Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 05:08

ОППОЗИЦИЯ ЛИДЕРЛЕРИ МЕНЕН ПРЕЗИДЕНТ СҮЙЛӨШҮҮЛӨРДҮ БАШТАДЫ


Саат ондон өткөндө Өкмөт үйүндө «Реформа үчүн» кыймылынын лидерлери менен президент Курманбек Бакиевдин эки тараптуу сүйлөшүүсү башталды. Оппозиция тараптан депутаттар Ө. Текебаев, А. Бекназаров, Т. Сариев, Б. Шерниязов, М. Эшимканов жана социал-демократтар партиясынын жетекчиси Алмазбек Атамбаев катышууда. Бийлик тараптан президент Курманбек Бакиев, премьер-министр Ф. Кулов, мамлекеттик катчы А. Мадумаров, президенттин администрация жетекчиси М. Абдылдаев бар. Буга чейин оппозиция менен бийликтин жолугуп сүйлөшүү аракеттери ишке ашпай келген. Президент кечээ парламентте сүйлөп жатып, оппозициядагы депутаттарды өзүнө сүйлөшүүгө чакырган.

«Реформа үчүн» кыймылы мамлекет башчыны конституциялык жана демократиялык реформаларды жүргүзүү жөнүндө элге берген убадасын аткарбай койду деп он чакты талап коюп, 2-ноябрда мөөнөтсүз нааразылык митингин өткөрүүгө даярдык көрүп жаткан. Курманбек Бакиев депутаттар алдында сүйлөгөн сөзүндө 20-ноябрга чейин өзү жактырган конституция долбоорун парламентке сунуш кыларын билдирген, бирок оппозициянын калган талаптарын негизсиз деп кабыл алган эмес. Ошол себептүү, байкоочулардын баамында, сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тил табышуу оор болот же такыр эле оң натыйжа чыкпай калышы ыктымал.

XS
SM
MD
LG