-Туура биз эл менен бирге болуп Акаевдин бийлигине каршы болуп жүргөндө биринчи максатыбыз конституциялык реформага баруу болчу. Мына ошонун негизинде баарыбыз чогулуп кол койгонбуз. Бул туура. Эми кандай аткарылып жатат? Эмне үчүн кеткен жоксуңар?
Бийликке келгенден кийин Өмүрбек Чиркешович бул жерде төрага болуп өзү жакшы билет. Өзүңөр баштадыңар конституциялык реформа боюнча иш деп. Биз Курманбек Салиевичке айттык, ушул маселе боюнча биз бир пикирге келгенбиз дегенде макул болуп, мен тагыраак күнүн билбейм, сентябрда указ чыгарды. Жанагы Конституциялык кеңешке кошуу боюнча мен дагы, Азимбек дагы кирди жана башкалар дагы кирди. Иштедик. Аткарган жокпу? Аткарылды.
Ошол жерде чогулуп талкууладык бардыгыбыз. Канчалаган кишилер келип ар ким өзүлөрүнүн пикирин айткандан кийин, бир жыйынтыкка чыкпагандан кийин Азимбек Анаркуловичке берелик үч вариантты карап көргүлө деп. Биз сүйүндүк. Мына өзүбүздүн коллега колду койгон, мына өзү башкарып калды деп. Иштебедиби, иштеген жокпу?
Үч вариантты айттым. Мен сүйлөшүп турдум, Азимбек өзү билет: “Азимбек жакшы болду эми, өзүң жакшылап көргүлө” деп. Иштеп чыкты варианттарды. Андан кийин процедурасы бар да. Бул жерге келиптир кырк күн мурун. Караса болмок. Ошондуктан бул жерден Курманбек Салиевич Бакиев бир пунктун аткарбай койду же силер аткарган жоксуңар деген бул туура эмес. Экинчи. Азимбек Анаркулович кеткенде ошондой болгон. Биз кетелик деп айтканбыз. Мына Үсөн Сыдыковдун кабинетинде, өзү жакшы билет, Азимбек айтты жок эми, болбойт, мен силерден суранам мейли силер иштеп тургула деп. Биз атайы келгенден кийин эл үчүн иштейли. Эч нерсе эмес, бул дагы болот, бул күн да өтөт деп.
Мына ошондуктан бардык пункуттар биз жактан так аткарылып келди. Анан аткарылган жок деген сөзгө мен кошула албайм. Бул чындык. Эми мен таң калам, азыр ушул жерден сүйлөп жаткандардын кээ бири ушул конституцияны алып жатканда кайда жүрдүңөр эле же унутуп калдыңарбы? Ошондо биз Конституциялык кеңешмеге кирип, жолдош Акаев туура эмес алып жатасыз, туура эмес берип жатасыз дегендер кимдер эле. Мына азыркы сүйлөп жаткандар чыгып алып, бизди ортомчу кылып жүргөнсүңөр Ашыркулов аркылуу келип киргиле карап көргүлө деп. Эми ошондогу конституция туура болгон, а бүгүн туура эмес. Менин оюмча түбү башкада. Түбү эптеп Акаевдин бийлигин кайтып алып келүүдө. Андан башканы айта албайбыз.