Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:13

АГА ХАН ФОНДУ КЫРГЫЗСТАН МЕНЕН КЫЗМАТТАШТЫГЫН КЕҢЕЙТЕТ


Мусулман –исмаилиттердин лидери, принц Керим Ага Хан төртүнчү бүгүн Бишкекте Жогорку Кеңештин төрагасы Марат Султанов менен жолугушуп, фонддун Кыргызстан менен кызматташтыгынын келечегин талкуулашты. Бул өңүттө принц Ага Хан кечээ президент Курманбек Бакиев жана премьер министр Феликс Кулов менен да сүйлөшкөн.

Март окуясынан кийин тыныга түшкөн Ага Хан фондунун ишмердүүлүгү мындан ары Кыргызстанда кеңейтилет жана тереңдетилет. Эки күндөн бери Кыргызстанда жүргөн Ага Хан менен кыргыз тараптын жолугушууларынын бардыгында ушул өңүттө сөз жүрдү.

1990-жылы Кыргызстанда ишмердүүлүгүн баштаган фонд тармагы кредит банкын, Ош шаарында Ага Хан мектебин ачып, эс алуу жана байланыш тармагын өнүктүрүү программаларын ишке ашырып келатат. 2003-жылы Борбор Азия Университетин куруу долбооруна киришкен.

Ага Хан фонду Кыргызстандын туризмин өнүктүрүүнү Ысыккөлдөн баштоону эп көрөт. Бул максатта былтыр жазга белгиленген Эл аралык Конференция март окуясына байланыштуу ишке ашпай калган. Ошондуктан, бул жолку сапарында Ага Хан Конференцияны 2007-жылдын жазында өткөрүүнү, ага чейин каралчу маселелердин бардыгын тактап-даярдап чыгууну кыргыз тарапка сунуш кылды:

- Алар - укуктук базаларга, пландоого, ошондой эле каржылык же кредиттик институттардын колдоосуна байланышкан маселелер. Менин билишимче, Кыргызстанда өңчөй туризм тармагынын ишин алып барган каржы мекемеси жок. Бул биздин идеялардын ишке ашышына жакшы жардам берет эле,-дейт Ага хан.

Принц Ага Хан Жогорку Кеңештин төрагасы Марат Султанов баштаган депутаттык топ менен жолугушууда фонд өзүнүн өкүлчүлүгүн ачуу, кредиттик жардамдарды көбөйтүү, ирригация, энергетика, аэропорт жаатына кол кабыш кылуу камын көрүп жатканын айтты. Анткен менен депутаттардын баамында Ага Хан фонду тоолуу аймактардын калкына бөлүп жаткан чакан кредиттерден алынуучу үстөк пайыз башка жергиликтүү атаандаштардан жогору болуп жатат. Буга байланыштуу депутат Карганбек Самаков жолугушууда үстөк пайызды азайтууну сунуштады:

- Ага Хан фондунун өнүктүрүү тармагынын чакан кредиттери бюрократиялык тоскоолдуктарсыз таралууда. Ошондуктан, кардарлар да жакшы тартылууда. Бирок, бир гана кедерги үстөк пайыздарда. Салыштыруу үчүн айтайын: айрым каржы структураларында жылына 16 пайыз болсо, фонддун чакан кредиттери, айына эки пайыздан эсептегенде, жылына 24 пайыз болуп кетет экен,-деди депутат Самаков.

Марат Султановдун эсебинде, чакан кредиттөөнүн үстөк пайызы чын-чынына келгенде 50 пайызга чыгып кетти. Фонддун экономикалык багыттагы кызматташтыктыгын мындан ары тереңдетүү кредиттин үстөк пайызын иретке келтирүүгө таасир берет, дейт принц.

Жолугушууда принц Борбор Азия университетин курууга камылгалар кызуу жүрүп жатканын да маалымдады:

- Студенттер үчүн үч окуу имараты Кыргызстанда, Казакстанда жана Тажикстанда келерки жылы курулат деп болжоп жатам,-дейт Ага хан.

Мындан тышкары фонд жалпы билим берүү жаатында кызматташтыкты кеңейтүү максаты бар. Тагыраак айтканда, Бишкекте Кыргызстандагы билимге ынтызар балдарды окутуп-тарбиялап чыгуу милдетин алган жалпы билим берүүчү мектепти жатаканасы менен ачууну, Оштогу мектептин мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүнү максат кылууда.

Ага Хан фонду Кыргызстанга өткөн жылдары 7 миллион доллар инвестиция бергени айтылып жүрөт. Фонддун башчысы Принц Керим Ага Хан исмаилит мусулмандарынын кырк тогузунчу имамы. Анын негизги долбоорлору Борбор Азия өлкөлөрүнүн аймагында ишке ашып келатат.

Бурулкан Сарыгулова, Бишкек

XS
SM
MD
LG