Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:24

Курманбек ОСМОНОВ: КОНСТИТУЦИЯ УНИВЕРСАЛДУУ ПРИНЦИП НОРМАЛАРДЫ КАМТЫШЫ КЕРЕК


Жогорку Соттун төрагасы Курманбек Осмоновдун 30-октябрда Жогорку Кенеште сүйлөгөн сөзүнөн.

-Урматтуу президент, урматтуу депутаттар, урматтуу премьер-министр жана өкмөт мүчөлөрү. Өлкөбүздө конституциялык реформа бүгүнкү күнү саясатчылардын, жалпы коомчулуктун мамлекеттик жана мамлекеттик эмес уюмдардын, саясий партиялардын бүйрүн кызыткан маселеге айланып, мына бир жарым жылдан бери конституциялык кеңештин, кийин анын кеңейтилген курамынын кызуу талкуусунун маселелеринен болду. Өткөн жылдын июнь айында конституциялык кеңеш талашып тартышып жатып, конституциянын долбоорун иштеп чыккан.

Андан кийин президент мамлекеттик башкаруунун үч түрдүү формасына ылайыкталган конституциянын үч долбоорун даярдоо үчүн атайын жумушчу топ түзгөн. Ал жумушчу топ башында урматтуу депутат Азимбек Бекназаров туруп, адегенде Ысык-Көлдө, кийин Ала-Арчада бир нече айдын ичинде эки ирет конституциянын ар кандай долбоорлорун иштеп чыгышпадыбы. Алар массалык маалымат каражаттарында да жарыяланды. Бул жумушчу топтун мүчөлөрү жана айрым өкмөт мүчөлөрү жер-жерлерге барышып, конституциялык реформанын зарылчылыгы, маани-маңызы, мамлекеттик башкаруунун үч формасы жөнүндө элдин арасында түшүндүрүү иштерин да жүргүзүштү.

Ал аңгыча айрым депутаттар, саясий партиялардын атынан, Манастан Чубак кем бекен деп, мына биз дагы Жогорку Соттун атынан өкмөт башчысы, андан кийин НПОлор жана жаш окумуштуу юристтер да баары биригип мына бүгүнкү күнү жыйырма чакты ар кандай долбоорлорду иштеп чыгып, президентке, конституциялык кеңешке, Жогорку кеңешке жолдоп, массалык маалымат каражаттарына жарыялап койдук.

Конституциялык кеңеш өзү иштеп чыккан долбоорлордон башка бир да долбоор ошол атайын түзүлгөн курамы үч жүз кишиден турган конституциялык кеңештин сынынан бүгүнкү күнгө чейин өтө элек. Ал эми парламенттик угуудан эч бир долбоор дагы өтө элек. Мына бүрсүгүнү буйруса ушундай угуулар башталганы турат. Бирок, биз билишибизче парламенттик угууга баягы жумушчу топ иштеп чыккан конституциянын үч долбоорун президент сентябрдын орто ченинде жөнөткөн экен. Конституцияны кабыл алуу үчүн, анын кандайдыр бир долбоорун Жогорку Кеңешке жөнөтөөрдөн башта Президент Жогорку Кеңештин депутаттарынын да ой-пикирлерин, сунуштарын эске алууну көздөп жатканы түшүнүктүү болуп турбайбы. Андан кийин Конституциялык Кеңештин сынынан, талкуусунан өткөрүү да абзел болуп жатканын президент өзү бир нече ирет белгиледи. Бул логикага да, максатка да ылайыктуу болуп жатат.

Кала берсе жумушчу топ иштеп чыккан конституциянын үч долбоору боюнча Европа Кеңешинин “Укук аркылуу демократияга” деген атайын юридикалык комиссиясынын эки экспертинин алдын-ала чыгарган корутундусу да бар. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине, Конституциялык кеңешке, ар бир депутатка, ошол Венеция комиссиясынын алдын ала чыгарган корутундусун таркатып берүү максатка ылайыктуу болоор эле. Анткени көз карандысыз эксперттердин пикирин эске алып коюшубуз жаман болбоор эле.
Ошентип, бүгүнкү күнү мыйзам чыгаруу демилгесине укуктуу президентке, конституцияны кабыл ала турган, мына сиздерге- Жогорку Кеңешке да абдан эле көп фактура жыйналды. Парламенттик угуулардын, конституциялык кеңештин талкууларынын сунуштарынын негизинде эгерде мамлекеттик башкаруу формасынын бирөөнө токтолуп, мүмкүн мына бүгүнкү күндө компромисттик болуп турган президенттик-парламенттик формасына мыйзам чыгаруунун бардык субьектилери макул болушса, анда ушул жылдын жыйырма ноябрына чейин президент конституциянын долбоорун Жогорку Кеңештин кароосуна кабыл алуу үчүн жөнөтсө максатка ылйык болоор эле деп биз эсептейбиз.

Бирок долбоорду Жогорку Кеңешке жөнөткөнгө чейин аны адистерден дагы бир жумушчу топ жеткиликтүү иштеп чыгуусу зарыл. Анткени Жогорку Кеңеш конституцияны талкуулоо учурунда, кабыл алуу учурунда ага кандайдыр бир өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизе албайт. Жогорку Кеңеш же кабыл алыш керек же четке кагыш керек.

Конституциялык реформанын эң өзөктүү маселелери кайсыл экенин өзүңүздөр жакшы билесиздер. Мына биринчилерден болуп Кыргыз Республикасынын кандай мамлекет экендигинин аныктамасы. “Светской государство” деген аныктама акырында келип “экологическое государство” менен алмаштырылып олтурат. Кыргыз Республикасынын аймактык же териториялык бөлүнүшү же түзүлүшү улус, аймак жана алардын саны жөнүндө да маселелер көтөрүлгөн. Орус тилинин официалдуу статуусу жөнүндө маселе, адам укуктары кандай гана чектөөсү болбосун, камакка алуу тинтүү, алуу - бул соттун гана чечими менен болуусу зарыл деген маселе. Өлүм жазасы жөнүндө маселелер. Президент жана мамлекеттик үч бийликтин үч бутактарынын ортосундагы ыйгарым укуктарды тең салмакташтыруу. Сот системасы жана соттор жөнүндө. Бул маселеге мен убакыттын чектелүү болгонуна байланыштуу кенен токтолбой эле коеюн.

Бирок, эми одоно болсо кечирип коюңуздар, урматтуу президент, урматтуу депутаттар. Кийинки учурларда сотторго болгон мамиле иттен алып кушка, куштан алып итке салгандай эле таасир калтырып жатат. Жана башка ушул сыяктуу көптөгөн маселелер бар. Эми урматтуу депутаттар, мына президент кийинки күндөрү Ысык-Көл, Жалал-Абад, Баткен облустарына барып, эл менен сүйлөшкөндө мындай эркин пикирин айтып, парламент жөнүндө да маселени референдумга чыгаруу жөнүндөгү сөз саясатчыларыбыздын арасында ар кандай интерпретацияга алынып жатат. Муну жашырбай айтышыбыз керек.

Эми парламентти таратуунун үч себеби, негизи бар экенин өзүңүздөр жакшы билесиздер. Биринчи эгер парламент өзүн-өзү таратуу боюнча чечим алган кезде, экинчи эгер үч жолу өкмөт башчысын дайындоого макулдук бербей койсо, анан башка бийлик бутактарынын ортосунда жоюуга болбой калган карама-каршылыктар пайда болгон учурда. Мен президентти жактап-мактап жаткан ойдон алысмын. Эгерде ошондой жагдай түзүлүп калса референдумга алып чыкпай эле президент өзү эле таратып жиберишке акысы бар да. Мунун биз жакшы билебиз.
Ошол ченде дагы менин оюм боюнча эл менен бир ооз акылдашып, элдин элегине салып туруп анан чечим кабыл алалы деп. Анан эми парламентти таратып жиберүүнүн негизги олуттуу себеби бүгүн жок деп эсептейбиз. Мындан сырткары, дагы ачык айтып коеюн, айрым саясатчылар, жетекчилер парламентти таратып туруп, күздө барып партиялык тизме менен, пропорционалдык система менен жаңы парламент шайлалы, анан ал партиялык көпчүлүк менен өкмөттүн курамын курасын деген ойлор да бар.

Биздин конституциябыз төрт жолу өзгөртүүгө дуушар болгон. Ошол мезгилде дагы мен да ушунун мындай твердый тарапкер болгом. Мамлекеттик бийлик бутак катары парламент, өкмөт жана сот өздөрүнүн мөөнөтүнүн аягына чейин иштеш керек. Мына ошол учурларда дагы, конституция төрт ирет өзгөргөндө дагы переходный положениелерге ушулар жазылган болчу. Ал эми ар бир бир жарым жыл, эки жыл сайын бир бийлик бутагын таратып жиберип олтура берсек бул стабилдүүлүккө терс таасирин тийгизээри айдан ачык.
Аягында айтаарым, урматтуу депутаттар, урматтуу президент конституция жалпы адамзат баалуулуктарын, универсалдуу принцип нормаларды камтышы керек. Ал нормалар кандай гана мамлекеттик башкаруу, кандай гана саясий режим болбосун ар дайым айныгыс бойдон калуулары керек. Демократиялык, укуктук, саясий, экономикалык жактан өнүккөн мамлекеттердин конституцияларында универсалдуу принциптер, адам укуктары менен эркиндиктери жөнүндө кылымдар бою жашап жана иштеп келе жаткан нормалар бар экенин жакшы билебиз. Мисалы, ар бир адам төрөлгөндөн баштап эркин, эч ким кулдукта болбошу керек. Жана башка ушундай принциптер. Мына карап көрсөңөр кандай гана жөнөкөй, түшүнүктүү жана улуу сөздөр. Бул сөздөр көөнөрбөс, эскирбес жана кирдебес сөздөр. Эң негизгиси баш мыйзамды талкуулоодо, кабыл алууда баарыңыздарга акыл-эстүүлүк менен сабырдуулукту, адилеттүүлүк менен көрөгөчтүктү каалайм. Консенсуска келип ушул жылдын аягындабы же келе жаткан жылдын башындабы конституцияны ушул парламентте, анда каралган процедураларды сактоо менен ошол конституция аныктаган тартипте кабыл алып, мындан ары жигердүү ишибизди бардык мамлекеттик бийлик бутактары, коомчулук менен бирге, элибиз менен бирге жигердүү түрдө иш-жүзүнө ашырабыз деген үмүттү жана тилекти айтып кетким келет.

XS
SM
MD
LG