Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:57

ТЕМИР САРИЕВ: ПРЕЗИДЕНТ ӨЗҮ СҮЙЛӨШҮҮЛӨРДҮН ЭШИГИН ЖААП КОЙДУ


Бүгүн өлкө башчысынын парламенттеги билдирүүсүнөн кийин айрым депутаттар, Бакиев өлкөдөгү кырдаалдан чыгуу тууралуу орчундуу көз карашын айтпастан, тескерисинче төрт-беш депутатты айыптап, коркутууга кирди, деген пикирлерин билдиришти. Алардын бири депутат Темирбек Сариев кабарчыбыз Аманбек Дилденбай менен болгон маегинде, Бакиевдин билдирүүсү өз максатына жетпегенин белгиледи.

- Темир мырза, бүгүн президент парламентке билдирүү менен чыкты. Мына ушул Бакиевдин билдирүүсүнө сиздин жеке көз карашыңыз кандай?

- Мына президент мамлекеттик телерадиокомпаниясынан бүгүнкү билдирүүсү жөнүндө атайын айтып, 30-октябрда барып бардык маселеге чекит койом деген. Биз чынында эле үмүт этип, депутаттардын баары ойлонуп, президент эми чечкиндүү кадамдарга барып, кандайдыр бир чечимдерди кабыл алат, деп күткөнбүз. Билдирүү жасайм, бардыгына чекит койом деген.Мына бүгүн билдирүүсүн уктук.Бир дагы маселе боюнча ачык, анык оюн айта алган жок. Тескерисинче кандайдыр бир жеке таарынычка, жеке эмоцияга алдырып, бир катар депутаттардын фамилияларын кайталап айтып, ошолорго болгон өзүнүн мамилесин мамлекеттик деңгээлге чейин көтөрүп, эл күтүп аткан, саясатчылар күтүп аткан, саясий партиялар күтүп аткан сөздү айта алган жок. Бул, албетте, абдан өкүнүчтүү.

-Темир мырза, президент эртең 31-октябрда «Реформа үчүн» кыймылдын лидерлери менен жолугуша тургандыгын айтты. Сиздер ал жолугушууга барасыздарбы? Балким бетме-бет жолугушуп, бир пикирге келерсиңер?

-Президенттин сөзүнө ишениш абдан кыйын болуп калды. Эми биз жолугушуп атабыз. Мына бүгүнкү эле чоң форматтагы жолугушуу. Бирок президент биз айткан сөздөрдү уга алдыбы? Эртең мен жолугушууга даярмын дейт дагы, бүгүн биз көтөргөн маселелер боюнча бирөөнү дагы кабыл албайм, деп айтты. Президент сүйлөшөм дейт дагы, бирок бардык «сүйлөшүүлөрдүн эшигин» өзү жаап койду.

- Президент айтпадыбы, кандайдыр бир күчтөр өлкөдө баш аламандыкты уюштуруп, тополоңго жол берсе депутаттык кол тийбестикке карабай чара колдонулат деп. Буга сиздин пикириңиз кандай?

-Президент бизге коркутуп айтып атканы. Бул диктатордун кандайдыр бир чечкиндүү чаралардан коркуп аткан мамилесиндей болуп көрүнөт да.Булар келип менин бийлигимди басып алат, деп бизди өзүнө салыштырып атат. Андан кийин колуңарды сындырам, курал колдонгонду билем.Мен бербейм, мен кетпейм, качпайм дегени президенттин бүгүнкү күндөгү дараметин көргөзүп турат. Мен ойлойм, биз 1937-39-жылдан эчак эле кеткенбиз, былтыркы 24-мартты дагы басып өткөнбүз. Эгерде бирөө президентке каршы сүйлөп атса анын колун сындырам, аны атам, каматам дегени жосунсуз жорук. Биз демократиялуу укуктук мамлекет куруп, ушул 21-кылымда жашап, өзүбүздүн багытыбызды белгилеп атканда президенттин мындай сөздөрдү айтышы абдан туура эмес. Биз айтып коюшубуз керек. Эл куралсыз тынчтык митингге өзүнүн талабы менен чыгып атат. Эгерде ал ошол чыккан элди провокация кылып,ок колдонобуз, алардын үстүнөн видео-тасмага тартабыз, аңдыйбыз силерди, сөзүңөрдү жаздырабыз, десе бул, коркутуу деп эсептелет.

XS
SM
MD
LG