Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:38

ПРЕЗИДЕНТ-ОППОЗИЦИЯ : СҮЙЛӨШҮҮЛӨРДӨН МАЙНАП ЧЫККАН ЖОК


“Реформа үчүн” кыймылынын лидерлери менен президент Курманбек Бакиевдин бүгүн Өкмөт үйүндө болгон сүйлөшүүлөрү тил табышууга алып келген жок. Аталган кыймылдын мүчөсү Азимбек Бекназаров бетме-бет сүйлөшүүлөр курч мүнөздө өткөнүн, бирок оң натыйжа чыкпаганын айтты. Президенттин басма сөз катчысы Нурлан Шакиев болсо жолугушууда көтөрүлгөн айрым маселелер боюнча эки тараптын пикир келишкен жагдайлары байкалды деп эсептейт.

Президент Курманбек Бакиев менен депутаттар Азимбек Бекназаров, Темир Сариев, Мелис Эшимканов, Өмүрбек Текебаев, Болот Шерниязов жана “Реформа үчүн” кыймылдын лидери Алмаз Атамбаев жолугушту. Президент тараптан премьер-министр Феликс Кулов, Мамлекеттик катчы Адахан Мадумаров, президенттик администрациянын жетекчиси Мыктыбек Абдылдаев катышты.

-“Реформа үчүн” кыймыл койгон негизги он талаптан башка дагы маселелерди ачык сүйлөштүк. Курч суроолорду, ошол Борис Березовскийден баштап, уулу Максим Бакиев, бир тууган инилери болобу, башка дагы проблемаларды талкууладык. Менимче бир жарым жылдан бери президент биринчи жолу өз дарегине айтылган сынды укту. Азыр айрымдары бизден сурап атышпайбы, жабык эшик артында өзүңөрдүн пайдаңар үчүн соодалашып чыктыңарбы деп. Мен айтат элем, андай болушу мүмкүн эмес. Анда биз элдин жүзүн карай албай калабыз. 2-ноябрда мурдагы талаптарыбыз боюнча митингге толук чыгабыз. Эң негизгиси саясий эрк, чечимдердин бардыгы Курманбек Бакиевдин өзүндө,- деди жолугушуулардан кийин Мелис Эшимканов.

Бул депутаттын айтымында, сүйлөшүүдө негизинен конституциялык реформанын айланасында кызуу талкуу болгон. Ал эми депутат Азимбек Бекназаров жолугушуудан эч кандай майнап чыккан жок деген пикирде. Анын айтымында, “сүйлөшүүлөр жаңы эле башталды, дагы сүйлөшөлү деген сөздөр менен жолугушуу аяктап”, эч кандай жыйынтык чыккан эмес.

Депутат Темир Сариев президент менен жолугушууда Бакиев көп нерсени түшүндү деген ойдо. Анткени, “оппозициядагы депутаттар делген, саясатчылар президентке ачуу чындыкты айтып, туура, так маалыматтарды берген. "Анын ичинде айрым маалыматтар президент үчүн жаңылык да болду”,-дейт Темир Сариев.

Президенттин басма сөз катчысы Нурлан Шакиев болсо, дагы такталууга муктаж болгон маселелер, сүйлөшүүнүн экинчи баскычында талкуулана тургандыгын билдирди:

"Жолугушууда көтөрүлгөн айрым принципиалдуу маселелерди эске албаганда, кээ бир маселелер боюнча эки тараптын пикири келишкен жагдайлар байкалды. Алар эми тактоого муктаж, дагы кошумча сүйлөшүүгө муктаж болгон принципиалдуу маселелер боюнча сүйлөшүүлөр жолугушуунун экинчи баскычында көтөрүлө турган болду".

Шакиев “Реформа үчүн” кыймылынын лидерлери менен президенттин жолугушуусунун экинчи баскычы чукул арада болоорун белгиледи.

Аманбек Жапаров, Бишкек

XS
SM
MD
LG