Алгач сөзгө чыккан президент Конституциялык реформа элде кеңири талкуу болушу зарылдыгына байланыштуу созулуп келатканын айтуу менен 20-ноябрга карай парламентке өз долбоорун сунуштаарын билдирди. Элдик ишенимдеги өкмөт тууралуу маселе мыйзамдык негизде чечилиш керектигин айтып, Мамлекеттик телерадиокомпанияны коомдук телекомпанияга айлантуу маселесине карата мындай пикирин билдирди:
"Коомдук телеканалга каршы эмесмин. Ош ЭлТВны ошондойго өткөрөлү. Мыйзам кабыл алып бергиле. Керек болсо Бишкекке которолу. А эмне үчүн мамлекетте бир мамлекеттик телеканал болбосун. Биз мамлекеттик идеология дейбиз, улуттук идеология дейбиз. Ким аны жеткирет, кайсы телекомпания аркылуу алып барабыз".
Үйбүлөлүк бизнес тууралуу сөздөргө токтолгон президент эгерде балдары ээлеп алган бир мамлекеттик мүлк болсо жана ал документ түрүндө далилденсе, ал мүлктү мамлекетке өткөрүп берүүгө даярдыгын ачыктады. Президент оппозиция менен диалогко даяр экенин айтып, шейшембиде саат онго өкмөт үйүнө «Реформа үчүн» кыймылдын лидерлерин сүйлөшүүгө чакырды.
Президенттен кийин сөз сүйлөгөн өкмөт башчы Феликс Кулов конституциялык реформа, келерки жылы парламенттик шайлоо өткөрүү менен өкмөттү жаңылоо кризистен чыгуунун жолу экенин билдирди. Премьер-министр да оппозицияны шейшемби күнү кечке жуук сүйлөшүүгө чакырды:
"Менин сунушум бар, 31-октябрда кечке жуук «Реформа үчүн» кыймыл менен өкмөт мүчөлөрү чогулуп сүйлөшсүн деген. Менин ал сунушум күчүндө турат. Биз даярбыз. Өкмөт мүчөлөрүнүн да айта турган сөзү бар".
Өкмөт башчы эң башкы маселе катары конституциялык реформаны атады. Ал эми Жогорку Кеңештин төрагасы Марат Султанов конституциялык реформа боюнча орток пикирге келүүгө чакыруу менен анын жолдорун сунуштады.
Булардан кийин депутаттар сөзгө чыга баштады. Депутат Муратбек Мукашев Кыргызстанга таасир эткен тышкы, ички факторлорду баяндоо менен, маселе бүгүнкү бийликтин сокурдугунда болуп жатат деди:
"Бүгүнкү проблема бийликтин сокурдугунда жана эки бутунан тең аксап жаткандыгында. Президент факты жөнүндө сурады. Бир факты. 24-мартта өткөн жылы Улуттук банктын Жалалабад облусундагы сактоо жайынан 22 миллион 854 миң сом таланып-тонолгон. Аны Жаныш Бакиев жасаганын баары билишет. Улуттук банктын мурунку төрагасы Улан Сарбанов талап-тоноодон болгон жоготууну кокустуктан болгон жоготуу катары жазып койгон. Мына ушундай себептен 500 миң доллар уурдаган адам жоопкерчилктүү кызматта иштеп отурат. Анткени мына ушундай жол менен кылмыштуу аракеттер жаап-жашырылып жатат".
Мукашев сөзүн "тандем кетиш керек" деп аяктады.
Ал эми депутат Иса Өмүркулов парламент кабыл алган токтомдордун аткарылбай жатканын белгилеп, реформаны, парламенттик башкаруу системасын жактаарын билдирди. Депутат Камчыбек Ташиев шайлоочулар президентти шылдың кылууну токтотууну талап кылып жатканын айтты:
"Биздин президентке берген добуштарыбызды кордоп, шылдыңдашпасын деп жатышат шайлоочуларым. Президент тууралуу абдан жаман сөздөрдү айтып жатышат. Биз президентке 90% добушубузду бергенбиз. Ал эми президент ошого карата катуу чара көрсүн деп атышат. Эгерде президент өзүнүн чарасын колдонбой, биздин добушубузду коргобосо, анда биз өзүбүз коргойбуз деп жатышат".
Депутат Мелис Эшимканов системаны өзгөртпөй туруп, шайлоону өткөрүп алууну башкы жаңылыштык катары баалады. Ушуну менен регламентке ылайык убакыт аяктап, депутаттар сөзү токтоду. Алар сөздү шейшемби күнү улантмакчы.