Президент Курманбек Бакиев бүгүн Жогорку Кеңеш жыйынына келип, конституциянын долбоорлору боюнча талкууну улантууну сунуш кылды. Мамлекет башчы конституциялык реформа боюнча оппозиция өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөр болгонун, толук тил табышуу боло электигин билдирди. Курманбек Бакиев ошондой эле кысымга албай сүйлөшүү керектигин белгилеп, «мага канчалык кысым көрсөтсөңөр, ошончолук жооп аласыңар», деп эскертти. Депутаттар жарыш сөзгө чыгып сүйлөй баштады. «Реформа үчүн» кыймылынын лидери Өмүрбек Текебаев президент элге берген убадаларын аткарбай, калпычы болду деп сынга алды. Ал Курманбек Бакиевдин 2005-жылы 12-майда тандемге кол коюлганда, 18-майда президент болуп ант бергенде он күн ичинде конституциялык реформаны баштай турганын жарыялап, убада бергенин эскертти.