Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Февраль, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:04

«ЫҢГАЙСЫЗ СУРООЛОР»: А.АТАМБАЕВ: «БАШКЫ МАКСАТ – ҮЙБҮЛӨЛҮК БАШКАРУУНУ ТОКТОТУУ»


Бүгүн - 2-ноябрда Бишкекте жана айрым шаарларда “Реформа үчүн” кыймыл уюштуруп жаткан нааразылык митинги башталат. Мамлекеттик биринчи канал менен “Азаттык” үналгысынын “Ыңгайсыз суроолор” көрсөтүүсүнүн 1-ноябрдагы чыгарылышы мына ушул окуяга арналды. Ага байланыштуу Кубат Оторбаевдин суроолоруна аталган кыймылдын теңтөрагасы, “Социал-демократтар” партиясынын лидери Алмазбек Атамбаев жооп берди. Алмаз Атамбаевдин пикири боюнча, митингдин учурунда Ак үйгө чабуул коюлбайт, бирок Курманбек Бакиев бийликтен кетпесе Кыргызстандын дагы оңолушу күмөн.

- Саламатсыздарбы, Биз Алмаз мырзаны эмне себептен студияга чакырганыбызды түшүндүрө кетейин. 2-ноябрда “Реформа үчүн” кыймыл Бишкектин Алатоо аянтында чоң митинг уюштуруп жатат. Ушул кыймылдын койгон талаптары орундуубу? Алардын президент менен 30-31-октябрдагы жолугушууларынын жыйынтыгы кандай болду? Дегеле ошол митингдин коопсуздугу кандай болот деген суроолорго жооп алыш үчүн биз азыр Алмаз мырза менен маектешебиз. Алмаз мырза, биринчи суроом ушундай, 31-октябрда “Реформа үчүн” кыймылдын лидерлери - 6 адам Курманбек Бакиев баштаган бийлик өкүлдөрү менен жолуктуңуздар. Сөздү ушундан баштасак, сиздер ушул жолугушуунун жыйынтыгына ыраазы болдуңуздарбы? Деги аны кандай баалайсыз?

- Туура, биз жолуктук, талаптарыбызды айттык. Жаңы бийлик башкарып аткан бир жарым жылдын ичинде Кыргызстан бөлүнүп кетти дедик. Мына 24-мартта бүт түндүк-түштүк колдоп, Бакиевдин колоннасын колдоп биздин колонна чыгып, Аскар Акаевди кетиргенбиз. Бирок бир жарым жылдын ичинде таптакыр башка натыйжа алдык, үмүттөрүбүз үзүлдү. Ошондуктан талаптарыбызды айттык, баягы эле талаптар, өзүңүз берген убадалар урматтуу президент, дедик. Бирок ушул жолугушуу кичине кечирээк болуп калдыбы, деп айттык. Кыргызстанды экиге бөлүп койдуңар – түндүк, түштүк кылып, керек болсо кыргыз, өзбек болуп кайрадан жарака кетти. Ошондуктан мындан ары абал тереңдеп кетелекте мүмкүн бийликтен кетсеңиз туура болот, деп айттык.

-Президент 30-октябрда парламентте сүйлөгөн сөзүндө айтты, ушул “Реформа үчүн” кыймыл, 5-6 киши коюп жаткан талаптар туура эмес, деди. Атап айтканда конституциялык реформа боюнча айтат, күнөөнүн бардыгы парламентте, анткени мен долбоорду эчак эле бергемин, 40 күндөн бери карала элек, дейт. Прездент ошентип сиздердин койгон ар бир талап боюнча өзүнүн жообун берди. Ага ыраазы болгон жоксуздарбы?

- Эми мындай да, мен Курманбек Салиевичке ачык эле айттым, Курманбек Салиевич, барган сайын ар бир сөзүңүз калп болуп баратат, деп. Конституциянын долбоорун парламентке бердим деп атпайбы, ал берилген эмес да. Парламенттин тийиштүү комитетине М.Абдылдаевдин колу менен үч долбоор кеткен. Чындыгында эгерде парламентке президент өзү берсе, өзү кол коюп туруп бир гана долбоорду жөнөтөт, Конституция боюнча ошондой. Ошондой эле башка талаптарды деле алсак, акты кара деп, караны ак деген оюндар болуп атат, калп сөздөр көп болуп атат.

-Үй-бүлөсү боюнча президент “менин эч кандай үй-бүлөлүк бизнесим жок, силердин колуңарда бир дагы документ жок, эгер болсо бергиле”, деди. Силердин колуңарда президенттин үйбүлөсү чоң бизнеске аралашканын бышыктаган далилдер барбы?

- Президент менен ачык отуруп сүйлөшүп атканда ушул эле сөздөрдү айтып, күлдүк. Ошол эле А.Акаевдин үй-бүлөсү Айдарчиктин (Айдар Акаев) атына бир дагы объект жазган эмес, дедик. Бирок ошол эле “Мегаком” кайда кетти, ошол эле цемент-шифер заводу баштаган бир топ объектилер кайда кетти? Менин көзүмчө Азимбек Бекназаров чоң бир тизмени президенттин колуна берди – “бул объектилер ААкаевден сенин үй-бүлөңө кетти”, деп...

-Президент эмне деди ошого?

- Албетте, президенттин үй-бүлөсү жөнүндө чуу абдан көп, иниси бир топ чуунун каарманы болду, “Матрешка” чатагында да Жаныш Бакиев жүрөт. Мурдагы күнү депутат Муратбек Мукашев парлменттин трибунасынан айтты - Улуттук банктын Жалалабаттагы филиалындагы миллиондордун 2005-жылдын мартында уурдалышын уюштурган Жаныш Бакиев, деп айтты. Уулу жөнүндө чуу көп жүрөт. Мен бул маселе боюнча президентке айттым, Курманбек Салиевич, эскертип коеюн, согуш убагында И.Сталиндин бир уулу колго түшкөн, ошондо Сталин айткан я фельдмаршала на солдата не меняю, деп. Мен фельдмаршал Паульсту солдатка - уулум болсо да - алмашпайм деген. Мен ошол сөздү эскертип Курманбек Салиевичке айттым, өз уулуң болобу, өз иниң болобу, аны Кыргызстандын келечегине алмашпаш керек. Эгерде мамлекетти башкарган адам болсо анда ошол Сталиндей болуш керек. Мамлекеттин, элдин кызыкчылыгы сенин үй-бүлөңдөн алда канча алдыда болуш керек, дедим.

-2-ноябрдагы митинг тууралуу айтканда, эл арасында өтө кооптонуу күч. Мисалы, ошол жерге ошончо миңдеген кишилер чогула турган болсо ок чыгып кетпейби, от чыгып кетпейби деген чоочулоолор өтө күч. Сиздер буга чейин элдин коопсуздугун сакташ үчүн ошол митингди уюштуруп аткан тарап катары кандай чара көрдүңүздөр?

- Биринчиден, мен өзүм жеке ички иштер министри менен, анын эки орунбасары менен да жолуктум. Ошондо айттым, саат кечки беш-алтыларга чейин элдик дружина түзөбүз. 3 миң милиционер, биздин ошол жакка чыккан 5-10 миң жигиттерден кошуп туруп Бишкек көчөлөрүн түнүчүндө да карап, кайтарабыз. Эч кандай талап-тоноого жол бербейбиз. Бирок ар кандай оюндар болуш кетиши мүмкүн. Анткени Тажикстан болуп кетпейби деп коркутуп атышпайбы, Тажикстанда таптакыр абал башка болчу, ал жакта идеологиялык карама-каршылык чыгып, ашкере динге берилгендер менен башка бир тарап тирешкен. Бизде болсо талаптарыбызды көрбөдүңөрбү, бүт бардыгы президент Бакиевдин өзү берген убадалары. Жалаң эле Конституциялык реформа боюнча 6 жолу документке кол коюптур, 6 ар кайсы документтерге... Анан ойлоп турам, Кыргызстандын келечегине балта чабабыз деп чыккандар болбойт го деп. Анын үстүнө эл деген эл, 20-30 миң киши турганда кутумчулар деле чыга калбайт.

-30-октярда президент сүйлөгөндөн кийин айрым депутаттар, өкмөт мүчөлөрү да пикирлерин билдиришти. Ошондо депутат Камчыбек Ташиев айтты, эгер керек болсо силер 50 миң киши чыгарсаңар, биз андан да көптү чыгарып коюшубуз мүмкүн деген сөздү айтты. Мындайча айтканда, ачыктан-ачык каршылашууга бараткандай сезилесиңер?

- Ушул оюндарды бийликке жагам деген азаматтар баштап атат. Мисалы, тандем кетсин, Бакиев-Кулов чогуу кетсин, деген сөздү түндүк-түштүккө буруп атышат. Бир үй-бүлөнүн кызыкчылыгы үчүн биздин элибиз бөлүнбөйт эч качан.

-Тандем тууралуу айтканда дагы “Реформа үчүн” кыймылдын ичинде дагы бир пикир жоктой сезилет, мисалы, атап айтканда, сиздин партиядагы орунбасарыңыз, депутат Мелис Эшимканов айтып келатат - мен Феликс Куловду анчалык тепкиге алганга каршымын, деп. Сиздин позицияңыз кандай бул маселе боюнча?

- Биздин бир эле пикирибиз бар, ар бир адамдын жекече пикири болгону менен чечимди чогуу алабыз, чечимибиз ошондой - кетсе экөө чогуу кетиши керек...

-Ошол экөө кеткенден кийин дагы ордуна ким келет деген маселе дагы өтө чоң суроо. Чындыгында сизди айтышат, Өмүрбек Текебаевди айтат, же дагы кимиси келиши ыктымал президенттикке... Бирок ошол келе турган кишилерге дагы ишенич аз. Ачык айтканда сиздерге да эл ишенген жок?

- Ошон үчүн биздин деле алгач К.Бакиев кетсин деген талаптарыбыз болгон эмес. Биз биринчи айтпадыкпы, системаны өзгөртөлү деп. Кыргызстанда бир жаман нерсе бар экен, ушундай эбегейсиз бийлик берилиптир президенттин колуна, көрүп атпайсызбы, Акаев кетээри менен системаны жаңылатам, КТР, бүт кен байлыктар элдики болот, эл үчүн күнү-түнү иштеп берем деген Бакиев деле кайра Акаевдин жолуна түшүп албадыбы. Ошондуктан кеп булардын ордуна ким келгенинде эмес, кеп - биринчи ирет жанагы системаны, Конституцияны өзгөртүш керек болуп атат. Бир адамдын колуна эбегейсиз бийлик бербеш керек, үй-бүлөлүк башкарууну токтотуш керек болуп турат. Үй-бүлөлүк башкаруу - бул Кыргызстандын эң биринчи балээси. Ар бир адам өзүнүн сөзүн аткарыш керек, өзүнүн сөзүнө турушу керек. Өзгөчө журтту, элди башкарган адам сөзүнөн кайтпаш керек. Мына Ташиевдер айтып атпайбы, Атамбаев Бакиевди саясий өлүк деп айттыптыр, эмнеге Бакиев чара колдонбойт, Бакиев чара колдонбосо биз колдонобуз деп. Мен биринчиден айткым келет, эмне чара колдонот ошол адамдар, кайсы адамдар, жанагы Үсөн Кудайбергеновго чара колдонуп өлтүргөндөрбү, же Баяман Эркинбаев менен Жыргалбек Сурабалдиевди өлтүргөндөрбү? Экинчиден айткым келет, мындай да, кыргыздын эзелки бир накыл сөзү бар - “хандын сөзү өлгөнчө өзү өлсүн” деген, анткени журт башы сөзүнө бекем туруш керек. Мен көзүнө айттым, эл сөзүңүзгө азыр ишенбей калды, Курманбек Салиевич, деп.

-Сөзүбүздү андан ары уласак, ошол эле бийлик берген убадаларга байланыштуу бир нерсени айта кетейин. Мына бир апта мурда - 25-октярбда биринчи вице-премьер министр Данияр Үсөнов ушул сиз отурган орунда отуруп, ал экөөбүз катуу бир талаш-тартыштын үстүндө сүйлөштүк. Мен суроо бердим эле “Кызылкыядагы цемент заводу эмне үчүн курулган жок” деген. Ал айтты “Алмаз Атамбаев экономика жана туризм министр болуп турганда Куловдун жардамы менен бир токтом чыгарып, эки завод тең атаандашып атып, аягында экөө тең курулбай калды, деди. Ушул жерден ачык айтсаңыз, заводдор эмне себептен курулган эмес?

- Мен ошол көрсөтүүнү көргөм. Бул да албетте толук бойдон калп. Чоңдорунан жукканбы, бирок Данияр иним деле калпычы болуп калыптыр. Биринчиден, экинчи заводго токтом чыгып атканда аны ошол эле Фишер билген, Данияр өзү билген. Анткени эгерде бир завод салынып атса, орустар келип айтышты жанына дагы бир завод салалы деп, Кыргызстан үчүн бир заводдун ордуна эки завод салынса жакшы да, сала берсин. Мисалы, Данияр айтып аткан жанагы өзүнүн аялына жазылган заводбу же кандай завод, ошол заводдун салынбай атканынын бир эле себеби бар –ал алынган акча Кыргызстан үчүн жеңилдетилген кредит, ал мамлекет үчүн, жеке бир завод үчүн кетип атат. Аны алыш үчүн деле кепилдик бериш керек экен. Ошол кепилдикти, гарантияны Данияр Токтогулович таап бере албай койду. Бир дагы банк Данияр Токтогулович завод үчүн кредит алса биз кепил болуп беребиз деген жок...

-“Инэксимбанкчы”?..

- “Инэксимбанктын” күчү жетпейт андай гарантияга. Орустар болсо айтты, биз Россиядан кредит алабыз, салабыз деп. Мисалы эки завод деле салынса жакшы болмок да, цементти кайда сатабыз деп атышат. Анысы албетте калп. Анткени көрүп атасыңар, Канттагы миллион тонна цемент чыгарган заводдун цементи жетпей атат азыр. Анын үстүнө ал цементтин жарымысы керек болсо Казакстанга кетип атат. Эки заводдун кубаттуулугу Данияр Үсөнов айткандай 4 млн. тонна эмес, 2 млн. эле тонна болмок. Түштүктөн артып калса керек болсо ошол эле Казакстан, Тажикстан, Ооганстанга чейин сатыла бермек. Данияр Үсөновдун сөздөрү албетте калп. Мен ушул темага өткөндөн кийин бир нерсени айткым келет. Качан бийлик күчтүү болот? Качан бийлик элден коркпойт? Эгерде эл бийликке ишенсе ошондо бийлик күчтүү болот. Мисалы, өткөн жылы 17-июнда деле Урматтын (Барктабасов) жигиттери Акүйдү алып алды, анан алар туруп-туруп кайра кетип калышты. Анткени ошол убакта Бакиевге, ушул бийликке эл ишенчү. Бийлик күчтүү болчу. Азыр болсо биздин Акүйдү алалы деген оюбуз деле жок. Бирок эл келет, Акүйгө деле эч ким кирбейт, кереги жок, Ак үйгө чабуул, аны алуу деле болбойт. Бирок бул бийлик кетет. Анткени бул бийликтин ооматы, жылдызы кеткен, анткени ар бир сөзү калп болуп атпайбы. Мына жакында эле билесиңер, парламенттен Борис Березовский боюнча чуу чыгып, анан Мелис Эшимканов президент Бакиевден сурабадыбы, Березовский Кыргызстанга келиптир, жолуктуңарбы, деп. Анан тиги киши айтпадыбы - Березовский келген жок, жолуккан эмесмин, тиги-бу, деп. Мына Орусиянын башкы прокуратурасынан ырасмий кат келиптир: “Указанное лицо 29 июля прибыло на самолете из Лондона в аэропорт города Бишкек, на следующий день он покинул территорию Кыргызской Республики, бездействие правоохранительных органов Кыргызской Республики в данном случае является нарушением международных объязательств” дейт. Ушундай калптын үстүнөн калп чыга берсе, аягында бийликке ишенич кетет экен. Ошондо бул бийликти эч ким кет дебесе деле өзү эле урап жок болуп калат ачык айтканда.

-Өткөндө Данияр Үсөнов менен сөз болгондо “Мегаком2 боюнча суроо берсем, ошого ачык жооп бербей койду. “Мегаком” боюнча сиз өткөндө Улуттук экинчи форумда айттыңыз эле, лицензия берүүдө дагы жең ичинен сүйлөшүүлөр болгон деп. Ушул маселени дагы бир ирет ачыктап койсоңуз?..

- Ачык эле айтайын, мен Бакиевге кирип сүйлөшкөндө айттым, Курманбек Салиевич, мен өзүм сизге кирип айтпадым беле, “Бимакомдун” лицензиясын тендерден саткыла деп. Анткени өткөн жылы Түркияда сотовый байланыштын ушул өңдөнгөн лицензиясы сатылып, дал ушундай эле лицензия сотовый оператор үчүн JSM лицензиясы, бир жарым миллиарбы же 2 миллиард доллар акчага сатылган бир эле кагаз. Мейли, биздин элибиздын саны Түркиянын элине караганда он эсе аз экен, ошондо жок эле дегенде 100 млн. доллар, мейли 20-30 млн. долларга сатылмак да, 1-2 млрд. сом Кыргызстандын бюджетине түшмөк. “Бимакомдун” ошол лицензиясы азыр “Мегаком” деп чыгып атат, эгер ошол түз сатылса анда казынага чоң пайда түшмөк. Ал деле сатылды албетте, аны бекер бердик деп атышпайбы... Айдарчиктен (Айдар Акаев – ред.) башка бирөөгө өттү, кетти. Бирок Кыргызстандын бюджетине, кыргыз элине бир тыйын түшкөн жок, ошон үчүн күйүп атпайбызбы... Мына ошол эле “Мегакомдон”, Жерүйдөн, Талдыбулактан миллиарддаган акча түшсө болмок да бюджетке. Эл кадимкидей тонолуп атат, уурдалып атпайбы элдин мүлкү...

- Алмаз мырза, сиз министрликтен кеткенден кийин жабык типтеги “Сарыжаз” акционердик коомунун директорлор кеңешинин төрагасы болуптурсуз. Мен “Социал-демократтар” партиясынын интернет барагынан алдым бул маалыматтарды, Сарыжаз суусуна 5 ГЭС курулат деп атыпсыздар, ага 3 миллиарддай доллар инвестиция керек экен. Жылына эгерде ал ГЭСтер иштесе 300 миллион доллардай пайда берет дептирсиздер. Бирок ушунун бардыгы өтө эле бийик айтылган сөздөр болуп атат, муну ишке ашырыш өтө кыйын, деген прогматиктер көп болуп атат?

- Албетте абдан кыйын иш, бирок эртели-кеч бул ишти жасаш керек. Анткени ГЭС деген алтын кендерге караганда бир топ эсе артыгыраак. Ошол Кумтөрдөн аягында жалаң эле уу калат, цианид калат, алтыны кетет сатылып. Ал эми ГЭС, көрүп атпайбызбы, Токтогул ГЭСи совет заманында эле салынса да азыр дагы иштеп атат. Ошол беш ГЭС салынып калса жалаң эле Ысыккөл облусун эмес бүт Кыргызстанды көтөрүп кетмек. Анын үстүнө мени ишке чакырган орустардын миллиарддаган акчалары бар экен. Биз салып берет элек дейт Кыргызстанга. Мен директорлор кеңешинин төрагасы болгондон кийин албетте иш кичине токтоп баратат. Өкмөттөн бир эки токтом керек эле, ошолорду азырынча өткөрө албай атабыз. Бирок ал жакта мен боломбу, башка адам болобу бирок Сарыжазга 5 ГЭСти салыш керек келечек үчүн. Ошол эле энергетиканы алалы, газды алалы бүт дүйнөдө, Германия болобу, Түркия болобу - абдан кирешелүү тармактар. Бизде болсо билесиңер 13 млрд. киловатт саат электр энергия чыкканы менен анын 60 пайызы жоголот экен, ошондо эсептеп көрсөк 7 млрд. сомдой акчалар бирөөлөрдүн чөнтөгүнө түшөт экен. Кайсы гана тармакты албасак Кыргызстанда бардык жерде уурдамай, таламай күчөп кетти. Кээ бири айтат мага - эмнеге сен президентке ачуу айтасың, деп. Менин укугум бар. Мен 23-мартта (2005-жылы) Бакиев менен теңтөрага болгом. Биздин үмүтүбүз башка болчу. Мен ойлогом Акаев бийликтен кетсе, революция жеңсе таланып аткандын бардыгы тең, миллиарддаган акчалар кыргыз элине, кыргыз бюджетине пайда берет деп. Андан бешбетер болуп атпайбы азыр. Ошондуктан үй-бүлөлүк башкарууну токтотмоюнча Кыргызстан оңолбойт...

- Алмаз мырза бизге келгениңиз үчүн ырахмат. Урматтуу телекөрүүчүлөр, Мамлекеттик биринчи канал менен “Азаттык” үналгысынын биргелешкен “Ыңгайсыз суроолор” көрсөтүүсүнүн бул жолку мейманы – “Реформа үчүн” кыймылдын теңтөрагасы, “Социал-демократтар” партиясынын лидери Алмазбек Атамбаев болду. Көрсөтүүнү мен – Кубат Оторбаев алып бардым. Кийинки шаршембиде саат 9дан 5 мүнөт өткөндө кайрадан жолугушканча саламатта калыңыздар.

XS
SM
MD
LG