1884-жылдын бу күнү Казанда жарык көргөн «Труды IV археологического съезда России» жыйнагында Токмок шаарына учкай орун алган Бурана эстелиги туурасында маалымат орун алган. Макалада Бурана эстелиги жана анын курулушуна байланышкан уламыш, археологиялык табылгалар кең-кесири баяндалган. Бурана чебинин курулушу туурасындагы уламыш жана анын сюжеттик мазмуну Мрамор деңизиндеги Леандра сепили жөнүндөгү уламыш менен окшоштугу изилдөөчүлөрдүн көңүлүн бурган.
1889-жылдын бу күнү Пишпек шаарындагы багбанчылык мектеби кыргыз жеткинчектери үчүн эшигин ачты. Кийин ал айыл чарба мектебини айланып, андагы окуу программасынын уюшулушу, билим деңгээли жана бүтүрүүчүлөрдүн сапаттык даярдыгы мекетептин атагын Түркстан аймагына тараткан. Аталган мектепте Казакстан Республикасынын лидери, айтылуу саясий жана коомдук ишмер Турар Рыскулов окуган. Мектеп башында борбор шаардын Панфилов паркында орун алып, кийин ал шаардын түштүк тарабына көчүрүлгөн. 1947-жылдын бу күнү Михаил Фрунзенин Бишкектеги үй-музейи уникалдуу экспонаттар менен толукталды. Полководецтин мурдагы адъютанты С. Сиротинский музейге Михаил Фрунзенин китептери менен брошюраларын белекке берген.
1974-жылдын 31-октябрында СССР министрлер советинин төрагасы А. Н. Косыгин Кыргызстанга иш сапары менен келди. Совет өкмөтүнүн башчысы Кыргыз ССРинин 50 жылдык салтанатына катышып, республика аймагында орун алган өнөр жайларда болуп алардын иши менен таанышты. Республика жетекчилери А. Н. Косыгиндин республикага келиши өндүрүш маселесине байланышкан бир канча маанилүү маселелердин оң чечилишине өбөлгө болгондугун белгилешти.
2003-жылдын 31-октябрында Нарын жергесинде атактуу баатыр Ажыбектин 200 жылдыгы жана айтылуу акын Казыбектин 100 жылдыгына зор салтанат менен белгиленди. Бу күнү Нарын жергесинде Ажыбек баатырдын жана Казыбек казалчынын эстеликтери зор салтанат менен ачылды.
Бу күнү, 1902-жылы Канада Тынч океан аркылуу Австралияга биринчи телеграф кабелин тартып, 1632-жылы голланд сүрөтчүсү Ян Вермеер, 1795-жылы англис акыны Джон Китс, 1854-жылы норвегиялык саякатчы Отто Свердруп, 1875-жылы армян жазуучусу Аветик Исаакян, 1936-жылы саясатчы Гавриил Попов, 1943-жылы француз ырчысы Сальваторе Адамо жарык дүйнөгө келген.
Муратбек Кожобеков