Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2023-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:21

ПАКИСТАН АСКЕРЛЕРИ СЕКСЕНДЕЙ ТАЛИБДИ ЖОК КЫЛДЫ


30-октябрда таңга маал Пакистан армиясы Аль-Кайыданын машыгуу лагеринде жашынган сексендей талибди жок кылышты. Пакистан армиясынын генералы Шаукат Султандын айтымында, талибдер машыгуу лагери катары Бажаур провинциясындагы медреселердин бирин пайдаланышкан.

Пакистан армиясынын генералы Шаукат Султандын маалымдашынча, Бажаур провинциясында жайгашкан медресе талибдердин башчыларынын биринин менчиги болгон жана чабуул болгон учурда анда сексенге жакын талиб машыгуудан өткөрүлүп жаткан.

"Биз чалгындоо булактарынан Бажаур аймагындагы медресе терс максаттар үчүн пайдаланылып жатканын тастыктаган маалыматтарды алдык. Анда кеминде70-80согушкер машыгуудан өткөрүлүп, террордук тактикага үйрөтүлүп жаткан экен. Аларды бир нече күн бою аңдып, медресенин машыгуу лагерь катары пайдаланылып жатканын көргөндөн кийин гана ал обьектке чабуул жасалды",- деп билдирди генерал Шаукат Султан.

Генерал ошондой эле курман болгондордун арасында талибдердин көрүнүктүү жетекчилери жок экенин кошумчалады. Бирок Исламабаттагы коопсуздук өкүлдөрү чабуулда жок кылынган талибдердин арасында медресенин ээси Маулана Лиагаттула да бар экенин маалымдашат. Бул маалыматты Пакистандагы көз карандысыз журналисттердин бири Мохамад Салим да тастыктады.

"Мен азыр аскердик операция жүргүзүлгөн Бажаур чөлкөмүнүн Дамадола деген жеринде жүрөм. Колумдагы маалыматтарга караганда, бул медреседе 83 киши машыктырылучу. Алардын 80 дейи курман болду, дагы экөө жаракат алды",- деди кабарчы.

Бажаур чөлкөмдүндө жүргөн кабарчылар жергиликтүү эл медресенин урандылардынан өлүктөрдү чогултуп жүрүшкөнүн айтышат.

Бүгүнкү чабуул Пакистан аскерлеринин бул регионго жасаган рейддеринин бири гана. Өз кабарчыбыз Нажиб Аамирдин айтымында, мындан бир жыл мурда Пакистандын аскерлери Дамадола кыштагына чабуул жасап, Ал-Кайыда башчыларынын бири айман Ал- Завахирини жок кылып, же колго түшүргөнгө аракеттенишкен. Бүгүнкү чабуул талибдер менен жергиликтүү уруу башчыларынын тынчтык сүйлөшүүлөрү жүрүп жаткан кезге туш келди- дейт кабарчы.

Бирок жергиликтүү диний жетекчилик Вазиристан провинциясындагыдай тынчтык келишимин түзүү максатын көздөгөн сүйлөшүүлөр эми ордунан чыкпай калды көрүнөт дешет. Борбордук өкмөткө баш ийбеген жергиликтүү уруу башчылары Исламабад үчүн далай жылдардан бери баш оору болуп келатат.

АКШнын Ооганстандагы аскерлеринин чабуулдарынан качкан Ал-Кайыда жана талибан аскерлери дал ушул региондо жашынышат. Мындан эки күн мурда эле Кхар деген жерде талибдер Ал-Кайыда террорчу уюму менен талибдерге колдоо көрсөткөн жүрүш өткөрүштү.

Баян Жумакадыр кызы, Прага шаары

XS
SM
MD
LG