Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:30

ИЛИМ ЖАҢЫЛЫКТАРЫ: ЖЕРДЕН БАШКА ЖАКТА ЦИВИЛИЗАЦИЯ БАРБЫ?


Азыркы Казакстандын аймагын байырлаган Ботай эли жылкыны биринчилерден болуп үйүр алдырган. Жер шарынан тышкары жерде жашаган цивилизациялар менен байланышка өтүү болобу?

Америкалык жана Казакстандык археологдор азыркы Казакстандын түндүк аймактарында жашаган Ботай деген байыркы эл жылкыларды алгачкылардан болуп үйүр алдырганын аныкташты. Алар жылкыларды мындан беш миң жыл илгери эле үйүр алдырып, жылкы эти менен сүтүн тамак катары пайдаланган экен.

Ботайлар жылкыларды ошондой эле оор жүктөрдү ташыганга колдонушкан. Питсбургдагы Табигат Тарыхы музейинин археологу жылкыны байыртан үйүр алдырган элдерге Казакстан менен коңшулаш турган Украина менен Росиянын азыркы аймактарын байырлаган байыркы элдерди да кошот.

"Талаа- түздө жашаган бул элдер жылкынын этин эле жебестен, аны күнүмдүк жашоого пайдаланышкан, жылкы адамдардын оор шарттарда өлбөй жан сактап кетүүсүнө өбөлгө болгон" ,- дейт Олсен.

Казакстандын түндүк чөлкөмдөрүндөгүдөй ызгаардуу кышты жандыктардын бир нече түрү эле көтөрө алган дешет окумуштуулар.

Ал эми Казакстандан түштүгүрөөк, климаты ысык жерде жайгашкан азыркы Түркмөнстандын аймагында жагдай башкача болгон. Бул жерде отурукташкан байыркы элдер бодо мал менен кой- эчкилерди колго үйрөткөн, ошон үчүн алар көчмөн жашоого аргасыз болгон. Азыркы Казакстандын аймагында олтурукташкан элдер көчмөн жашоого кой менен бодо малды үйүр алдыргандан баштап өткөн дейт Олсен.

Биздин планетадан тышкары жерде цивизизация барбы?

Бар болсо алар менен байланышууга болобу?
Мындай суроо астрономдорду көптөн бери түйшөлтүп келатканы маалым. Окумуштуулардын көбү адамдардан башка цивилизация бар болгон күнү да алар менен биринчи болуп байланышууга аракеттенбей, алардан бир белги болоорун күтүү керек деген пикирде.

Бирок мындай көз карашты Астронавтиканын Эл Аралык Академиясынын октябрь айында Испаниянын Валенция шаарында өткөн жыйыны күмөнгө салды. Келеркиде Жерден тышкааркы цивилизациялар менен байланыш түзүү маселеси Жерден Тышкаары Жашаган Интеллект аттуу Изилдөөчүлөр Лигасынын жылдык жыйынында көтөрүлүшү мүмкүн.

Жерден тышкаркы цивилизация менен байланышка чыгуу аракеттери Валенцияда өткөн жыйындан мурда эле жасалып келген. 2001-жылы Москвадагы Радиоинженерия жана Электроника Институтунун кызматкери Александр Зайцев болжолдуу дарекке америкалык композитордун электрондук аспаптар менен ойнолгон музыкасын жиберген.

Бирок окумуштуулардын көпчүлүгү музыка жиберүү сыяктуу бир караганда коопсуз көрүнгөн сигналдар адамзат үчүн коркунуч жаратышы ажеп эмес дешет. Астрофизик Дэвид Брин:

"Алгачкы алакалашуу абдан коркунучтуу. Жер үстүндөгү ар түрдүү маданияттардын алгачкы алакасы кандай болгонун карагылачы",-деп эскертип, сабырчылык менен аярлай туурууну сунуш кылат.

Бирок орус изилдөөчүсү Зайцев эгерде жер шарынан башка планеталарда жашаган цивилизациялар дагы биздей сабырдуулук кылса, анда аалам тунжурап кала бербейби деп каяшалайт.

Баян Жумакадыр кызы, Прага
XS
SM
MD
LG