Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:10

“ПИРАМИДА” ЭКИ ЖАРЫМ АЙДАН КИЙИН ОБОГО ЧЫКТЫ


Көрсөтүүлөрү 18-августтан бери обого чыкпай калган көз карандысыз “Пирамида” телекомпаниясы 30-октябрда кечинде 1-жолу өзүнүн берүүсүн көрүүчүлөрүнө сунуштады. Азырынча дециметрлик диапозондогу берүү жабдыгы (передатчиги) менен обого чыккан “Пирамиданын” жаңылыктарын Бишкек шаары, анан Чүй облусунун борборго жакынкы аймактары гана көрүүдө.

“Пирамиданын” обого чыгышынын урунттуу учурлары боюнча аталган телекомпаниянын кыргыз бөлүмүнүн редактору Турат Бектенов кеп кылды:

-Биринчиден, “Пирамида” телекомпаниясын коргоо комитетине ырахмат айтып коюшубуз керек. Ошолордун жардамы менен обого чыгууга мүмкүнчүлүк таптык. Комитетти Жогорку Кеңеш депутаты Кабай Карабеков жетектейт. 30-31-октябрь күндөрү “Пирамида” орусча, кыргызча жаңылыктарды берүү менен гана чектелди. Чоң берүүлөрүбүздү алдынала даярдаганга мүмкүндүк болгон эмес. Буюрса, 1-ноябрда “Новый взгляд”, 2-ноябрда “Без ретуши” берүүлөрүбүз кетет.

Эптеп обого чыгуу мүдөөсү, аракети менен жүрүшкөн пирамидачылардын азырынча жаңы берүүлөрдү, жаңы рубрикаларды уюштурууга чамасы келе элек. Дециметрлик диапозондогу берүү жабдыгы (передатчиги) мурдагы өрттөлгөн жабдыктардан кураштырылып жасалыптыр. Кубатсыздыгынан Бишкектен бир аз алыскы аймактарга да көрсөтө албай турат. Бийликтен “Пирамиданы” калыбына келтирүү жагы да катуу талап кылынып жаткандыгын көңүлгө тутуу менен тележурналисттер мамлекеттик телемунарадагы метрлик диапозондогу берүү жабдыгы аркылуу чыгууга үмүткөр.

Ошол эле кезде “Интерньюс-Кыргызстан” гранттык негизде метрлик диапозондогу берүү жабдыгы (передатчиги) менен “Пирамиданы” камсыздоого камынып жаткандыгын АКИпресс маалымат агенттиги жазып чыкты. Берүү жабдыгынын баасы 4 млн. АКШ доллары экен.

Жогорку Кеңеш депутаты Эркинбек Алымбеков “Пирамиданын” кысымга, кол салууларга кириптер болушу саясий гана маселе деп эсептейт:

- Улуттук байланыш агенттиги барып “Пирамиданы” бул жагынан да, ал жагынан да муунтуп салбадыбы. Бул чарбалык эмес, саясий гана маселе. Акүйдүн буюртмасын аткарып келди.

“Пирамида” 30-октябрдын кечинде өз берүүлөрүн обого кайрадан чыгара баштаганда ошол улуттук байланыш агентигинен келип, телекомпаниянын жетекчилерин зекип кеткендиги жөнүндө да маалымат бар. Бирок ал тууралу кеп кылууну ылайык көрүшпөдү. Анын ордуна “Пирамиданын” кыргыз бөлумүнүн редактору Турат Бектенов премьер министр Ф. Куловду улуттук байланыш агенттигинин жетекчилери укпай койгондугун айтты:

- Өткөндө биз Акүйдүн алдында митинг өткөрдүк. Бизди премьер-министр Феликс Кулов өзү кабыл алып, улуттук байланыш агенттигинин жетекчилигине тапшырма берди – булардын маселелерин чечкиле деп. Ошондо тигилер ачык эле айтты – биз, улуттук байланыш агенттиги Президентке баш ийебиз, маселени чечүүгө аракет кылабыз, бирок 25 күндөн кийин деп. Демек, 2-ноябрдан кийин дегени.

Сөз соңунда эскере кетели, 2005-жылдын 7-декабрында кечинде чымыр денелүү бир нече адам күтүүсүз келип, “Пирамиданын” кеңсесин курчоого алышкан. Аларды телекомпания кызматкерлери өздөрүнүн коопсуздук кызматкерлери менен бирдикте киргизбей коюуга жетишкен. Октябрь райондук ички иштер кызматкерлери тарабынан да кысым болгон.

Кийин “Пирамида” мамлекеттик телемунарадан четке сүрүлгөн. Ал тургай “Пирамиданын” өздүк телемунарасын атайын уюштурулган адамдар өрттөп, ал жердеги техникалык кызматкерлерин сабап да кетишкен. Ошол боюнча “Приамида” обого чыга элек болчу.

Кожогелди Култегин, Бишкек
XS
SM
MD
LG