Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:39

МЕЛИС ЭШИМКАНОВ: «КЫРГЫЗСТАНДАГЫ КЫРДААЛ ЖИНДИКАНАГА ОКШОШ»


Жогорку Кеңеш депутаты Мелис Эшимкановдун 30-октябрда сүйлөгөн сөзү

-Урматтуу мекендештер. Президент мырза жаздан бери айтып келатат, 5-6 депутатты колдон келсе эки чайнап, бур жутканга даяр экенин бүгүн дагы көрсөттү. Мен эскертип коеюн Аскар Акаев жанындагы Осмонакун, Калык Иманкуловдорду угуп жүрүп, шылдың болуп, дүйнөгө шерменде болуп ошол себептен качып кеткен, кошоматчыларын уга берип. Теңирден тескери, сизге жаман көрүнгөн 5-6 депутат ачык айтып атат, арттан суу куйган жок. Телевизордон, парламенттен, гезиттен айтып атабыз, анча-мынча биздин дагы ой-жүгүртүүлөрүбүзгө акыл токтотуп, көңүл буруп койсоңуз жакшы болот эле. Былтыр мен депутаттыкка кечирээк келип, майдын башында ушул трибунадан бир сөз айттым эле, ошол сөзүм чын чыкты. Айттым эле, Бакиев менен Кулов бийликке барбай эле, президенттик шайлоого катышпай эле койсо жакшы болот эле.
Системаны өзгөртүп алып туруп, президенттик шайлогоо барсак болот эле деп. Иттин сөөгү ошол жакта көмүлгөн. Биз дадырактап, Акаев кеткенине кол чаап, аны дагы Текебаев алып келип, улак тартыштай кылып Бакиевдин алдына салып берди, кол койдуруп Москвага чейин барып жаман көрүнүп. “Правовое поле” деп көргөн күнүбүз ушул. Бекназаровдун какшап айтып келаткан сөзү ушул.

Европанын мыкты режиссеру бар Милош Форман деген, “Полет над гнездом кукушки” деген философиялык кино тарткан жиндилер жөнүндө. Мен дагы айтам, Кыргызстандагы бүгүн саясий абал жиндилердин жашоосундай, жиндикананы элестетет. Карап көрсөңөр, тагдырдын тамашасын, парадоксун, кечээ эле Мадумаровду, Данияр Үсөновду, Эшимкановду, Бешимовду, Проненкону автомат менен тостурган, каматкан азамат бүгүн Курманбек Салиевичтин оң колу болуп президенттик администрациянын биринчи орунбасары болуп отурат Садыркулов. Кечээ эле 18-мартта силердин маңдайыңарда, “урматтуу Аскар Акаевич, Бакиевдер келатат, коменданттык саат киргизели тезинен” деп кыйкырган Конгантиев бүгүн сол колу болуп отурат. “Бакиевдин бандиттери келатат” деп 23-мартта кыйкырган биздин бир коллегабыз Ысыкатадан бүгүн Курманбек Салиевичтин эң жакын коргоочусу болуп отурат. 24-мартта ак шапкечендерди уюштуруп, элди дүрбөтүп, башына таш ыргытып, Ширшов, Балкыбековдор менен оюн кылган Арстанбек Ногоев бүгүн Курманбек Салиевичтин эң жакын жан-жөкөрү болуп, кайра 2-ноябрда мен 50 миң киши алып келем деп коркутуп отурат. Мына тагдырдын тамашасы ушул. Акаевдин түбүнө жеткен адамдар, бүгүнкү бийликтин да түбүнө жетет.

Курманбек Салиевич айтып атасыз, 4-5 депутат деп, мейли 4-5ибиз азыр жазалы да бүгүн мандатыбызды өткөрүп кетели. Биз эле баш ооруу болуп атсак, экисинде деле чыкпай эле коелу, билген намазыңарды окугула, ошондой эле болсо. Сиз айтып атасыз, силердин кол тийбестигиңер 2-ноябрда сактап кала албайт, “на месте преступления карматам” деп. Билебиз, артыбыздан аңдып жүрөсүңөр, камерага тартып атасыңар, силер атып койгондон да кайра тартпайсыңар, Сурабалдиевди, Эркинбаевди өлтүргөндөй эле. Мисалы, башка үчүн жооп бербейм, мен ал коркуу чегинен өтүп кеткем, пешенеге жазылганы турат, Бакиев аттырса о дүйнөгө кете беребиз. Элине кол көтөрсө Бакиев кара так болуп тарыхта калат. Антип бир-бирибизди коркутуп, көкүткөндү токтотолу, анан 20-30 миң адам чыгарабыз дебей. Кеп канча миң чыгарышта эмес, Марат Абдразаков эң бир жакшы сөз айтты, 2-ноябрь кыргыздардын тазалануу майрамы болсун, биригүү майрамы болсун деп. Ошол майрамга үч күн калганда биз маселелерди ачык алып алып туруп, саясатчылар ушул залдан таң атканча чыкпасак дагы маселеге чекит коюп албайлыбы, өз ара ультиматумдарды токтотуп. Мисалы ошол эле Мадумаров жетектеген “Матрешкагейт” боюнча комиссиянын үч жыйынына катыштым. Өзү төрага болбой калды, ооруп калды дешти.

Ошондо Жаныш Салиевич күбө катары келгенде сурадым, өткөндө мени СНБнын 7-бөлүмдүн балдары кармап алганда, мен документтерин көрдүм, өзүм изилдөө жүргүзүп көрсөм буйрукту сиз кол коюптурсуз, Эшимкановду аңдыгың деп, мойунга аласызбы десем, моюнга алам деди. Мен сизди аңдыган эмесмин, мен сиздин шопуруңуз Камчы Көлбаев деген криминалдык авторитет менен байланышы бар деген маалымат келип, ошону аңдыгам дейт. Ошол биздин эркектик, жигиттик мамилебиз. Бүгүн укук коргоо органдарынын командири. СНБсы деле, НБсы деле, Нац.гвардиясы деле инструментальщиктин артындагы офисинде кудайдын кутту күнү чогулуп, 2-ноябрда кантип оппозицияны каматабыз, кантип тузакка түшүрөбүз деп план түзүп аткан кези. Ошол 4-5 саясатчы дейсиңер. Ал эми эмне үчүн Ташиев эки жолу сунуш киргизип атып, ички иштер министринин биринчи орунбасары мырза Каримовго палата эки жолу ишеним көрсөткөн жок. Жок дегенде түшүндүрүп койбойсуңарбы, эмне үчүн жумуштан албайсыңар. Анткени Көкжаңгактан бери Курманбек Салиевич менен мончолошуп жүргөн азамат экен. Эмне үчүн Жамалов дегенди жумуштан алсак, алып барып чегарачылардын орунбасары кылып саласыңар? Эмне үчүн Кудайбердиев дегенди кылмыш иши козголуп, паспорт боюнча мафиясын парламентте далилдеп берсек, Березовскийди тостуруп, аны дагы “Манас” аэропортунун чоңу кылып коесуңар, чегарачылардын биринчи орунбасары кылып? Эмне үчүн Исабеков сунуш кылган Молдошевге ишеним көрсөткөн жокпуз? Мен сунуш кылган Молдокасымовго ишеним көрсөткөн жокпуз. Аэропорттун жетекчисине ишеним көрсөткөн жокпуз. 50-60 депутат ишеним көрсөткөн жок, Эшимканов, Сариев, Текебаев эмес. Жок дегенде президент айтпайбы, силер саясий оюн кылып атасыңар, мен буга макул эмесмин, кабыл албайм деп. Унчугушпайт. Сыйлоонуу, акыл үйрөтүүнү бири-бирибизден, өз ара сый-урматтан башташыбыз керек деп эсептейм. Азыр мен тырмакчадагы деп өзүнүн тили менен айтайын, тырмакчадагы досум Адахан, кимдин эмнеси түшүп калат, Текебаев көрсөткөн 18-майдагы келишим аткарылбаса дейт. 18 адам, даже Кулов кол койгон эмес, Куловдун сыртынан аныкташып, бекемдешип кол коюп атат дагы, бүгүн кимдин эмнеси түшүп калат дейт. Эмнеңер түшмөк эле, уятыңар түшүп атат. Мындай убадаларга Курманбек Салиев Сох убагында да, Үзөңгүкуушта да кол койгон, балдардын тамагына да каршы кол койгон. Ушул эле милдеттенмени Конституциялык реформаны 10 күндүн ичинде 2005-жылдын аягына чейин аткарам деп 6 документте, бирөө эмес, 6 документте колу турат. Тандемдеши менен, азыркы 18 азаматы менен, ХАЯТ мейманканада президенттикке талапкерлер менен, бул жерге келип парламенттин көзүнчө кол койгон. Сөз ошол жөнүндө болуп атат. Президент деген, жигит деген, журт атасы деген сөзүн аткарбайбы, убадасын аткарбайбы деп атат. Анан биз не ыңгайсыз суроо берсек эле, айтсак эле жаман көрөсүңөр. “Айткандын сөзү жаман, ыйлагандын көзү жаман” болот. Мисалы, мен Максимге эч кандай жеке душмандыгым деле жок, мен болгону сизден гезит аркылуу, ушул жакка келгенде сурадым, 25 млн. доллар вложение кылып атыптыр, азамат экен, кыргыздын бизнесин көтөрүп атыптыр Латвиядагы бизнеске. Мен болгону сурап атам: ал кайдан келген акча, канча салык төлөдү Кыргызстанга десек, салык инспекциясынын директору бизге расмий кат берип атат, бир тыйын салык төлөгөн жок деп. Бул суроонун эмнеси жаман? Президенттин баскан-турганы, чүчкүргөнү, сиз азыр аябай туура айттыңыз Курманбек Салиевич, ошол Акаевден кийин элдердин баары бир сөз болсо эле, ушак болсо эле, башка болсо эле дуу этип эле кулактарын түрүп калып атат. Ошондуктан бардыгын ачык, таза жасаш керек. Сиз айтып атасыз, бир документ таап келгиле деп азыр убада бердиңиз, ушул убадаңызга туруңуз. Эгерде сиздин балдарыңыз, инилериңиз Бителгеби, КООРТгобу, шифер, цемент заводунабы, шампан комбинаткабы, башкага тиешеси бар документти жакында колуңузга беребиз. Эгер жигит болсоңуз, мырза болсоңуз ошолорду мамлекеттин чөнтөгүнө өткөрүп бериңиз.

Андан кийин КТР боюнча мен таптакыр түшүнбөйм. Мына Султанов деле айтты, ушул палата кабыл алып мыйзамды бердик, Европада алдыга бараткан өлкөлөрдүн бардыгы, сөөгү мамлекеттик бойдон, финансысы бардыгы калат, болгону коомдук башкаруу болсун деп атабыз. Сизге азыр бир гана кол керек. Кечээги ветоңузду кайра артка алыш керек дагы, КТРди коомдук телевидение деген нерсеге барбасак, бүгүнкү кебетеси менен КТР өлкөбүздүн түбүнө жетет.

Конгантиевдер боюнча жанагысын айттым. Эми мындай, начальник УВДнын деңгээлине чейин түшпөйлүчү, биз глобалдык асмандагы маселени сүйлөшөлүчү деп атасыз. Түшпөй эле коелу, бирок ошол крим. дүйнөдөгү Акматбаевдердин, Коноевдердин бизнесин крышалап, площадга келсе ачыктан-ачык колдоп жүргөн Конгантиевдер, сиздин үкаңыздын кан достору. Экөө мамлекеттик мыйзам жөнүндө, кызмат жөнүндө мыйзамды бузуп, өзүңүздүн колуңуз менен түзгөн, Абдылдаевдин, Токон Мамытовдун колу турат. Президенттик администрациясынын комиссиясы экөөнүн күнөөлөрүн далилдеп, расмий жарыялап берди. Сиздин колуңуз турат 15-октябрда, я согласен с доводами комиссии сделать выводы деп. А где выводы? Сиз болсо айтып атасыз, Камбаралы Ташболотович дагы 2 ай отурсун деп. Мына биздин мамилебиз, биздин нааразылыгыбыз ушундан чыгып атат.

Андан кийин Кулов бир абдан катуу сөз айтты, көбүңөр көңүл бурбай калдыңар, семейно-коррупционное разложение деп айтты. Сиздин эң башкы тандемдеш өнөктөшүңүз айтып атат муну. Ошого каршы конституциялык жаңы реформа керек, парламенттик башкаруу керек деп айтып атат. Мен Кулов боюнча эки эле мисалды айтайын, “Куловго өлүм” деп кыйкырып турган бир татынакай эжекебиз, Курманбек Салиевичтин буйругу менен бүгүн КТРдин биринчи орунбасары болуп иштеп атат.
“Кулов камалыш керек, ветролетторду уурдаган, мен мунун сөзүн укпайм” деген азамат, көмүрдө иштеп жүргөн Рахмонов бүгүн Свердлов районунун акими болуп отурат. Мыйзам турат өкмөттүн полномочиеси жөнүндө, Гуронов дайындалабы, башкасы дайындалабы Куловуңуз билбейт, сыртынан тон бычып атасыз. Кеп ушул жөнүндө болуп атат. Экөөңөр башында тандемди, Конституцияны бузуп, өзүңүз күч структурасын алдыңыз, бул кишиге бюджет образующий деп бердиңиз дагы, ошонун бирөөсүн дагы аткардыңызбы? Темир жол, аэропорт, газ кимде, шагыраган акчанын баары Курманбек Салиевичтин өзүндө. Сөзүмдүн аягында мен азыркы бийликте отургандардын ичинен үч азаматка гана кайрылам, анткени мен аларга ишенем, алардан үмүтүм өчө элек. Бул азаматтардын бирөөсү Феликс Кулов, экинчиси Мыктыбек Абдылдаев, үчүнчүсү Мурат Суталинов, уят болуп кала электе 2-ноябрга чейин отставкага кеткиле!

XS
SM
MD
LG