Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:21

ҮCӨН СЫДЫКОВ - ӨЛБӨС ӨМҮР, ӨЧПӨС ОБОНДОР


“Дарактын көркү - жалбырак, адамдын көркү – чүпөрөк” дегендей ырдын көркү – обон, обондун көркүн ачкан өлбөс, өчпөс өмүр жараткан ырчы-аткаруучу. Бүгүнкү сөзүбүз таанымал обончу, белгилүү комузчу-аткаруучу, республиканын эмгек сиңирген артисти, маркум Үсөн Сыдыковдун обончулук чыгармачылыгынын жөнүндө болмокчу.

Маркум Үсөн Сыдыковдун да ырларын кыска элдин кыйырына, узун элдин учуна жеткирген ырчылар Зейнеп Шакеева, Гүлмайрам Момушева, Гүлсүн Мамашева, Сабира Суранчиева баштаган жоон топ ырчылар болушту.

Автордун обондору алардын үндөрүнө куюп койгондой куп жарашып, алардын аткаруусунда угуучулардын жан шеригине айланат. Алсак, Үсөндүн бозой менен селкинин акактай мөлтүр махабатын, кусасын баяндаган “Өзүңдү эстеп” аттуу ырын белгилүү ырчы Зейнеп Шакеева шаңкылдаган тунук үнү менен мындайча жар салган эле:

Өкүнүчкө, кубанычка жуурулуп,
Көңүл чиркин турган кезде буулугуп,
Өзүңдү аяп, соороткону келгендей,
Көрүнөсүң сүрөтүңдөн суурулуп,

Алдын тосуп баруу менде бул адат,
Дагы ошентип, элесиңди кубалап,
Көздөрүңдүн жоодурашып турганын
Көңүл көксөйт, көңүл самайт кусалап

Жылыткансып жүрөгүмдүн чекесин,
Жылдыз сымал жымың-жымың этесиң,
Сүйөр кезде бек кучактап өзүңдү,
Сүрөтүңө кайра батып кетесиң.

Кенжегазы Асанбаев мырза Үсөндүн адамкерчилиги, алгачкы чыгармачылыгы обончулугу жөнүндө мындай деди:

- Үсөндүн ырларын К.Орозов атындагы эл аспаптар оркестринин ырчылары С.Суранчиева, Г.Момушева, З.Шакеевалар аткарышчу. Ошол кездеги 60-жылдардын башында чыгарган “Күн чыгышым” аттуу ырын кыргыздардын улуу, кичүүсүнө карабай ырдашкан эле. Ошондой эле “Кыргыз күүсү” аттуу ыры да оригиналдуулугу менен эл оозунда ырдалып келүүдө. Чынын айтсам Үсөн Сыдыковдун өзүнчө жүзү бар обончy эле. Ошондуктан бүгүнкү күнгө чейин жаштар тарабынан ырдалып келүүдө - дейт композитор Кенжегазы Асанбаев.

Ал эми акын Калыйпа Эсенаманова:

- Улам карап туш тарапты элеңдеп,
Айтaр сөздү миң кайталап белеңдеп,
Күн чыгышым! Сени күтөм зарылып
Анык беле айткан сөзүң келем деп.
Бул Үсөн Сыдыковдун “Күн чыгышым” аттуу ыры студенттердин арасында элдик ыр шекилдүү ырдалуучу. Автордун бул ыры оюнун тереңдиги менен жаккан эле. Үсөн Сыдыков башкалардан өзгөчөлөнүп күүнү күүдөй, обонду обондой тааныган касиеттери бар таланттуу инсан эле.


Азыркы жаштар обончу Үсөн Сыдыковду жана анын ырларын билишеби деген собол менен өздөрүн Үмүт, Баян деп тааныштырган бийкечтерге микрофон сундум:

- Менин атым Үмүт. Мен Үсөн Сыдыковду жаштардын махабатын жар салган көрүнүктүү обончу катары билем. Мен өңдүү жаштар Үсөн агайдын “Күн чыгышым”, “Сүйүүлөр жазда башталат”, “Жыргалым”, “Айнурун төккөн ал тарап”, “Сени ойлосом”, “Сагындым жазды” аттуу ырларын ырдап чоңойдук. Мен ойлойм биз өңдүү жаштар турганда Үсөн агай өлбөйт, өчпөйт.

- Менин атым Баян. Үмүт айткандай мен да обончy Үсөн агайдын ырларын жакшы көрөм. Эмне үчүн жакшы көрөм. Агайдын обондору жугумдуу, мукамдуу. Ар бир жашка сөздөрү да, обондору да жетимдүү, түшүнүктүү. Айрыкча Үсөн агайдын “Махабатым”, “Өзүңдү эстеп”, “Жыргалым” аттуу ырлары мага өтө жагат.

Маркум Үсөндүн жарык дүйнө менен коштошконунан бир жыл өтсө да күнү бүгүнкүдөй жаш эстрада ырчыларынын өздүк репертуарларынан түшпөй ырдалып, жаңы өмүргө ээ болуп келүүдө.


Балбай Алагушов, Бишкек
XS
SM
MD
LG