Советтик мезгилде жашагандар цензура канчалык күчтүү курал экенин жакшы билишет - ал кезде бир дагы аңгемени же макаланы партиялык текшерүүдөн өткөрбөстөн жарыялоо мүмкүн эмес болчу. Ирандагы азыркы абал дал ошондой, коммунисттик идеологиянын ордуна гана диний цензураны коюш керек.
Абал канчалык оор экенин бир эле мисал көрсөтөт - кайтыш болгон жазуучу Самад Бехрангинин бир китебин басып чыгаралы дегенде, текшерүүчүлөр анын текстиндеги: "Мындан эки жыл мурда абал азыркыдан жакшы болчу", - деген сөздөрүнө тийишип, китепти чыгартпай койгон: "Цензура бизде дайым бар болчу, бирок мурда биз текшерүүчүлөргө барып, алар менен талашып, логикалык түрдө аларга оюбузду түшүндүрө алчубуз. Азыр болсо абал толук туңгуюктагыдай. Мисал үчүн, алар Маданият министрлигине Самад Бехрангинин китебин жибериптир, бирок текшерүүчүлөр: "Мындан эки жыл мурда абал азыркыдан жакшыраак болчу", - деген сөздөрдү таап алып, китепти чыгарттырбай койгон. Бехранги ал сөздөрдү тирүү кезинде, мындан 40 жыл мурда жазганын аларга түшүндүрүп мүмкүн эмес," - дейт жазуучу Фархонде Хажизаде.
Анткен менен мындан эки жыл мурда Ирандагы абал чындап эле азыркыдан жакшы болчу. 1997-2005-жылдарда өлкөнү президент Мохамад Хатами башкарганда, ал маданият министри кылып Аттаола Мохажерани деген адамды дайындаган жана анын учурунда цензура бир топ жумшарган. Кийин динаятчылар аны кызматтан алдырууга жетишкен, бирок абал баары бир азыркыдай эмес болчу. Былтыр бийликке Махмуд Ахмадинежад келгенден кийин болсо абал ого бетер катууланды.
Бирок бийликтегилер эч маселе жок экенин билдирет. Азыркы министр Заффар Харандинин айтымында, Иранда басып чыгарылган китептердин саны жыл сайын он миңге көбөйүүдө, ошондуктан абал жакшырып гана баратат. Бирок жазуучулардын өздөрүнүн айтымында, айрым жазылган китептер жылдап текшерүүдө жатат жана себеп эмнеде экенин түшүнүү кыйын.
Мурда, мисал үчүн, саясий темага арналган, же бийликти сынга алган китептер цензурага алынат деп күтсө болмок, бирок азыр саясатка эч тийешеси жок чыгармалар деле жылдар бою Маданият министрлигинде текшерүүдө жата берет. Жазуучу Али Ашраф Дарвишяндын айтымында, айрым басмаканалар жумушу жок банкротко да айланып жатат: "Мен - уруксат күтүп, азыр текшерүүдө жаткан төрт миңге жакын китепти атай алам. Айрым жазуучулар менен акындар китептерин чет өлкөлөрдө же интернет аркылуу чыгаруу аракеттерин көрүп жатат. Басмаканалар болсо жумушсуз калып, банкротко айланууда, алардын жумушчулары кызматтарын таштап кете баштады", - дейт Дарвишян.
Анын айтымында, жазуучулар бийликке кат жазып, алардын алдына миңдеген адам кол койсо, же маданият кызматкерлери ар башка жыйындарда көбүрөөк сүйлөп, маселени көтөрсө, абал, мүмкүн, өзгөрөт, бирок андай аракеттерге баруудан көпчүлүк жазуучулар коркот.