Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:46

КУРМАНБЕК БАКИЕВДИН ЖОГОРКУ КЕҢЕШТЕ СӨЗ СҮЙЛӨШҮ КҮТҮЛҮҮДӨ


Бүгүн президент Курманбек Бакиев Жогорку Кеңешке барып, сөз сүйлөшү ыктымал. Ал өткөн апта ичинде Конституциялык реформа боюнча өз көз карашын 30-октябрда Жогорку Кеңеште билдирип, талаш маселелерге чекит коёорун айткан болчу. Президенттин бул сөзү 2-ноябрдагы митингдин алдында саясий кырдаалга өз таасирин тийгизээри бышык. Ошол эле маалда Ак үйдөн алынган акыркы маалыматтар боюнча президент К.Бакиев парламентке барбай да калышы ыктымал.

Өлкө башчысы өткөн аптада Жалалабат, Баткен облустарын кыдырып, эл менен жолугушкан учурда Конституциялык реформа жүргүзүлөөрүн, мамлекеттик башкаруу формасын тандап алуу боюнча референдум өткөрүү керектигин айткан эле. Ал ошондой эле Жогорку Кеңештеги жети-сегиз гана депутат мыйзам чыгаруунун ордуна, өлкөдөгү саясий кырдаалды курчутуп, бийликке тоскоолдук кылып жатканын белгилеген.

- Бир топ депутаттарыбыз өтө эле ашкере кетип калды. Мыйзамдын үстүнөн иштебей, мыйзам чыгарбай, таптакыр эле көзөмөлдөө функциясын алып алып, министрлерге ишеним көрсөтпөйм, дешип, иштетпей атышат.

Бакиев ошондой эле эгерде Жогорку Кеңештеги айрым депутаттар аткаруу бийлиги менен дагы эле тиреше берсе, анда парламентти таратуу же таратпоо маселесин декабрда өтүшү ыктымал болгон референдумга коюуну ойлоно тургандыгын да айткан. Муну «Реформа үчүн» кыймыл парламентти К.Бакиев түздөн-түз коркутуп жатат, деп баалашты.

«Президент эгерде Жогорку Кеңеште депутаттар менен ийкем диалог жүргүзбөй, коркутуп-үркүтүү жолу менен мамиле кылса, өлкөдөгү түзүлгөн саясий кырдаалды турукташтыруунун ордуна, тескерисинче курчутуп алышы мүмкүн»,- дейт Болот Байгожоев. Анын айтымында, айрым депутаттардын жеке бизнесинде финансылык тартип бузуулары болгондуктан алар бийликке аргасыздан көз каранды болуп, президентти аргасыздан жакташат.

- Бир жарым жылдан бери эмне үчүн Акаевдин бийликти жеке адамга ээлик кылуу үчүн оңдоп-түзөгөн Конституциясы менен отурат? Мен ачыгын эле айтам, Курманбек Бакиев - узурпатор.

Байгожоевдин баамында, буга чейин өткөн митингдер, нааразылыктардын күчөшү азыркы бийликке элдин ишеними кетип баратканынын кашкайган далили. Бакиевдин буга чейин берген убадаларынын аткарылбашы, коррупциянын гүлдөп өсүшү, үйбүлөлүк бизнестин үстөмдүгү элдин кыжырын келтирип жатат, дейт Болот Байкожоев.

Жарандык уюмдардын айрым өкүлдөрү эгерде Бакиев парламент депутаттарынын суроолоруна 27-октябрдагы «тегерек үстөлдөгүдөй» жооп берип, күтүүсүз саясий жүрүш жасап жиберсе кырдаал ого бетер курчушу мүмкүн дешет. Алардын пикиринде, «тегерек үстөлгө» шылтоолоп президент бүгүн парламентке барбай коюшу да мүмкүн.

«Эл ынтымагы» саясий партиясынын лидери Роза Акназарова мамлекеттик бийликтегилер, саясатчылар ар кимиси айткан сөздөрүнө этият болушса, деген пикирде.

- Эл алдында айткан сөздөрүнөн ката кетиришпесе жакшы болот эле. Эки тарап тең айрым кездерде ачууга алдырып, элди иренжиткен учурларды кездештирип жүрөбүз.

Акназарова белгилегендей, президент оппозициянын айрым талаптарын аткарып, өлкөнүн биримдиги, элдин тынччылыгы үчүн эки тараптын бир пикирге келишине кепил болушу зарыл.

Ал эми «Реформа үчүн» кыймылдын лидери Өмүрбек Текебаев болсо президент буга чейин беш-алты жолу убада берип, аларды аткарбаганын, Бакиевге ишенбестигин бүгүн «Азаттыктан» уктурулуп жаткан интервьюсунда билдирди. Анын көз карашында Бакиев оппозиция менен баары бир тил табышпайт.

Президенттин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, Бакиевдин парламентке бараары же барбасы бүгүн дүйшөмбүдө белгилүү болот.

Аманбек Жапаров, Бишкек

XS
SM
MD
LG