коомдук ишмерлер Төлөкан Исмаилова, Азиза Абдырасулова, Галина Куликова тарабынан уюштурулган. Бирок, бул жыйынга «Реформа үчүн» кыймылдын лидерлери катышкан жок. Алардын ордуна кыймылды колдогон өкмөттүк эмес уюмдардын лидерлери катышты.
Жыйында сүйлөгөн сөзүндө президент Курманбек Бакиев конституциялык реформа, МТРКны коомдук телеканалга айлантуу боюнча өз пикирин ортого салды.
«Бир катар өкмөттүк эмес уюмдардын, саясий күчтөрдүн сунуштарын эске алып, конституциялык кеңешме иштеп чыгып, 2005-жыл 17-июнда жарыяланган конституциянын долбоорун негиз катары алууга даярмын. Бирок парламенттик угуулардын жыйынтыгын күткөнүбүз да оң болот деген ойдомун»,-деди Курманбек Бакиев.
Мамлекеттик телерадиокомпанияны коомдук телеканалга айлантууга президент каршы эместигин айтты:
«Мен биринчилерден болуп мамлекеттик маалымат каражаттарын эркиндикке коюп жиберүүнү айтып чыкканмын. Муну гезиттерге байланыштуу жасап жатабыз. Ал эми улуттук телеканалга байланыштуу маселе татаалыраак. Бул жалпы улуттук табылга.Кандай кепилдик бар эртең ким көбүрөөк төлөсө, же телеканалдын имаратынын алдында митинг өткөрсө аларга мамлекеттик телеканал көз каранды болуп калбайт деген? Менин мыйзамга каршы чыкканымдын себеби ушул жакта. Ал финансылык жактан бекемеделген эмес. Бул маселе талкууланып, чечилүүгө тийиш».
Президент ошондой эле оппозиция аткарууга мүмкүн болбогон талаптарды атайылап коюп, андан кийин бийликти айыптоону көздөөдө, деп билдирди. Мамлекет башчынын пикиринде, эгерде кээ бир жоопкерчиликсиз саясатчылар ультиматумдук талаптар менен өлкөнү козгой берсе, ал баш аламандыктык жаратышы ыктымал.
«Реформа үчүн» кыймылынын катарына кирген «Демократия жана атуулдук коом үчүн» коалициясынын лидери Эдил Байсалов президентке кайрылып, оппозиция лидерлери менен көзмө-көз, ортомчусуз жолугушууга чакырды:
«Реформа үчүн» кыймыл ушул шарттан пайдаланып, мамлекет башчысы убакыт таап, «Реформа үчүн» кыймылдын лидерлери менен ортомчусуз, көзмө-көз форматта жолугушууну кааларын кабарлайт. Жолугушуу тууралуу кандайдыр макулдашуулар бар. Курманбек Салиевич, кыймыл лидерлери сизге ыңгайлуу убакытта жолугушуу белгилөөнү сурашат".
Байсалов президентке кайрылып, «конституциялык реформа боюнча сиз оюңузду айтыңыз, чечимди сиз кабыл алыңыз, мамлекет башчысы катары» деп сунуштады.
Курманбек Бакиев жарандык уюмдардын лидерлеринин сунушун кабыл алып, 20-ноябрга чейин өзүнүн конституция долбоорун парламентке сунуш кыларын билдирди.
Айданбек Акмат уулу, Бишкек