Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:38

“АР-НАМЫС” 2-НОЯБРДАГЫ МИТИНГГЕ КОШУЛБАЙТ


Чолпон Орозобекова , Бишкек «Ар-Намыс» саясий партиясынын кезексиз курултайы бүгүн болду. Анда оппозициячыл күчтөр даярданып аткан 2-ноябрдагы митингге «ар-намысчылар» катышпай тургандыгы, бирок коомдук тартипти сактаган кошуундун милдетин аткараары жарыяланды. Курултайда партиянын негиздөөчүсү премьер- министр Феликс Кулов сөз сүйлөдү. Ал партиянын ысык-суугуна тоңуп жүргөн айрым адамдарга жогорку кызматта туруп да жардам бере албай келатканына бушаймандыгын ачык айтты.

Парламентте депутаттар менен жолугушууга шашып аткан Феликс Кулов биринчи болуп сөз берүүнү өтүндү. Премьер- министр партиядан четтегени менен азыр да чоочун адам эмес экенин билдирди.

Кезексиз курултай өлкөдөгү кырдаалды талкуулаганы жана 2-ноябрдагы саясий акцияга карата мамилесин аныкташ үчүн чогулуп аткандан кийин дал ошол окуядан сөз баштады. Феликс Кулов 2-ноябрдагы митингдин талаптары калыс талаптар деп белгиледи. Бирок ошол эле учурда күчкө салмай мындай аракеттерден алыс болууну эп көрөт:

- Келе жаткан митингдин негизги лозунгдары туура. Бирок алар конституциялык жана тынч жол менен ишке ашышы керек. Саясий маселелерди күч колдонуу менен чечүү аракети эч жыйынтык бербейт. Саясий кеңеш берген маалыматка караганда, бул күнү партиянын мүчөлөрү коомдук тартипти коргош үчүн күзөтчү катары чыгышат,- деди Ф. Кулов.

Феликс Куловдун сөзүнүн ток этер жери ушул болду. 2-ноябрда «ар-намысчылар» митингчилерге кошулбайт, бирок коомдук тартипти сактоо ниети менен колдоруна «Ар-намыс» деген кызыл чүпүрөктү тагып алып аянтка чыгышат.

Премьер- министр сөзүнүн соңунда партиянын ички иштерине, маанайына да токтолду. Соңку кездери таарынып, партияны таштап кетип аткандар бар экендигин моюнга алды. Бул кызматка отургандан бери бир да партиялашымды же тууганымды кызматка отургузган жокмун деди. Премьер- министр мамлекеттик кызматка бир кишинин арты менен эмес, шайланып конституциялык жол менен жетүүнү кеңеш кылды.

Феликс Кулов шашып парламентке жөнөп кеткенден кийин курултай өз ишин улантты. Күн тартибин бекитүүгө келгенде ар кайсы райондордон келген делегаттар менен партиянын борбордук жетекчилиги ортосунда талаш- тартыш болуп кетти. Делегаттар кыйкырып, саясий кеңеш отчет берсин, андан кийин ишеним көрсөтөбүзбү же жокпу чечебиз деген да ойлор айтыла баштады. Эми Алиев болсо отчет бергенге даяр эмеспиз деп ачык айтты.

«Ар-намыс» партиясынын айрым мүчөлөрү партиянын Бишкектеги борбордук жетекчилигине барган сайын нааразылык күчөп, Акаевдин тушунда милициянын токмогун жеп, кышкы ызгаарга тоңуп жүргөн эски мүчөлөр башка партияларга өтүп кетип атканын айтышты Азаттыкка.

Ошентип өкмөт башчы «ар-намысчылар» 2-ноябрдагы митингге кошулбай тургандыгын тактап кетти. Бирок бул кабарды партиянын мүчөлөрү жакшы кабыл алышкан жок. Партиянын Ыссык-кол облусу боюнча координатору Шакен Турдубаев партиянын жетекчилиги менен мүчөлөрүнүн позициясы келишпей турат дейт:

- Бул жерде жетекчилик менен биздин пикирибиз кайчы келип атат. Көлдөн келген делегаттар деле, башка региондордуку да митингге катышабыз деп келишкен. Себеби биз бул митингдин талаптарын толук колдойбуз. Куловдун сөзүн уктуңар, ошентип азыр эки ача пикирде турабыз,- дейт Шакен Турдубаев.

Ошентип, «Ар-намыс” партиясынын кезексиз курултайы соңуна чыкты. Анда партиянын тагдырына, курамына байланыштуу чечимдер кабыл алынган жок. Болгону өлкөдогү саясий кырдаал тууралуу сөз болуп, эң башкысы «ар-намысчылардын» 2-ноябрдагы жүрүш-турушу аныкталды.

Партиянын саясий кеңешинин мүчөсү Абдысапар Биялиев бул курултай партиянын ички маселелерин караш үчүн уюштурулган эмес дейт.

- Саясий кеңеш отчет берсин деп атышпайбы, мыйзам чегинде анын өз тартиби жана кезеги бар. Бул курултай саясий кырдаалды талкуулаш үчүн гана чакырылды. Кеңештин 15 мүчөсү беш жылга шайланган. Убагы келгенде отчет беришет.

Курултайдын айрым делегаттары Феликс Куловдун шашып кетип калганына өкүнүп, өзүнө бардык ойлорубузду ачык айтып калат элек дешти. Премьер-министр болсо курултайдан чыгып баратып партиянын көпчүлүк мүчөлөрү менен бүгүн-эртеңден калтырбай жолугуп сүйлөшүүнү убада кылды.

XS
SM
MD
LG