Парламенттик угууларга саясий партия, өкмөттүк эмес уюмдар, бийлик өкүлдөрү жана окумуштуу-адистер катышууда. Жогорку Кеңештин төрагасы Марат Султанов 2005-жылдын 17-июнунда жарыяланган конституциянын негизинде бийлик менен оппозиция түзгөн жумушчу топ 31-октябрдан тарта иштей баштаганына карабай, парламенттик угууларды өткөрүү зарылдыгын белгиледи.
Бийлик менен оппозициянын биргелешкен жумушчу тобу бир долбоордун үстүндө иштей баштаганына байланыштуу парламенттик угуунун айрым катышуучулары кароого коюлган 14 долбоорго чарпылбай, бир долбоордун үстүнөн иштөөнү сунушташты. Ал эми парламенттин конституциялык мыйзамдуулук жана мамлекеттик түзүлүш комитетинин төрагасы Исхак Масалиев парламенттик угуулар кийинчерээк конституцияны кабыл алууга жардам берерин билдирди.
Талкуунун башталышында «Атуулдук коом коррупцияга каршы» өкмөттүк эмес уюмунун лидери Төлөкан Исмаилова билдирүү менен чыкты:
"Биз конституциянын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн бийлик менен оппозициянын биргелешкен комиссия түзүү демилгесин колдойбуз. Бирок анын жабык түрдө иштөөсү өкүнүчтү жаратат. Биз ага өкмөттүк эмес уюмдардан жана Жогорку Кеңештен дагы үчтөн өкүл кошулуусун жактайбыз. Ошондой эле долбоорду эки-үч күндүн ичинде жаза салууга каршыбыз".
Ал эми «Демократия жана атуулдук коом үчүн» коалициясынын башчысы Эдил Байсалов бийлик менен оппозиция лидерлеринин компромисске барышын колдоого чакырды:
"Кечээ күнү башталган сүйлөшүүлөрдү бөлүнүп алып, жашыруун сүйлөшүү деп атоо жана алты адам биригип алып, мамлекеттин тагдырын чечип жатат деп айыптоо менин оюмча негизсиз. Мамлекет башчысы саясий салмагы бар оппозиция лидерлери менен саясий кеңеш жүргүзүп, компромис табууга аракет жасап жатканда, аны жашыруун, бөлүнүп алып сүйлөшүү жүргүзүп жатат деш негизсиз".
Мына ушундай кайым айтышуулардан кийин талкуулар башталып, алгач кош жарандуулук маселеси күн тартибине коюлду. Бул маселе боюнча юридика илимдеринин доктору Серикул Косаков сүйлөп, андан соң суроолорго жооп берди. Акыйкатчы Турсунбай Бакир уулу, юрист Мукар Чолпонбаев кош жарандык маселеси өтө олуттуу маселе болуп жатканын белгилеп, Россия же башка мамлекеттин атуулдугун алган кыргыз атуулдарынын кыргыз атуулдугун сактап калышы, кыргыз мамлекетинин кайсы өлкө менен кош атуулдукту киргизүү боюнча эгемендүү укугун калтыруу зарылчылыгына токтолушту. Жогорку Соттун төрагасы Курманбек Осмонов сот бийлигин түптөө, иштөө маселелесине токтолуп, конституциянын макулдашылган долбоорунун сотко байланыштуу бөлүгүн өзү иштеп чыккан долбоордон алууну жана муну сот системасында иштеген жарандан сунуштап жатканын белгиледи.Талкуулар президенттин ыйгарым-укуктары, Жогорку Кенешти түзүү, өкмөт, сот жана Борбордук шайлоо комиссиясы, эсеп палатасын түзүү темалары боюнча жүрдү.
Айданбек Акмат уулу, Бишкек