Курманбек Бакиев депутаттар алдында өлкөдөгү коомдук –саясий кырдаал жөнүндө сөз сүйлөгөн жатат. Мамлекет башчы «Реформа үчүн» кыймылы коюп жаткан талаптарга карата өзүнүн жообун берүүгө тийиш. «Реформа үчүн» кыймылынын өкүлдөрү болгон депутаттар президент Курманбек Бакиев биринчи чыгып сөз сүйлөсүн деген сунуш киргизишти. Бул сунушка макул болбой, адегенде премьер-министр Ф. Куловдун, Жогорку Сот төрагасы Курманбек Осмоновдун, мамлекеттик катчы Адахан Мадумаровдун сөзүн угуу жөнүндө сунуштар түшүүдө. Депутат Темир Сариев орчундуу маселелер боюнча президент өзүнүн так позициясын айтсын деген сунуш киргизди. Анткени, депутаттын айтымында, президент соңку күндөрү бири-экинчисине карама-каршы келген билдирүүлөрдү жасады. Атап айтканда, биринчи конституциялык кеңешме иштеп чыккан конституция долбоорун парламент кароосуна киргизерин, андан кийин өзүнүн долбоорун алып чыгарын, парламентти таркатуу керектигин жана парламентте конструктивдүү депутаттар отурганын белгилеп, Курманбек бир сөзү менен экинчи сөзүнө каршы чыгып жатат.