Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Январь, 2022 жума, Бишкек убактысы 11:38

ТАЖИКСТАН: РАХМОНОВ ОТУЗ ЖЫЛ ПРЕЗИДЕНТ БОЛО АЛАТ


Алдыдагы дүйшөмбүдө Тажикстанда президенттик шайлоо болот. Анда ким жеңери азыртан эле белгилүү, ошондуктан өлкөдө шайлоо алдында эч кандай деле саясий активдүүлүк сезилбейт.

Мындан үч жыл мурда Тажикстанда жалпы элдик референдумда конституцияга түзөтүү киргизилген. Ага ылайык, өлкөнүн эмки президенти жети жылдык мөөнөткө шайланат. Негизги мыйзамдагы бу жаңы эреже бийликтеги президент Эмомали Рахмоновго иш жүзүндө өлкөнү 2020-жылга чейин башкарганга мүмкүндүк берет. Анын бийликте турганына он беш жыл болду. Азыр 54 жашта. Кокустан эле планын кыстаган шарт өзгөртүп ийбесе, Рахмоновдун буйруса постсоветтик тарыхта эң узак - дээрлик отуз жыл бийликте турган президент болуп калганга толук мүмкүндүгү бар.

Рахмоновдун быйылкы шайлоодогу атаандаштары төртөө. Алардын ысымдары чет өлкөдөн келе турган байкоочуларга турсун үч миллиондон ашуун шайлоочуларга деле эчтемени билдирбейт. Алардын бири да өнөктүк маалында башкы атаандашынын атына сын айтканга батынган жок. “Тажикстанда саясий партиялар оппозицияда боло албайт жана бийликти сындай албайт, себеби мындай шартта өлкөгө инвестиция келбей калат”, - деп түшүндүрдү мунун себебин коммунисттер партиясынын бир лидери.

Рахмоновго эгей-шыгай атаандаш болгонго жараган азаматтар өлкөдө жок эмес,бар. Бирок алар шайлоого катышуудан баш тартышты. Катышканга ниет кылгандар болсо түрмөдө жатышат. Мисалы,мурдагы ички иштер министри быйыл эле он беш жылга кесилди. Президенттик гвардиянын мурдагы колбашчысына бүт өмүрүн абакта өткөрсүн деп өкүм чыгарылган. Ал эми демократиялык партиянын лидерин бийликтер быйыл Россиядан тымызын кармап келип, жыйырма жылга отургузуп салышты.

Айтору,быйылкы шайлоо өнөктүгү өлкөдө уу-дуусуз, тынч өткөнү турат. Калк арасында ага кызыккандар деле көп эмес. “Талапкерлер тууралуу элдин анчейин кабары жок. Хорогдо,маселен,шайлоо болорун эскерткен жарнама, үгүт баракча дегенди дегеле көрө албайсың, элдин баары азыр эгин-тегин,түшүм менен алек”, - дейт жергиликтүү жаштардын бири.

Ушу тушта Россияда кара жумушка жалданып,мандикерлик кылып жүргөн бир миллиондой тажик жарандары үчүн бүгүн Москвадагы элчиликте, айрым шаарларда добуш берүү жайлары ачылат. “Шайлоо жөнүндө менин эч кандай кабарым жок, кимдер талапкер экенин да билбейм”, - деп айтты “Азаттыктын” кабарчысына Москвада иштеген тажик мандикерлеринин бири. Башка бирөөсү болсо Рахмонов кайра шайланганы жатканын кулагы чалганын, бирок бүгүн добуш бергени бара албай турганын билдирди.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG