Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Март, 2021 жума, Бишкек убактысы 10:43

УЛУТТУК ДИАЛОГ ПРЕЗИДЕНТ БАКИЕВДИН УБАДАСЫН АЛДЫ


Президент 20-ноябрга чейин Баш мыйзамдын долбоорун өзү даярдап, коомчулукка сунуш кылмай болду. Мындай оюн Курманбек Бакиев кечээки тегерек үстөлдө билдирди. Президенттин бул демилгеси тегерек үстөлдүн ийгилиги катары бааланды. «Конституциялык реформаны ишке ашыруунун баскычтары» деп аталган улуттук диалогду жарандык коом лидерлеринин тобу уюштурду.

Талкууга негизинен жарандык коомдун өкүлдөрү, айрым саясий партиялардын лидерлери жана эксперттер катышты. Мамлекеттик бийлик кызматтагылардан президент Курманбек Бакиев менен Конституциялык соттун төрайымы Чолпон Баекова келишти. Жолугушууда негизги көңүл бийлик менен оппозициянын мамилесине, Конституциялык реформанын абалына бурулду.

Саясат таануучу Зайнидин Курмановдун көз карашында азыркы системаны түп тамырынан бери өзгөртмөйүнчө, өлкөдө кырдал оңолбойт, жаатташуулар тыйылбайт. Азыр элге ачыкталган он бештен ашык долбоордун бири да бул вазийпаны аткарган эмес. Долбоорлордун бардыгында тең мурдагыдай эле президентке да, парламентке да чексиз укуктар берилип калган.Зайнидин Курманов мындай тыянакка долбоорлордун бардыгын эксперт катары карап чыккандан кийин келген.

- Жаңы Конституцияда президенттин жыйырма тогузга жакын укугу бар экен. Демократиялык жаңы система менен, башка мамлекеттер менен салыштырып көрсөм, эң көп президенттик укукка ээ саналган Франциянын президентинде сегиз эле укук бар экен. Отуз менен сегизди салыштырууга болобу? Азыркы Конституция мурдагыны эле кайталап атат, укуктарды тең бөлгөндүн ордуна кайра президентке кошуп атат. Менин оюмча, өз кесибин сыйлаган, өзүнүн абийирин сыйлаган адистерди алып келсе. Анан ар ким эле каалаганын жаза берсе биз максатыбызга жетпейбиз,-дейт Зайнидин Курманов.

Зайнидин Курманов азыркы калыбында тигил же бул мыйзам долбоору парламенттин колуна барса, талкуу дагы созулуп кетиши ыктымал, ошондуктан, Конституция долбоорунун тагдырын эксперттик топтун колуна тапшыруу керек дейт.

Президент Курманбек Бакиев да долбоорлорго канагаттанбаганын билдирди:

- Бардык долбоорлордо ички карама-каршылыктар менен катачылыктар бар. Мен кынтыксыз, бардык талаптарга жооп берет деп бир да долбоорду айта албайм. Ушуну жана жарандык коомдун сунуш-пикирлерин эске алып, парламенттик угууда Конституциянын акыркы долбоорун иштеп чыккыдай макулдашуу комиссиясын же топту түзүүгө болор эле. Эгер негизги законго өзгөртүүлөр, толуктоолордун макулдашылган варианты иштелип чыкса, аны Жогорку Кеңешке сунуштаса болот. Макулдашуу комиссиясынын форматын келгиле, талкуулайлы. Комиссиянын форматы чак, ишкер болуп, оппозициядан да, бийликтен да өкүлдөр кириши керек,- деди К.Бакиев.

Бирок, талкуунун соңунда президент Бакиев бул оюнан кайтып, Конституциянын долбоорун өзү даярдамай болду. Президенттин билдирүү жасашына Эдил Байсалов, Чолпон Жакупова, Алишер Мамасалиев өңдүү «Реформа үчүн» кыймылын колдогон жарандык коомдун өкүлдөрүнүн сунуш-талаптары түрткү болду. Аны президент талкуунун соңунда журналисттерге төмөнкүдөй чечмеледи:

- Канча убакыттан бери ушул маселе талкууланып келатат, бир чечимге келиш кыйын болуп атат, Конституциялык реформа боюнча. Эми мына жумушчу топтун үч вариантын азыр талкуулап көрөт, көрөсүңөр, бу дагы жакпайт. Жанагы биринчи вариантты (17-июлда ЖК жактырган вариант –авт.) да толугу менен кабыл алса болбойт. Анан мага бүгүн тегерек үстөлдө сунуш кылышты: Курманбек Салиевич, жоопкерчиликти өзүңүз алып, кандай деп ойлойсуз, Кыргызстанга бүгүн кандай Конституция керек, ошонун долбоорун киргизбейсизби деди. Мен кабыл алдым. 20-ноябрга чейин өзүмдүн долбоорумду беремин. Өзүмдүн көз карашым боюнча ар бир бийлик бутактарынын полномочилери боюнча берем. Анан кийин көрөлүк, парламенттин сөзүн угабыз.

Президент курчуп турган саясий кырдаалды басаңдатууга жөндөмдүү, кынтыксыз долбоор иштеп чыгарына ишенбегендердин бири Конституциялык кеңешменин төрага орун басары Асия Сасыкбаева болду:

- Мен ишенбейм. Себеби, президенттин аппараты бир жарым жылдан бери өз долбоорун киргизебиз деп келатышат. Бул тууралуу биринчи конституциялык отурумуда Нарынбаев (президенттин парламенттеги ошол кездеги өкүлү) айткан. Ар бир жолу биз сураганда ал даярдалып жатат деп жооп берчү. Бир жарым жыл өттү, биз долбоорду да, сунушту да, идеяны да көргөн жокпуз. Керек болсо бүгүн процедуралык маселелерде президент кырдаалды билбестиги, кантип аны кабыл алуу керектиги тууралуу билбей тургандыгы көрүндү.

Президент Бакиев өзү сунуштай турган долбоор Конституциялык кеңешменин долбоорунан эмнеси менен айырмаланарын ачыктаган жок. Жолугушуудагы сөзүнө караганда, президент өз долбоорун бир жарым жыл аралыгында сунушталган он бештен ашык долбоорго жана миңден ашык сунуш-пикирлерге таянышы ыктымал.

«Демократия жана жарандык коом үчүн» коалициясынын президенти Эдил Байсалов президент милдетти мойнуна алгандан кийин эми өз долбооруна Конституциялык реформа иштеп чыгып, парламент жактырган долбоорду негиз кылып алганы жөн дейт. Анын оюнда бул оппозиция менен бийликтин конструктивдүү кызматташуусун шарттамак.

- Тегерек үстөлдүн негизги жыйынтыгы Курманбек Бакиев бир жарым жылдан бери Конституциянын долбоорун элге сунуштабаганын мойнуна алып, 20-ноябрга чейин долбоор сунуштайм дегени болду. Бирок, бир жагынан дагы бир калпы чыгып атат, түштүккө барганда, көлгө барганда үч долбоор жөнөттүм эле, талкуулабай атышат деди эле. Биз болсо Бакиевдин өзүнүн долбоору бар экендигин мурда эле билчүбүз. Эң негизгиси эми президенттин долбоору былтыркы Конституциялык кеңешме иштеп чыккан долбоордун негизинде түзүлүшү керек дагы, оппозиция менен компромисске жетишүүсү керек,-дейт Эдил Байсалов.

Бирок, оппозиция менен мамилени түздөөгө кадам жасала элек. Талкууну уюштуруучулардын бири Азиза Абдырасулова бул жолугушуу тирешүүнү басайтканга кадам жасай алды дейт. Президент жолугушууда оппозиция менен сүйлөшүүгө даяр экенин билдирди. Бул 21-октябрдагы жолугушуу үзгүлтүккө учурагандан кийинки президенттин жолугушууга байланышкан алгачкы билдирүүсү болду.

Анткен менен президент Ысыккөл, Жалалабад облустарында болгон учурунда оппозициянын аракеттерин бир нече курдай сынга алган. Ага үндөш пикирлерин жарандык коомдун талкуусунда да айта кетти. Муну Коммерциялык эмес бейөкмөт уюмунун башчысы Токтайым Үмөталиева Кыргызстан үчүн жакшы эмес жосун катары белгиледи:

- Мен сиздин сөзүнүздү санааркап уктум. Менин өлкөмдүн эки президентинин сөзү тең мага оор тийди. Мурдагы президент Аскар Акаевдин 20-марттагы сөзү менен сиздин сөзүңүз куюп койгондой окшош болуп атат. Ал да бир нече киши өлкө тагдырына тоскоол болуп атат, келгиле сүйлөшөлү, мен даярмын деген. Сиз бүгүн анын сөзүн кайталап атасыз. Тилекке каршы, жосун уланып кетсе жаман. Бизде Конституциялык эмес, төңкөрүш жолу менен бийлик алмаштырган жаман жосун болду. Сиздин милдетиңиз ошол Конституциялык эмес жолду болтурбоо, кайталанышына жол бербөө.

Маселенин ушул эле өңүтүнө кайрылган «Толеранттуулук үчүн» жарандык коомдун башчысы Рая Кадырова элдин милдетин алган жетекчи, ириде президент кылдат болбосо ишенимден ажырап каларын белгиледи:

- Сүйлөшүүгө (оппозиция менен – авт.) бир күн калганда, ысыккөлдүктөргө кайрылып, төрт-беш адам жөнүндө, алар өздөрү парламентке берген варианттарды карабай жатканы жөнүндө айтпаш керек эле. Бул өңдүү жагдайлар сиздин чын эле компромисс көздөп сүйлөшүүгө барарыңыздан шек туудуруп коет. Сиз, сиздин айланаңыздагылардан, оппозициядан биз, кыргызстандыктар, силдердин конкреттүү сүйлөшүүлөргө барарыңар жөнүндө билишибиз керек. Тилекке каршы бул байкалган жери жок.

Ушундай көз караштагы жарандык коомдун өкүлдөрү Конституциялык реформа канчалык тез болсо, саясий кырдаал ошончолук ыкчам турукташат деген ишенимдерин билдиришти. Бул өңүттөн алганда президенттин Конституциялык реформанын милдетин өзүнө алганын саясат таануучу Зайнидин Курманов жактырды. Бирок, ал долбоор кынтыксыз чыгаарына күмөнү бар:

- Ал өзүнүн Конституциялык укугун пайдаланып атпайбы. Оппозиция деле жоопкерчиликти өзүңүз алыңыз деп атпады беле. Мындай болбойт да, бирөөнө, экинчиге үчүнчүгө тапшырып. Болуптур эми, талкууладык. Эми президент болуп элден мандат алгандан кийин, эл берген мүмкүнчүлүктү, укукту пайдаланышы керек. Бирок, бүткүл элдик талкуу болобу, кандай болот, чыгарыш керек, талкуулайлы, көрөлү. Анткени, президенттик вариантта бардыгы балансталып, койгон максатына жетерине менин көзүм жетпей жатат,-дейт профессор З. Курманов.

Бурул Сарыгулова, Бишкек

XS
SM
MD
LG