Кечээ 31-октябрда саат жыйырма бирде мамлекет башчысы Курманбек Бакиев депутаттар Өмүрбек Текебаев, Азимбек Бекназаров, Темир Сариев, Мелис Эшимканов жана «Реформа үчүн» кыймылдын лидери Алмаз Атамбаев менен жолугушуп экинчи айлампадагы сүйлөшүүнү өткөрдү. Бул жолугушууга депутат Болот Шерниязов жана премьер-министр Феликс Кулов белгисиз себептер менен катышкан жок. Президент тараптан Мамлекеттик катчы Адахан Мадумаров, президентин администрация башчысы Мыктыбек Абдылдаев катышты. Жолугушууда Бакиев жаңы Конституциянын долбоорун бейшембиде Жогорку Кеңешке алып чыгаарын айткан.
"Президент бейшембиде Жогорку Кеңешке Конституциянын жаңы вариантын алып чыгам деди. Биз менен макулдашылып, жанагы түзүлгөн топтун варианты боюнча. Анда көбүнчө парламенттин укугу кеңейтилген. Экинчисинде МТРKны коомдук телевидение кылып түзүүгө макулдугун берди. Калган үйбүлөлүк бизнесине байланышкан. Конгантиевдердин окуясына байланышкан, Аксы окуясына, Пирамидага байланыштуу жана башка маселелерге даяр эмес экендигин билдирди.Ошон үчүн биз 2-ноябрда эл менен чыгып, алардын отставкасын талап кылган максатыбыздан кайтпайбыз, деп чечтик",- деди "Реформа" кыймылынын лидерлеринин бири.
Ал эми «Реформа үчүн» кыймылынын лидери Өмүрбек Текебаев эки тараптуу сүйлөшүүдөн эч кандай жыйынтык чыкпаганын билдирди.
Аталган кыймылдын дагы бир мүчөсү Темир Сариев, сүйлөшүүнүн экинчи айлампасы биринчи жолугушуудагыдай курч маанайда эмес, талаш жараткан маселелердин айланасында гана өткөнүн белгиледи.
Президенттин оппозиция менен сүйлөшүүсүнүн экинчи айлампасы кандай форматта өткөндүгүн билүү максатында президенттин администрациясы менен байланышууга эч бир мүмкүнчүлүк болгон жок.
Айрым байкоочулар бардык маселе эки тараптын бир эле күнкү сүйлөшүүсүндө чечилиши мүмкүн эмес экендигин айтышууда. “Кылым шамы” бейөкмөт уюмунун жетекчиси Азиза Абдырасулованын көз карашында бул проблемалар он жылдан бери чогулган маселелер.
"Биринчиден бетме-бет сүйлөшүү эми кана башталды. Мындай сүйлөшүүлөр бир күндө чечилбейт. Себеби проблемалар чечиле турган суроолор, маселелер өтө тереңдеп кеткен. “Реформа үчүн” кыймылдын коюп жаткан талаптары кечээ эле чыккан маселе эмес. Бул сегиз, он жылдан бери, Аскар Акаевдин убагынан бери коюлуп келаткан талаптар. Ошолор акырындык менен чогулуп, абдан чоң проблемага айланып кеткен. Ошондуктан бир эле жолугушуудагы сүйлөшүүдө баары чечилип калса, анда мынчалык ызы-чуу болмок эмес. Ошол проблема чоңдугунан чечилүүчү маселе өтө оор экендигинен узакка созулуп атат. Эң башкысы эки тараптын сүйлөшүүгө отурганы өтө маанилүү. Бүгүн бир чечимге келе албаган маселелер боюнча эртең, же башка жолугушууларда сөзсүз бир чечимге келет. Чечилбей калуучу маселе жок".
Бул күнкү орчундуу окуялардын бири президенттин “Реформа үчүн” кыймылдын мүчөлөрү менен саат ондо өткөн биринчи айлампадагы сүйлөшүүсү болду. Аталган кыймылдын мүчөлөрү бул жолугушуу абдан курч маанайда өткөнүн белгилешүүдө. Алар президентке Консититуциялык реформадан тышкары кадр маселесиндеги калпыстыктарды, Бакиевдин жакындарынын үйбүлөлүк бизнеси, Борис Березовскийдин Кыргызстанга келиши, “Матрешка” операциясы жөнүндө далилдүү толук маалымат беришкен. Депутат Темир Сариевдин айтымында, Президент менен алгачкы сүйлөшүү оңой болгон жок:
"Ачуу чындыктар айтылды. Биз өз талаптарыбызды айттык. Президентке болгон маалыматтарыбызды бердик. Бүгүнкү болуп аткан иш аракеттердин баарын айтып бердик. “Кеч болуп кала электе, сиздин дагы эки күндүк мөөнөтүңүз бар. Өзүңүз убада берген, эл коюп жаткан талаптарды аткарыңыз деп айттык".
Ал эми депутат Азимбек Бекназаров биринчи жолугушуудан эч кандай майнап чыкпаганын билдирди.
Президенттин басма сөз катчысы Нурлан Шакиев болсо, биринчи айлампадагы эки тараптуу жолугушууда дагы такталууга муктаж болгон маселелер, сүйлөшүүнүн экинчи баскычында талкуулана тургандыгын билдирген.
“Президент Бакиевдин “Реформа үчүн” кыймылдын лидерлери менен болгон эки айлампадагы сүйлөшүүсүнөн натыйжалуу жыйынтык чыгарып, келечекке үмүт кылууга болбойт”, дейт аталган кыймылдын штаб башчысы Өмүрбек Абдырахманов.
"Президентке коюлуп келаткан талаптар бир-эки жылдан бери эле айтылып келатпайбы. Конституциялык реформа деп. Кадр саясаты, Аксы окуясы жазындагы митингдерде да коюлган.Бул киши ошолорду ойлоп туруп, толук чечүүгө көп убактысы бар болуучу. Бирок бул киши аларды жасамак түгүл, коюлган маселелердин маанисин түшүнбөйт экен. Кечээ эле МТРКны коомдук кылууга болбойт. Бул менчик болуп кетет деп аткан. Коомдук болгондо деле мамлекекеттик эле бойдон калат да. Эми ушундай жөнөкөй эле маслелерди түшүнбөгөн киши, азыркы акыбалды да туура түшүнөт деп мен ишене албайм. Анан кийин бул киши калп сүйлөйт экен. Мына кечээ эле МТРКны коомдук теле кылууга болбойт, деп сессияда айтып аткан. Бүгүн болсо болот турбайбы, деп калыптыр. Ошондуктан бир туугандары, үйбүлөсүн “чаң жугузбай” жактап, Кыргызтандын ал-акыбалын ушундай коркунучка алып келип такаганы абдан өкүнүчтүү нерсе",-деди Өмүрбек Абдырахманов.
Ал эми “Кылым шамы” бейөкмөт уюмунун башчысы Азиза Абдырасулова эки тараптын бир пикирге келиши абдан кыйын экенин, президент коюлган талаптардын бардыгын эле аткара албастыгын билдирди.
Эки тараптын кийинки сүйлөшүүсү качан болоору тууралуу “Реформа үчүн” кыймылдын мүчөлөрү, президенттин маалымат кызматы алдын ала так айта алышкан жок.
Аманбек Жапаров,Бишкек