Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:51

МЫРЗАКЕДЕГИ ШАЙЛООДО АЛМАМБЕТ МАТУБРАИМОВ АЛДЫГА ЧЫКТЫ


№ 37 Мырзаке округдук шайлоо комиссиясынан алынган маалыматка караганда, добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча депутаттыкка талапкер Алмамбет Матуибраимов өз атаандаштарынан озуп чыкты. Бирок анын атаандаштарынын ишенимдүү өкүлдөрү шайлоодо административдик ресурстар пайдаланылды деп сынга алышууда.

Эртең мененкиден айырмаланып шайлоочулардын добуш берүүсүнүн активдүүлүгү кече маал бир кыйла күчөдү. Алдын ала эсептөөлөрдүн негизи боюнча талапкер Алмамбет Матуибраимов 55,1 пайыз добуш менен алдыга чыгып, атаандаштарын артка таштады.

Экинчи орунда бара жаткан Адамбек Түркбаевдин ишенимдүү өкүлү Маметемин Исмаилов болсо Матуибраимовдун пайдасы үчүн бийлик ресурсу пайдаланылды деп айыптады:

- Губернатордун, Ош облусунун бер жагында чек арада административдик ресурс пайданылып жатат. Ары жагында жок. Андан кийин жогору жактан ушундай келди деп айрым жерлерге Алмамбет Матуибаримов өзү үгүт иштерин жүргүзүп жатат. Чындыгында биз президентке нааразы эмеспиз. Райондун чоңдорү баардыгы астыртан үгүт иштерин жүргүзүп жатышат,- деди байкоочу Маметемин Исмаилов.

Ал эми Мырзаке округдук шайлоо комиссиясынын төрагасы Каныбек Осмоналиев болсо азырынча добуш берүүнүн жүрүшүндө одоно мыйзам бузууларга жол берилген жок деген оюн билдирип, башка талапкерлерден расмий түрдө ушул убакытка чейин арыз келип түшпөгөндүгүн айтты:

- Бул шайлоодо бардыгы айкын болду. Бардык талапкерлерден эч кандай чоң одоно мыйзам бузуулар болгон жок. Мырзаке округу боюнча жалпысынан эч кандай арыз түшкөн жок. дейт Мырзаке округдук шайлоо комиссиясынын төрагасы Каныбек Осмоналиев.

Ошол эле учурда шайлоонун жүрүшүн көзөмөлгө алып турган “Адам укугу жана демократия” борборунун жетекчиси Идирисбек Кубатбеков өтө одоно мыйзам бузууулар катталбаганы менен шайлоочулардын тизмесинин тактыгы жана өздүгүн аныктоочу документтер боюнча мыйзамга каршы аракеттер байкалгандыгын билдирди.

-Бүгүнкү күндө шайлоонун жүрүшүндө негизги мыйзам бузуулар же болбосо проблемалар бул шайлоочулардын тизмесинен келип чыгып жатат. Экинчи проблема болсо, шайлоочулардын шайлоого кирүү документтери боюнча. Шайлоочулардын паспорттору СССРдин убагындагы документ жана кээ бир жарандардын паспортору жоктугу болду,- деген оюн билдирди Идирисбек Кубатбеков.

Жергиликтүү талдоочулардын баамында шайлоонун аягы добуш берүүнүн бир айлампасы менен эле жыйынтыкталышы мүмкүн.

Кубанычбек Жолдошев, Ош

XS
SM
MD
LG