Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:15

ЖОГОРКУ КЕНЕШ САЯСИЙ КЫРДААЛДЫ ТАЛКУУГА АЛУУДА (Эртең мененки жыйындын стенограммасы)


Султанов: -Урматтуу депутаттар 55 депутат каттоодон өттү. Каттоо аяктады. Анда ишти баштайлы. Урматтуу депутаттар! Мен эртең менен президент Курманбек Бакиев менен сүйлөштүм. Ал саат ондо кечээки айтканындай "Реформа үчүн" кыймылынын өкүлдөрүн күтүп, сүйлөшүүгө даярмын деди. Анан айтты, мен радиодон угуп атам силердин сүйлөгөнүңөрдү, мүмкүн болсо кичине аяктаганга жакын болгондо келип өзүм да жыйынтыктоочу сөзүмдү айтып кетем деп сунушун берди.

Бекназаров: Урматтуу төрага! Президент ушул жерде сөз берген, мен аягына чейин отурам деген. Мына эл, коомчулук күткөн диалог ушул жерде болуп аткан. Андан башка, ал "сүйлөшөм", "келсин" деген сөзү боюнча беш пункт боюнча бул жерде өзүнүн позициясын четко айтты. Бир сөз менен айтканда, мен кылбайм, аткарбайм деди. Бирок ошого карабай бизди дагы күнөөлөбөсүн. Биз ондо барабыз. Бирок бир нерсени сиз сураныңыз, бул жерде депутаттар сүйлөгөндө уксун, катышсын бул жерде. Анда эмне билдирүү жасады. Кечээ айтпадыбы, мен качып кетпейм, отурам деп. Сөзүнө эмне үчүн турбайт. Сөзүнө турбаганынан ушул акыбалга келип отурабыз, аткарбаганынан. Мен суранам сизден чакырыңыз, келип ушул жерге отурсун.

Эшимканов: Урматтуу төрага! Азимбек Анаркуловичтин сөзүн улап эле. Биз азыр барып келели ал киши мынча чакыргандан кийин. Бирок телевизорго тартылып, өзү айткандай беш депутаттан башка да парламент деген бар. Добуш берип атат, 75 адам бар. Биз дагы айталы, сиз дагы расмий түрдө кайрылыңыз, азыр кайра келсин. Анан радиодон угуп коюп, анан аягында сүйлөп коюп деген жаш баланын оюнун кылбасын. Бүгүн позициясын ушул жерге келип парламенттин алдында, мисалы 40 киши жазылыптыр, ошонун бардыгынын арасында не бир суроолор болот, ошолорго жооп берсин.

Сариев: -Урматтуу депутаттар! Урматтуу өкмөт мүчөлөрү! Урматтуу бизди угуп аткан кыргыз эли! Биз кече күнү президент сүйлөгөндөн кийин саат ондо даярмын дегенде биз түштөн кийин реформа боюнча кыймылынын штабы чогулуп, өйдө-ылдый сүйлөшүп, анан Азимбек Анаркулович айтып кеткендей туура таптык, 4-5 бүгүн барабыз. Биз башынан эле айтып келатабыз, сүйлөшүү жол менен президент өзү эле берген убадаларын аткарып, Конституциялык жана башка реформаларга барса болмок деп айтып келатабыз. Муну дагы айта беребиз. Ар бир мүмкүнчүлүктү биз толук колдонобуз. Ойлойм, кечээ чоң форматтагы сүйлөшүү болду. Бүгүн анын уландысы сөзсүз түрдө болуш керек. Марат Абдразакович сиздин президент менен болгон сүйлөшүүңүз дагы болуш керек. Мына биз барып келгенден кийин ал киши келсе, бүгүн керек болсо кечке чейин отуралы, сүйлөшөлү, угалы. Мен чынын айтсам, кечээ күнү ойлогом, президент бул саясий бир кадамды алдыга таштап, отузунда келгенде ушул жерден сүйлөп, 2-3 указды алдына таштап, ошонун бир указы болсо Конституциянын долбоорун киргиздим деп сизге расмий түрдө тапшырат деп ойлогом. Бул президент жагынан аябай чоң кадам болмок. Бүгүнкү кризистен чыгуунун бирден-бир жолу ошол болчу. Бирок ал киши ага эрки жетпеди. Депутаттарды эшекке теңеп, айкыра бересиңер деп айтты. Аны мен эмес, эл айтып, түкүрүнүп атат, бул мамлекет башчысынын деңгээлинде сүйлөй турган сөзбү деп. Мамлекет башчысы, эл журт башкарган адам ушинтип айтабы. Элди биримдикке чакырып, кыргыз элинин атынан сүйлөгөндүн ордуна жарып-бөлүп элди, мен орусча кайрылат элем, мен кыргызча кайрылат элем, мен чүйлүктөргө кайрылам деп. Ал президент кыргыз элине кайрылыш керек. Урматтуу президент, бүгүн барсам да айтам сизге ошону. Бир жарым жылдан берки саясатыңыз элди экиге бөлүп салды, эми үчкө-төрткө бөлгөнү турасыз деп айтамын азыр. Мына ачуу чындык, бирок бул чындык. Мен ошон үчүн ойлойм, Марат Абдразакович биз ачууга алдырбасак, сиз дагы бир жолу сүйлөшүңүз, биз азыр бешөөбүз чыгып кетсек, азырак болуп калат, бул жерде 55 эле киши болуп турат. 11ден кийин кайра уланталы президенттин катышуусу менен. Ага чейин танапис жарыялап тургула, биз бир саатта жолугуп келели.

Текебаев: Биз жолугушуу сөздү баштайлы. Себеби диалогго президент өзү чакырган бизди, ушуну эске алып туруп, аны да диалогго чакырганын сыйлайлы, ошон үчүн келгенден кийин анан баштайлы.

Жээнбеков: Урматтуу төрага, урматтуу депутаттар! 2-ноябрь боюнча бир эле биз эмес чогула тургандар. Бул боюнча бүт Кыргызстандын эли тынчсызданып атат азыр эмне болот деп. Кече баштаган ишти үч бийликтин бутагы президент баш болуп, ушул жерден бир чечим кабыл алып чыгып кетпесек, элге ошону көрсөтпөсөк, анда эртең эле айтат булар эмне болгон деп. Ошон үчүн мен сунушун колдойт элем, урматтуу президент келип отурса, саат он бирге чейин токтойлу дагы, оппозиция барып келсин. Ушул жерден түн болсо да бүгүн бүтүрүп анан чыгып кетели. Болбосо отурганыбыздан эмне пайда. Ошону добушка коюп коюңуз.

Карабеков: Я хотел бы сказать, то что вчера случилось. Вчера телевидение “Пирамида” вышло в эфир. После того, как она вышла в эфир я сидел там до поздна, видимо люди ждали когда я уеду. Когда я уехал, приехало национальное агентство связи, начали ломиться туда “почему вы выходите в эфир”. Власть не спрашивает, почему три месяца телеканал молчал. Власть спрашивает, почему вы вышли в эфир. Я вот обращаюсь к президенту, который как вы говорите слушает радио. Разберитесь почему идет такая двойная политика, почему бандитскими методами давит на телевидение, почему бандитскими методами вершат суд, почему люди, которые находятся во власти пользуются криминальными методами. Вот НАСа сидит на телевидении, выкручивает всем руки, причем здесь НАС. Спросите сами у себя Курманбек Салиевич, почему в эфир не выходит телевидение “Пирамида”. Почему вы закрываете, не без вашей команды это пошло. В десять часов вечера прикатила толпа.

Байболов: Урматтуу депутаттар! Урматтуу төрага! Саат он бирге эгер булар бүтпөй калса, ошондо да бири-бирибизди таппай калбайлы. Ошон үчүн булардын жолугушуусу бүткөндөн кийин ушул маселе чечилгенге чейин түнкү саат он эки, бир болобу, бүгүн аягына чыгышыбыз керек, сыртта элдин бары күтүп жатат, болбосо биздин колубуздан келбейт экен деп Жогорку Кеңешти жаап чыгып кетишибиз керек.

Султанов: Урматтуу депутаттар! Мен биринчи сунушту коеюн. Биринчи сунуш мындай, 11де баштайлы, же болбосо "Реформа үчүн" тобу жоулугушуп бүткөндөн кийин, мүмкүн 11ге чейин бүтпөй калышы мүмкүн деп атышат. Ошолор келдегенден кийин баштайлы, президенттин катышуусу менен деген сунуш бар. Бул биринчи сунуш. Экинчиси - бүгүн бүтмөйүнчө уланта берели деп. Андан тышкары Дооронбек Садырбаевич ооруканада жатат, аны да билесиздер. Ал мага кат менен кайрылыптыр, кечээ биз 40 депутаттан кийин чек койдук эле. Ал да айтып атат мен да радиодон угуп атам, бирок Салымбеков Мамытбай Маткабыловичтен кийин мени да жазып коюңуздар деп. 30 добуш менен кабыл алынат. 48 добуш менен кабыл алынды.

XS
SM
MD
LG