Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2022 жекшемби, Бишкек убактысы 19:12

КЫРГЫЗСТАНДА ТАРЫХЫЙ-АРХЕОЛОГИЯЛЫК ЭСТЕЛИКТЕР КОРГООГО МУКТАЖ


Кыргызстандын аймагында тарыхый мааниге ээ жүздөгөн археологиялык жана архитектуралык эстеликтер жайгашкан. Адистердин айтымында, алардын бир тобу бүгүнкү күндө өкүнүчтүү абалда турат. Окумуштуулар эстеликтерди сактап калуу үчүн мамлекеттик деңгээлде ыкчам аракеттер жасалышын белгилешет.

Тарыхый эстеликтерди сактап калуу кайсы мамлекет болбосун маданият тармагындагы башкы милдеттеринин бири катары өзгөчө көңүл бурулат. Бирок, айрым өлкөлөрдө аларга карата кайдыгер мамиле жасалган көрүнүштөр да кездешет.

Кыргызстанда тарыхый эстеликтерди сактоо боюнча иш-аракеттер мамлекеттик деңгээлде маданият, билим берүү жана илим министрликтери жана башка тиешелүү мамлекеттик органдар тарабынан жүргүзүлөт.

Археолог-окумуштуулардын бир бөлүгү Советтер Союзу ыдырагандай кийин Кыргызстандын аймагындагы тарыхый археологиялык жана архитектуралык маданий эстеликтерди сактоого тиешелүү деңгээлде көңүл бурулбай калгандыгын белгилешет. Озгөчө 1990-жылдардын башынан тарта эстеликтер бузула баштагандыгы, бүгүнкү күндо да өлкө аймагындагы көптөгөн археологиялык эстеликтер бузулуп, алар жайгашкан жерлер айдоо аянттарына айлангандыгы, же болбосо, ал жерлерде курулуш объектилери салынып жаткандыгы тууралуу жергиликтүү адистер айтышууда. Бул маселени көтөргөн археологдордун бири, жакында эле бир катар тарыхый эстеликтердин абалы менен жакындан таанышып келген Кубат Табалдиев төмөңкүлөргө токтолду:

- Профессионал-археолог катары Кыргызстандын аймагында көптөгөн тарыхый эстеликтер бузулуп жаткандыгын билем. Жакында эле өз көзүм менен көрүп келдим. Мына жакында Атбашы районуна бардым. Атбашы айылынын кире беришинде абдан чоң хун мезгилине таандык эстелик бар эле. Ошол эстеликтин бардыгы топурагы түздөлүп, топурагы чапчылып, үйлөрдү курганга кетип атат. Нарында байыркы мезгилге таандык Текесекирик деген белгилүү үнкүр болгон. Ал жардырылып, жол курууга жумшала баштаган эле, азыр да бул иштер улантылууда. Талас жергесинде мисалы, Акдөбө-2 деген аталыштагы эстелик – маданияты абдан жогору байыркы шаардын орду азыр айдоого айлантылып, анын бир бөлүгү азыр мүрзө талаасына айланган. Ар бир мурзөнү казган учурда маданий катмардан чопо идиштин жана башка археологиялык эстеликтердин сыныктары чыгып турат. Мына ошонун арасына адам сөөгү көмүлөт. Мына Махмуд Кашгаринин картасына түшкөн Кочкор Башы шаарынын орду азыр жок. Анын акыркы дубалдары ошол айылда үй куруу үчүн пайдаланууда. Алай жергесин алалы, андагы байыркы чептин дубалын чаап, жонуп, ошондон кыш куюп жатышат. Ушундай мисалдарды көп айтсак болот. Канчалаган тарыхый эстеликтер азыр дайыны жок жоголду. Бул маселе эмдигиче колго алынбай келе жатат ,-дейт археолог К. Табалдиев.


Окумуштуулар Кыргызстандын аймагындагы тарыхый археолоиялык жайлардан казылып алынган көптөгөн антиквардык, тарыхый баалуугу жогору болгон буюмдарды сыртка ташып, сатуу менен алектенген адамдарга карата учурда кандайдыр бир чаралар көрулбөй жактандыгын да кейишет.

Алардын пикиринде мамлекеттеги тарыхый эстеликтерди сактоо жана коргоо иштерин жакшыртууга багытталган саясатты өзгөртүү абзел. Эгерде ушундай мамиле жасоо улантылса көптөгөн эстеликтер дайынсыз жоголот.

Маданият министри Султан Раев учурда өкмөт тарабынан эстеликтерди сактоо жана коргоо боюнча жүргүзүлгөн иштерде кемчиликтер бар экендигин белгиледи:

- Тилекке каршы, азыр Кыргызстанда айрым адамдар тарыхый объектилерди казып, алардан баалуу буюмдарды издеп, бажы кызматтары менен сүйлөшуп алышып, чет өлкөлөргө ташыган учурлар да болуп жатат. Биз албетте, мындай көрүнүштөргө каршы, тарыхый эстеликтерди коргоо багытында катуу иш-чараларды көрүп жатабыз. Бирок, ошолордун баарын көзөмөлгө алууга бизде мүмкүнчүлүк болбой жатат -дейт министр.

Министр Султан Раев билдиргендей, учурда министрлик тарабынан Археологдун иштөө Кодекси даярдалууда. Анда тарыхый археологиялык жайларды казуу эрежелери, эстеликтерди бузуу аракеттерине каршы бөгөттөр, археологиялык эстеликтерди өз кызыкчылыгында казуу, тарыхый баалуугу бар буюмдарды сыртка алып чыгуу үчүн кылмыш жообуна тартуу сыяктуу жоболор каралган.

Адистердин пикиринде, Кыргызстандын аймагындагы тарыхый археологиялык эстеликтерди сактап калуу үчүн ыкчам аракеттер жасалып, архелогдор тарабынан өлкө аймагындагы бардык тарыхый археологиялык эстелдиктер текшерилип, алардын абалы боюнча мониторинг жүргүзүлүшү зарыл.
Жергиликтүү мамлекеттик администрацияларынын жетекчилеринин, айыл өкмөт башчыларынын да ошол аймакта жайгашкан тарыхый маданий эстеликтерди сактап, коргоо иштерине жигердүү катышуусу кажет.

Адистер жергиликтүү тургундарга тарыхый-маданий эстеликтерди сактоонун мааниси боюнча семинар, түшүндүрүү иштерин жүргүзүү зарыл деп айтышууда.
Бүгүнкү күндө айрым жерлерде жергиликтүү калк эстеликтерди сактоо, коргоо ишине өз алдынча жигердүү катышып, аларды бузууга жасалган аракеттерге каршы турган учурлар да бар.

Кыргызстандагы тарыхый, маданий эстеликтерди сактоого бир гана эл аралык уюмдар, окумуштуу адистер, өкмөт эле эмес, жалпы коом, өлкөнүн ар бир атуулу кызыкдар болушу керек, дешет илим жана маданият кызматкерлери


Азиза Турдуева
XS
SM
MD
LG