Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2023-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:47

"ТЕГЕРЕК СТОЛ" АЯКТАДЫ: ОЙ-ПИКИРЛЕР АР КЫЛ


Кыргыз президенти Конституциянын өзү жактырган долбоорун 20-ноябрга чейин сунуштай тургандыгын 27-октябрда Бишкекте өткөн «тегерек үстөлдө» билдирди. Президент ошондой эле өлкөдөгү саясий кырдаал, «Реформа үчүн» кыймыл коюп жаткан талаптар тууралуу да пикирин айтты. Ал эми 2-ноябрда оппозиция күчтөрү баштап жаткан митингдин башкы талаптарынын бири - өлкөдө конституциялык реформа жургүзүү болчу.

Президент мындай кадамга баруу менен конституциялык реформаны жүргүзүү маселелеринде жоопкерчиликти өзүнө ала тургандыгын айтты:

- Парламент жумушчу топ сунуш кылган үч вариантты талкуулап көрөт. Көрөсүңөр ал да жакпайт. Биринчи вариантты да толугу менен кабыл алганга болбойт. Мына бүгүн тегерек столдо мага сунуш кылышты. Курманбек Салиевич, жоопкерчиликти алып, өзүңүздүн көз карашыңыз менен, өзүңүз кандай деп ойлойсуз, бүгүн Кыргызстанга кандай Конституция керек, ошол долбоорду киргизбейсизби, дешти. Мен сунушту кабыл алдым. 20-ноябрга чейин өзүмдүн долбоорумду берем, өзүмдүн бийликтин ар бутагынын ыйгарым укуктары боюнча көз карашымды билдирем. Анан көрөбүз, парламенттин сөзүн угабыз, - деди Курманбек Бакиев

Президентке "башмыйзамды өзгөртүү жоопкерчилигин өзүңүзгө алыңыз" деген сунушту жаш саясатчы Алишер Мамсалиев киргизди. Алишер Мамасалиев президенттин өзүнүн долбоорун сунуштаганы жатканын туура деп эсептейт:

- Жоопкерчиликти өзүнө алышы керек жана эл биз кайда барабыз деп суроонун кажети деле жок. Анткени эл ага 10-июлда эле өлкөнү башкар деген укук берген. Биз анын Конституция долбоорун 20-ноябрга чейин күтөбүз. Мен ойлойм - ал долбоордун негизин биринчи конституциялык кеңешмедеги биринчи долбоор түзөт.

Бул кадамдары жетишерлик чечкиндүү эмес деп баалагандар да бар. “Мүмкүнчүлүгү чектелген жаштар кыймылынын” башчысы Мирбек Асангариев 2-ноябрга чейин президент оппозиция менен сүйлөшүүлөргө барып, конституциялык реформаларды ордунан козгобосо өлкө кыйын кезеңге кабылышы ыктымал деген пикирде:

- Президент көбүрөөк чечкиндүү кадамдарга барат деп ойлодум эле. Бирок саясий акыбал боюнча президенттин ою өзгөрүлбөптүр. Эгер ал 2-ноябрга чейин чындыгында эле конституциялык реформаларга, жана айтылып жаткан талаптар боюнча чечкиндүү кадамдарга барбаса, эгер оппозиция менен жолугуп, талкуулап бир чечимге келбесе 2-ноябрда мөөнөтсүз акция болгон үчүн Кыргызстан оор кырдаалга кептелип калышы мүмкүн.

“Демократия жана атуулдук коом үчүн” коалициянын башчысы Эдил Байсаловдун билдиришинче президенттин өзүнүн Конституция долбоору бар экени белгилүү эле болчу:

-Бир жарым жылдан бери Констициянын долбоорун элге сунуштабагандыгын мойнуна алып, мына 20-ноябрга чейин бир долбоор даярдап койдум, ошону сунуштайм деп айтты. Эми бул баарыбызга эле белгилүү болчу. Бирок бир жагынан, тилекке каршы, кайра бир калпы чыгып атат. Көлгө, түштүккө барганда, үч долбоор жөнөттүм эле, ошолорду талкуулабай жатат, андай болуп жатат, мындай болуп жатат деп айтты эле. Мурдатан эле бизге Курманбек Бакиевдин өзүнүн долбоору бар экени белгилүү болчу.

“Келкел” жарандык жаштар кыймылынын координатору Гүлшайыр Абдирасулова бул өткөн улуттук жыйын максатына жарым жартылай жеткендигин белгилейт. Президенттин өзүнүн башмыйзам долбоорун сунуш калаары жана оппозиция өкүлдөрү менен сүйлөшүүгө бара турганы белгилүү болду:

- Биринчиден, мындай кылууга президенттин укугу бар. Президент Конституциянын долбоорун бергенден кийин, анан өзүбүз кандайдыр бир чечимге келеттирбиз. Экинчиден, 2-ноябрга чейин оппозиция менен жолугушканга аракет кылам деди. Эми президент өз сөзүнөн кайтат деп ойлобойбуз.

Бул ирет “Реформа үчүн” кыймылдын өкүлдөрү укук коргоочулар жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү уюштурган бул жыйынга катышкан жок.

Элеонора Бейшенбек кызы, Бишкек

XS
SM
MD
LG