Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:39

БИШКЕКТЕ ӨТҮҮЧҮ МИТИНГГЕ ТАЛАСТЫКТАР ДА АТТАНУУДА


2-ноябрда Бишкекте өтүүчү митингге Таластан облустун губернаторуна таарынган атуулдар бармай болду. Алардан сырткары, "Ата мекен" партиясынын съездине катышуу үчүн Бишкекке Таластан делегат болуп 110 киши баратат, алардын митингге катышар-катышпастыгын съезд чечет.

Таласта бүгүнкү учурда элдин арасында облустун губернатору Жусупжан Жээнбеков тууралуу ар кандай сөздөр айтылып келе жатат. Төөбурчактын баасын монополия түзүп өстүрбөй жатат, 2 жарым млн. сомго жашап жаткан үйүндө бассейн курду, түштүк тараптан кадрларды алып келип миңдеген гектар жерди аларга берди. Ушул айтылып келе жаткан сөздөрдү такташ максатта губернаторго кайрылган элек. Губернатор Бишкекке кетип калгандыктан анын ордуна анын жардамчысы губернатор менен Жалалабат облусунан бирге келген Абдышарип Бекиловду маекке тарттык:

- Мындай сөздөр айрыкча жетекчилердин аркасынан ээрчип жүрө берет. Мындан ары да боло бере турган көрүнүш. Төөбурчактын баасын көтөрбөйт, бүт облус жетекчинин бардыгын Оштон алып келди деп атышат. Бир дагы облус жетекчини алып келген жок. Анан дагы 2 жарым миллионго бассейн куруптур деди, ал дагы калп болуп чыкты.

Ал эми 2-ноябрь күнү Таласта губернатор тараптан укук коргоо кызматкерлеринен коопсуздукту сакташ үчүн атайын буйрук берилеби, же болбосо башкача иш аракеттер болуп жатабы деген суроого губернатордун жардамчысы төмөнкүчө жооп берди:

- Бул боюнча Ички иштер министрлигинен кандайдыр бир маалымат болушу мүмкүн. Бирок облустук мамлекеттик администрация башчысы тараптан эч кандай күчөтүлгөн режим киргизилген жок. Гуронов деген биздин министрибиз күчөтүлгөн режим 30нан баштап кирет деген. Ал министрдин айтканы республика боюнча баарына тийиштүү.

Талас шаарынын тургуну Айна Куртубаева губернатор тууралуу оюн төмөнкүчө айтты:

- Негизи эле Талас жерине губернатор болуп Талас элинин кулуну иштегени жакшы. Анткени ар бир адам өзүнүн туулуп өскөн жерине кызмат кылгысы келет. Башка жерден келген адамга караганда ак кызмат кылат.

Облустук бийлик биздин айткан талапты аткарбай келе жатат, ошондуктан мен 2-ноябрь күнү Бишкекте өтүүчү митингге барып катышам деп "Талас дан азык" акционердик коомунун өкүлү Роза Жээналиева Азаттыкка билдирди:

- Баягы эле Акаевдин жолуна түшүп, эч кандай чындык, адилет жок биздин Талас облусунда. Жаңы келген губернаторубуз дагы ошол эле Акаевдин жолуна түшүп алып, мыйзамсыз тириликтерди жасап атат. Биз "Талас даназыкты" Жогорку Соттон бүт инстанциянын барын жеңип келдик. Губернатор билет, "Талас даназык" аябай чатак экенин. Бул жерде чоң акча мафия ойноп атат. Мен 2-ноябрда пикетке, митингге барам.

Таласта жакында түзүлгөн "Ата мекен" партиясынын Бишкекте өтүүчү съездине, партиянын облустагы лидерлеринин бири Акмат Дооронбековдун айтымында, делегат болуп 110 киши баратат, алардын митинге катышар-катышпастыгын съезд чечет.

Уланбек Эсенгелди, Талас

XS
SM
MD
LG