Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:19

КУРМАНБЕК БАКИЕВ ОППОЗИЦИЯНЫН ТАЛАПТАРЫНА ЖООП КАЙТАРДЫ


Президент Курманбек Бакиев бүгүн Жогорку Кеңеште сүйлөгөн сөзүндө «Реформа үчүн» кыймылы коюп жаткан талаптарга жооп кайтарды. Мамлекет башчы адегенде 20-ноябрга чейин өзү жактырган конституция долбоорун алып чыгарын жарыя кылды. "Негизги мыйзам эл ичинде кеңири талкууланышын каалагам. Бул максатыма жеттим. Эми 20-ноябрга чейин өзүмдүн долбоорумду алып чыгам",- деп билдирди Курманбек Бакиев депутаттар алдында.

Президенттин айтымында, Конституциялык реформаны президенттин администрациясы эмес, эл өзү жасашы керек эле. Акаевдин тушундагыдай ага керектүү вариантты жаздырып, элге кабыл алдырып коюуну ал каалаган эмес. “Илгеркидей эле жанагы администрация президенти иштеген төрт-беш юрист жазып туруп референдумга чыгарып жиберип, аким менен губернатордун күчү менен өткөргөн конституция болбосун деген максат менен гана ушул күнгө келдик”.

Президент элдик ишенимдеги өкмөт түзүү жөнүндө «Реформа үчүн» кыймылынын талаптарын негизсиз деп четке какты. Президенттин айтымында, бул төрт-беш депутаттын гана талабы. «Эл ишениминдеги өкмөт деп экинчи талап коюлуп жатат. Эл ишениминдеги өкмөт болбой бул кайсы өкмөт. Бул өкмөттү мен жалгыз түзгөн жокмун. Өтпөй тургандарды өткөзбөй койдуңар. Мына гендердик саясат дейбиз. Бир дагы аял затын өткөрбөй койдуңар. Каалаганыңарды өткөрдүңөр. Бул өкмөттүн иштегенине бир жыл бир ай болду. Туугандар бир жыл бир айда бир чакан ишкананын ишин оңдосо болобу? Эл менен жолуктум, элдин пикирин угуп келдим. Эл ырахмат деп жатат»,- деди Курманбек Бакиев.

Мамлекет башчы баш прокурор Камбаралы Конгантиевдин отставкасын талап кылган билдирүүлөргө да каршы экенин билдирди. “Бул киши менин тапшырмамды алган. Жылдын аягана чейин киши өлтүрүүлөр боюнча, Акаевдин мүлкү боюнча жана башкалар боюнча баарынын аягына чыгып сотко өткөрүп бересиң дегем. Убакыт бар дагы. Жылды аягына чыгаралы. Андин кийин ал кишини бул жерге чакыралы мага, сиздерге отчет берсин. Кайсы деңгээлде ишти бүтүрдү эмне себептен бүтүрө албады. Жооп берсин. Баасын бергиле. Эгерде бүтүргөн жок, жарабайт десеңер чечимиңерди бергиле. Мен ойлоноюн. Андан кийин эле муну аткарбасаң, тигини аткарбасаң биз көчөгө чыгабыз, пикет уюштурабыз деген сөздөрдү мен ойлойм, бул аша чаап кеткендик болот”,-деди президент.

Коомдук телекөрсөтүү жөнүндө маселеге кайрылып, президент КТРди коомдук телеканалга айлантууга каршы экенин билдирди. Анын пикиринде, акчасы көптөргө КТРди берип коюп, алар каалаганын жасай бергенге жол берүүгө болбойт. Мамлекетке бир мамлекеттик канал керек. Ошто ЭЛТР коомдук телевиденеси уюшулду, эми чыңдоо аракеттерин көрүү керек.

К. Бакиев үйбүлөлүк бизнес жөнүндө оппозиция коюп жаткан айыптоолорду да четке какты. Анын үйбүлө мүчөлөрү мамлекеттик менчикке ээлик кылып, бизнес кылып аткандыгы жөнүндө айыптоолорду жалган деп билдирип, далилдерди факты жүзүндө бербей, курулай сөздөр менен жаманатты кылууну токтотууну талап кылды:

"Биздин кээ бир саясатчылар, жеке мага каршы иштеген саятчылар муну абдан жакшы пайдаланып жатышат. Мурункудай Акаевдин мезгилиндей эле айта берсе эл ишене берет деп. Жок туугандар. Баардык эле эл ишене бербейт. Элди, албетте адаштырса болот, бирок таптакыр эле ойлобогула эл эч нерсени билбейт экен деп. Мен дагы бир жолу айтып коеюн. Эгерде менин балдарым мамлекеттик мүлктү менчиктештирип, бир жерде кандайдыр бир үлүшү болсо документин бергиле. Бергиле мага ошол документти. Эртеси күнү указ менен мамлекетке өткөрүп берейин. Андайыңар жок эле кыйкыра бергениңер не деген нерсе. Ошондуктан, урматтуу депутаттар, мен ойлойм бул жерде койгон талаптын дагы кандайдыр бир мыйзам ченемдүүлүгү болуш керек".

Президент оппозиция менен сүйлөшүүдөн качпай турганын баса белгилеп, 31-октябрда «Реформа үчүн» кыймылынын лидерлери менен жолугушуп, алардын коюп жаткан талаптары боюнча пикир калчашууга даяр экенин айтты.

XS
SM
MD
LG