Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Январь, 2022 бейшемби, Бишкек убактысы 02:30

ИРАКТАГЫ АБАЛ АМЕРИКАДАГЫ ШАЙЛООГО ТААСИР ТИЙГИЗЕТ


Нарын АЙЫП, Прага 7-ноябрда АКШда кошумча парламенттик шайлоо өткөрүлөт. Конгресстин эки палатасындагы тең көпчүлүк азыр президент Жорж Буштун Республикалык партиясына таандык. Бирок, айрым эксперттердин пикиринде, Америка эли Ирактагы согушка каршы чыгып жаткандыктан, ноябрдагы шайлоонун жыйынтыгында азыркы бийлик Конгресстеги көпчүлүктөн ажырашы мүмкүн, анткен менен президент Буш өз саясатын улантат.

Шайлоо жакындаган сайын АКШдагы саясий кырдаал курчуп баратат жана жакында президент Жорж Буш менен президенттикке мурда талапкер болгон Жон Керри ортосунда чатак чыкты. Президент андан кечирим суроону да талап кылды, анткени ал студенттер алдында сүйлөгөндө, эгер алар сабактарын жакшы окубаса, Ирактагыдай абалга кабылат деп билдирген. Керри президенттин талабын четке какты.

Пью атындагы институт жакында өткөргөн элдик сурамжылоого тартылгандардын 60 пайызы болсо Ирактагы согуштун жыйынтыктарына терс баа берген. Институттун президенти Эндрю Когуттун айтымында, Конгресске боло турган шайлоонун жыйынтыгына калктын Ирак согушуна болгон мамилеси өтө зор таасир тийгизет:

"Америка калкын тынчсыздандырган маселелер тизмесинин башында азыр Ирак турат. Эң негизги нерсе - согуш кандай ыкмалар менен жүргүзүлүп жатканы менен байланыштуу жана элдин кеңири катмарлары андай ыкмалар жөнүндө терс пикирде. Согушту калк мурда колдогонунун себеби - аны менен террорчулукка каршы жалпы күрөштө да ийгилик болот деп ойлогонунда. Азыр болсо көптөгөн адам - Ирактагы согуштун айынан террорчулук ого бетер күчөдү деген пикирде. Аны менен бийликтеги Республикалык партиянын кадыры дагы солгундады жана анын террорго каршы ийгиликтүү күрөшө алаарынан эл күмөн санай баштады", - дейт Когут.

Бирок мурдагы конгрессмен, азыр Республикалык партиянын жетекчилерине кеңешчи болуп иштеген Вин Вебердин айтымында, Конгресстеги көпчүлүк Демократиялык партиянын колуна өткөндө дагы, президент Буш баары бир өзүнүн Ирак саясатын өзгөртпөйт:

"Менин оюмча, Ай үй андай сурамжылоолорго сөзсүз көңүл бурат жана Ирактагы согушка эл арасында болгон колдоо азайып, Конгресстин эки палатасынын биринде же экөөндө тең көпчүлүк демократтарга өтүп кетиши мүмкүн экенин жакшы түшүнөт. Бирок президенттин туруму өтө күчтүү жана улуттук коопсуздук маселелери боюнча чукул жана алысты көздөгөн кызыкчылыктардан ал баш тартпайт. Менин оюмча, ал өз саясатын баары бир улантат жана шайлоонун жыйынтыктарына таянып эле орчундуу өзгөрүү жасап жибербейт", - дейт мурдагы конгрессмен.

Эгер эл өкүлдөр палатасындагы көпчүлүк Демократиялык партияга өтсө, алардын палатадагы фракциясынын төрайымы болуп Нэнси Пелоси шайланышы мүмкүн. Бул конгрессмен болсо жакында - Ирактагы америкалык аскерлер 2007-жылдын аягына чейин өлкөдөн толук чыгарылып кетиш керек деп билдирген. Анткен менен демократтардын өздөрүнүн ичинде дагы бул маселе боюнча туруктуу бир пикир жок.

XS
SM
MD
LG