Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:27

ӨМҮРБЕК ТЕКЕБАЕВ: “ПРЕЗИДЕНТ ЭЛГЕ АЛТЫ ЖОЛУ УБАДА БЕРИП, СӨЗҮНӨ ТУРГАН ЖОК”


Оппозиция 2-ноябрдан тарта мөөнөтсүз нааразылык акциясын баштай тургандыгын дагы бекемдөөдө. Бул күнү Кыргызстандын бардык аймактарынан азыркы бийликке нааразы болгон ар кандай катмардагы эл Бишкекке келери күтүлүүдө. Ага чейин бийликтин оппозиция менен тил табышууга жасаган аракеттери, берген убадалары натыйжа бербейт, деп билдирди “Реформа үчүн” кыймылынын теңтөрагасы Өмүрбек Текебаев “Азаттыкка” куруп берген маегинде.

-Өмүрбек мырза, 2-ноябрдан тарта баштала турган нааразылык митинги тууралуу айтсаңыз. Буга чейин коюлуп келген талаптарга кошумчалар же өзгөртүүлөр кирдиби?

-Биздин негизги талаптар бир нече пункттан турат. Бул – көптөн бери убада берилип келип, бирок аткарылбай жүргөн Конституциялык реформаларды тез арада ишке ашыруу. Жөн эле реформа эмес, Конституциялык кеңешменин биринчи курамы иштеп чыккан долбоорду кабыл алуу талабы. Мына ушул талап биздин максатыбыздын негизин түзөт. А мындан келип чыккан талаптар—бул реформанын уландысы болот. Алар—массалык маалымат каражаттарынын эркиндиги, мамлекеттик телерадиокомпанияны коомдук телерадиокомпанияга айландыруу, экономикада кызмат абалды пайдаланып, монополияга ээ болууга тыюу салуу. Бул жанагы үй-бүлөлүк бизнес деп чоң кызматтардагы адамдар экономиканын тиги же бу тармагын менчиктеп, өзүнүн атаандаштарын мыйзамсыз куугунтукка алып, аларды рыноктон түртүп чыккан учурлар болуп атат.

Өлкөдө мыйзамдуулуктун камсыз болушу, коррупцияга, кылмыштуулукка каршы чечкиндүү күрөш. Албетте мындан башка да бир топ талаптарыбыз бар, бирок негизги багыты мына ушул.

-Өткөн жума күнү болгон улуттук диалогдо президент 20-ноябрга чейин Башмыйзамдын долбоорун даярдап берем деп айтты. Бул канчалык деңгээлде сиздер коюп жаткан талапка жооп берет?


-Биринчиден биз президенттин ой-пикирин, позициясын билбейбиз. Бир жарым жылдан бери президент өз позициясын иштеп чыгып, элге так айта алган жок. Ошондуктан, анын сунуштаган долбоору кандай болот, ал иштелип чыгабы, эгер иштелип чыкса, акыркысы болобу же андан кийин дагы президент өзүнүн долбоорун иштеп чыгабы, бул бизге белгисиз. Президент алты жолу элге убада берип, өзүнө алты жолу мөөнөт аныктаган. Биринчи убадасы 2005-жылы 12-майда тандем келишимине кол койгондо 2005-жылдын аягына чейин Конституциялык реформа жүргүзөм деп убадасын берген. Экинчи жолу 18-майда президент болуп ант берген он күн ичинде Конституциялык кеңешме иштеп чыккан долбоордун негизинде референдум жарыялоого убада берген. Ал эми Конституциялык кеңешменин төрагасы болгондон кийин, сентябрь айында 25-декабрга чейин Башмыйзамды иштеп чыгып, жалпы элдик талкуу өткөрүп, 25-декабрда Жогорку Кеңешке сунуштайм деген. Андан кийин атайын комиссия түзүп, башына депутат Бекназаровду дайындап, 1-сентябрга чейин иштеп чыгып, 1-сентябрда Жогорку Кеңешке киргизем деп убада берген. Ал үч долбоор да жакпай, андан да баш тартып, мына эми 20-ноябрга чейин дагы бир жаңы долбоор иштеп чыгып, сунуштайм деп атат.

Мына алты жолу президент өзүнө өзү мөөнөт берип келди. Өзүнө, жалпы эл-журтка убада берип, алты жолу мөөнөтүн ары создуруп атат. Ошондуктан, 20-ноябрга чейин президент өз позициясын тактап, конкреттүү бир сунуш киргизерине ишенбейм. Киргизген күндө да ал биздин талаптарыбызга сыйбаган жобо болот деп ишенем.

-Президент жакында эле өлкөнү кыдырып чыкты. Ошол учурда ал мурунку президент Аскар Акаевдин сөздөрүн кайталап, “бир ууч киши элди дүрбөтүп атат” дегендей сөздөрдү айтты деп жарандык коом да, оппозиция да нааразы болуп жатпайсыздарбы.. Сиз өзүңүз кандай баа берер элеңиз буга?

-Биз койгон талаптар—президент кол коюп, ант берип, эл алдында берген убадалар. Ал талаптарды 2005-жылы мартта көтөрүлгөн эл да колдоп, март ыңкылабы болгон. Биз койгон талаптарды элдин атынан чыгып сүйлөй ала турган орган—Жогорку Кеңеш өзүнүн бир нече жолку токтомдору менен бекемдеп, мыйзам, долбоорлорду, атайын токтомдорду кабыл алып, бекитип берген.

Ошондуктан, президенттин “бул беш-алты гана адамдын саясий оюну” дегенин мен саясий кызыл кулактык деп эсептейм. Бул жалган. Ар бир биздин талапка Жогорку Кеңештин чечими бар. Ар бир биздин талапка алты-жети жылдан берки дискуссиянын негизинде коомдук уюмдардын, жалпы эле жарандык коомдун өкүлдөрүнүн, карапайым элдин айткан ой-пикирлери, талаптары бар. Ошондуктан, президент бул сөздөрдү айтканда жооптуу болсо жакшы болмок.

-Эми кайра 2-ноябрдан тарта башталуучу митинг тууралуу сөз кылалы. Митингдин негизги формасы, өтүү тартиби тууралуу айта кетсеңиз?

-Митинг 2-ноябрь күнү борбордук аянтта болот. Саат экиде аянтка Бишкектин үч тарабына чогулган колонналар келип киришет. Ага жер-жерлерден өкүлдөр келип катышат. Мындан тышкары шаардын өзүнөн жана башка аймактардан азыркы бийликке нааразы болгон жарандар келип кошулушу да мүмкүн. Ошондуктан, азырынча катышуучулардын жалпы санын, курамын айта албайм.

Митинг мөөнөтсүз болот. Бул деген бир нече миң адам узак мөөнөткө митинг жарыялайт. Албетте бул митингдин колдоочулары жер-жерлерде бар. Жер-жерлерде дагы митинг, пикеттер болушу мүмкүн. Бирок ал биздин планыбызга кирбейт. Бул жергиликтүү жарандык коом лидерлеринин активдүүлүгүнөн, алар канчалык биздин талап-сунуштарыбызды колдойт, мына ушуга да көз каранды.

-Мөөнөтсүз митинг бир канча күнгө созулушу мүмкүн да. Митингдин катышуучуларынын жатагы, тамак-ашы кандай болот? Каржылоо жагын кандайча чечип жатасыздар?

-Бул -- оппозициялык “Реформа үчүн” кыймылынын үчүнчү ирет өтүп жаткан митинги. Митингге келгендердин жолкиреси, алардын жашоо-шарттарын камсыз кылуу боюнча чыгымдарды митингдин катышуучулары өздөрү, алардын демилгечилери чечет.

-Айрым бир сөздөр айтылып жатат: оппозицияга Батыш тараптан, тагыраак айтканда АКШдан акчалай жардамдар болуп жатат деген.?

-Акаевдин убагында да мына ушундай сөздөр чыккан: “Бакиевге Америка жардам берип, ошонун акчаксына нааразылык иш-чараларды жүргүзүп жатат” деген. Ошол эски айыптоолор, эски күнөөлөө бүгүн да жүрүп жатат. Ал жалган. Митингдин катышуучулары өздөрүнүн убактысын гана коротпостон, акчасын, матеиралдык башка чыгымдарга да макул экендигин көрсөтүп жатышат.

-Митинг учурунда түрдүү чагымдар болуп кетиши мүмкүн дегени кооптонууларды азыртан эле оппозиция да, бийлик да билдирип атышат. Мына ушундай чагымдан коргонуу үчүн кандай чараларды колдонмокчусуздар? Мындан тышкары митингге келген элдин коопсуздугун кантип сакталат?

-Мен сиздердин радио аркылуу элге кайрылгым келет. Биз мыйзамды сыйлашыбыз керек, башка адамдардын өмүрүнө, ден-соолугуна, менчигине зыян тийгизбешибиз керек. Түндүк-түштүк, орус-кыргыз жана башка деп бөлүнбөй, ынтымакты бузбоого тийишпиз. Эгерде кимдир-бирөөлөр мына ушундай терс иштерге барып аткан болсо, анда алар биздин кишилер эмес, чагымчылар. Аларды тескеп, тартип сактоо органдары аларды нейтралдаштырышы керек деп ойлойм.

Биздин митингге келүүчү туруктуу мүчөлөрдүн тизмеси так. Алар структуралашып, башкаруу системалары түзүлгөн. Алар дициплиналанган чоң бир топ. Биз мына ушундай жол менен коопсуздукту камсыз кылабыз.

Бул митинг ачык болгондуктан, миңдеген биз
тааныбаган, билбеген адамдар келип, катышуусу толук ыктымал. Ошондуктан, алардын жалпы санын жана курамын так аныктай албайбыз. Биз бийлик органдарынан да жарандардын коопсуздугун сактоо жагын уюштурууну катуу суранат элек. Биз алар менен кызматташып, чогуу күзөт уюштурууга өзүбүздүн даяр экендигибизди билдирдик.

-Эл аралап жүргөн мезгилинде президент парламентти таркатуу маселесин да кайра козгоду. Анын мыйзам жагынан буга канчалык деңгээлде укугу бар?

-Президент бул сөздү алгачкы жолу айтып отурган жери жок. “Кааласам таратам, карап көрөм, жакшы иштесе калат, жаман иштесе таратам” деген ойлорду айтып атат. Бул юридикалык жактан да, саясий жактан да чала сабаттыктын белгиси.
ЖК президент каалаган убагында, жакпай калса таратып жибере турган орган эмес анын кол алдында. А түгүл ал кол алдындагы айдоочусун да, катчысын да өзү каалаганда айдай албайт жумуштан. Эл шайлаган мыйзам чыгаруучу жыйында кааласам таратып жиберем деген ою балакайлык. Сузак, Базаркоргонго барганда ушул сөзүн айткан экен, ал жактан Бишкекке келери менен эки күн ичинде өз оюнан кайра баш тартып, парламентти беш-алты жаман депутаттар үчүн таратпайм деп айтты.

-Бүгүн президент Курманбек Бакиев ЖК келүүсү мүмкүн деген сөздөр айтылып атат. Деги эле 2-ноябрга чейин боло турган жолугушуу, сүйлөшүүлөр митингдин зарылчылыгын жокко чыгара алышы мүмкүнбү? Сиз “Реформа үчүн” кыймылынын теңтөрагасы катары айтсаңыз, бийлик оппозиция менен бир пикирге келе алабы?

-Президент айта турган оюн эл кыдырганда айтып бүттү. Ал “Улуттук диалог” деп аталган жолугушууда өзүнүн оюн айтып бүттү. Демек, бүгүн Жогорку Кеңеште президент бир чечкиндүү кадам жасап, жаңылык ой-пикир айтат деп ишенбейм.

XS
SM
MD
LG