Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:13

НАКЕН КАСИЕВ: "ЭЛЕТ" ПАРТИЯСЫ ЭРТЕҢКИ МИТИНГГЕ КАТЫШПАЙТ


Президент Бакиев кечээ оппозиция лидерлери менен эки ирет жолугушуп, ал сүйлөшүүлөр негизинен майнапсыз аяктады. “Реформа үчүн” кыймылынын өкүлдөрү 2-ноябрда Бишкекте чоң митинг өткөрүүгө камданууда. Кыргызстандагы саясий окуялар туурасында “Азаттык” менен “Элет” партиясынын лидери Накен Касиев ой-пикир бөлүштү.

- Айрым саясатчылар Кыргызстанда азыр кризистик кырдаал түзүлдү деп жатышат. Сиз ушуга макулсузбу?

- Мен макулмун.

- Эмне себептен улам?

- Себеби азыркы коомдогу, жалпы Кыргызстанда болуп аткан саясат ушуга алып келип такады. Себеби эл менен бийликтин ортосунда ишенбөөчүлүк жана мындан аркы келечек тууралуу дагы коомдо пикирлер бүдөмүк.

- Сиз мурдагы бийликте бир топ чоң кызматтарда жүрдүңүз. Айрым кишилер Акаев менен Бакиевдин эч кандай айырмасы жок деп жатышат. Азыркы бийлик мурдагы бийликтин кайсы чоң каталарын кайталап жатат?

- Үч маселе боюнча мурунку бийликтин каталарын кайталап атат. Биринчиден, конституциялык реформаны бийлик шайлоонун жана бийликке келээрдин алдында эң негизги маселе деп элге-журтка убада берген. Ошол убадасынан кайтып, ушуну кечеңдетип, созуп атат. Экинчиден, коомчулукта мурункудай эле таза жана акыйкат кадрлар саясаты жок, бир топ маселелер боюнча азыркы бийликке келген бир топ адамдардын профессионалдык эмес жана өтө начар иштеп атканы. Ошондой эле бүгүн айрыкча экономика боюнча өлкөбүздө эч кандай жылыштар жок. Үчүнчүсү, коррупция маселеси мурункудан дагы өтө тереңдеп кетти.

- Сиздин пикириңизде, Акаев менен Бакиевдин эч кандай айырмасы жокпу, же кайсы бир айырмасы барбы?

- Менимче, айырмасы бар. Бирок, эң негизги маселелер боюнча мурунку болуп аткан бийликтеги катачылык, одоночулук азыр дагы толугу менен кайталанып, ал эмес курчуп кетти.

- “Элет” партиясы “Реформа үчүн” кыймылы коюп жаткан талаптардын барын колдойт деп айтсак болобу?

- Биздин партиябыз алардын бардыгын колдой бербейбиз. Бирок негизги маселелер боюнча биздин оюбуз туура келип атат. Биз эмес эле жалпы коомчулук, эл-жур дагы дагы ошону талап кылып атат.

- Ошондо 2-ноябрдагы митингге “Элет” партиясынын өкүлдөрү дагы катышабы?

- 2-ноябрдагы митингге биз катышпайбыз. Бирок биз оюбузду билдирдик. Биз азыр ортомчу пикирде туруп атабыз. Себеби оппозициянын дагы бүгүнкү жасап аткан кээ бир нерселери аренадагы эле мушташкандай кейипке келип атат. Ошондуктан биз азыр ортодогу абалды ээлеп турабыз.

- Вице премьер Данияр Үсөнов Жогорку Кеңеште сүйлөп атып, Акаев өлкөнү таштай качканда бийликтин авторитети, аброю биротоло тебеленген деп айтты. “Элет” партиясы айыл жериндеги элди көп араласа керек. Карапайым калк арасында бийликтин кадыры жокпу?

- Бүгүнкү бийликтин кадыры өтө төмөн. Себеби элдин күткөнү мындан жогору эле. Тилекке каршы бүгүнкү күнү элибизде, журтубузда бийликтин аброю күндөн-күнгө төмөндөөдө.

- Азыркы саясий кризистен чыгуунун жолдору кайсылар деп ойлойсуз?

- Эң биринчи Конституциялык реформаны созбой, тезирээк ошону ишке ашырыш керек. Мына 1992-1993-жылдагы Конституцияны кайра алып келгенде эле бул иш тезирээк чечилмек. Экинчиден, эч бир кадрлар саясатында туруктуулук жана профессионалдык чечкиндүүлүк жок. Ошондуктан ушул маселени чечсе. Үчүнчүдөн ачык-айкын турган коррупция маселеси менен ачык күрөшүш керек. Себеби бул маселе мурункудан да курчуп кетип, өтө коркунучтуу акыбалга келип калды.

- Саясий кризистен чыгуунун жолдору боюнча “Элет” программасы кандай иштерди көрүп жатат, кандай аракеттер бар?

- Биз маалымат теле, радио, газета аркылуу өздөрүбүздүн оюбузду билдирип атабыз. Эл менен жолугушуп алар менен дагы оюбузду бөлүшүп атабыз. Андан тышкары Конституцияны иштеп чыгуу боюнча да бардык жыйындарга жана конференцияларга катышып атабыз.

- Конституциялык реформа эң башкы кайсы өзгөрүүлөрдү алып келиши керек?

- Эң башкысы- биринчи бийликтин бутактарын тандап, эртеңки күнү кандай бийлик болуш керек, президенттик бийликке, же парламенттик бийликке барабызбы, ушуну тактап элге-журтка даана жеткириш керек. Үч бийликтин ортосундагы булардын тартышып аткан маселелерди тезирээк чечип жай-жайына коюш керек.

- Сиз мурдагы президент Акаев менен байланышып турасызбы? Азыр айрым байкоочулар оппозицияда жүргөндөр Акаевдин бийлигин кайра калыбына келтирүүгө жанталашып атат деп атпайсызбы. Ошол пикирлерге эмне деп айтаар элеңиз?

- Жок, мен ал киши менен байланышкан жокмун. Ал бийликтин кайрадан кайтарып келишинин эч кандай кажети жок.

XS
SM
MD
LG