Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:11

МЫРЗАКЕ ШАЙЛОО ОКРУГУНДА ДЕПУТАТТЫК ОРУН ҮЧҮН 7 ТАЛАПКЕР АТ САЛЫШУУДА


Ушул жылдын 29-октябрь күнү Ош облусундагы Мырзаке шайлоо округунда бошоп калган депутаттык орун үчүн 7 талапкер атсалышмакчы. Шайлоого даярдыктын жүрүшү, шайлоочулардын тизмелеринин тактыгы жана саясий маданияттын калыптанышындагы өзгөрүүлөр боюнча байкоо жүргүзүп жаткан Оштогу адам укугу жана демократия борборунун өкүлдөрү журналисттер үчүн маалымат жыйынын өткөрүштү.

Борбордук шайлоо комиссиясынын чечими менен 29-октябрга белгиленген №37-Мырзаке шайлоо округунда депутаттыкка талапкерлер катталып бүтүп, үгүт өнөктүгүнүн мөөнөтү аяктап калды. Аталган округда атайын долбоордун негизинде иштеп жаткан Адам укугу жана демократия борбору шайлоо жараянынын жалпы мүнөзүндөгү өзгөчөлктөрдү талдоо, чыр-чатактуу кырдаалдын алдын алуу жана үгүт иштерин жүргүзүүдөгү мыйзамдуулуктун сакталышын көзөмөлгө алуу боюнча байкоо жүргүзүүдө. Аталган бей өкмөт жетекчиси Идирисбек Кубатбеков шайлоочулардын саясий маданиятынын өсүшүндө жана талапкерлерди тандай билүү жөндөмдүүлүгүндө эч кандай деле өзгөрүүлөр болбогондугун белгилеп өттү:

- Депутат кандай болуш керек жана элдин атынан элдин өкүлү болуп чыгып аткан талапкер кандай талаптарга жооп бериш керек деген критерийлер азырынча жок. Бизде негизги критерийлер катары кызмат кылып аткан өзүбүздүн кулун, биздин жерге, же биздин айылга жакшы жардам берип атат, андан тышкары тууган-уруктардын колдоосу. Кыскасы ушундай гана критерийлер болуп атат.

Аталган борбордун байкоочулары шайлоого аз гана убакыт калгандыгына карабастан, шайлоочулардын тизмелери али такталып шайлоо участокторуна бериле электигин айтышып, мындай абал шайлоо күнү ири деңгээлдеги талаш-тартыштарды пайда кылып, анын чоң чыр-чатартарга өсүп кетишине шарт түзүшү мүмкүн деген тынчсызданууларын билдиришти:

- Шайлоого 25 күн калганда жети гана участканын шайлоо комиссиясына тизмелер берилген, калган участкалык шайлоо комиссиясына тизмелер кодексте жазылган мөөнөттөн кечигип алышкан, - дейт Адам укугу жана демократия борборунун байкоочусу Азиза Маматкулова.

Ал эми экиничи бир байкоочу Самара Папыева болсо, саясий маданияттын өсүшүндө өзгөрүүлөр анча байкалбаганы менен 2005-жылкы парламенттик шайлоонун чыр-чатактары сабак болуп, шайлоочулар тарабынан добуштарды ачык түрдө сатуу, кайсы бир талапкердин пайдасы үчүн мыйзамсыз иштерге баруу аракеттери азырынча катталбагандыгына токтолду:

- Кийинки учурларда шайлоолор тез-тез болуп, анда бир катар чырдуу маселелер болгондугунанбы шайлоочулардын аң-сезиминде добушту сатпаш керек дегендей пикирлер калыптанып жаткандыгы байкалат жана албетте мындай көрүнүш кубандырбай койбойт, - деди байкоочу Самара Папыева.

Буга чейин Мырзаке шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерликке 9 адам катталып, алардын экөө белгисиз себептерден улам, өз талапкерликтерин алып коюшкан. Бул округда үгүт иштери мыйзамга ылайык шайлоого бир күн калганда 28-октябрь күнү токтотулат.


Кубанычбек Жолдошев, Ош

XS
SM
MD
LG