Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:09

НООМАНЖАН АРКАБАЕВ: АКЫЛГА СЫЙБАГАН ТАЛАПТАР ОППОЗИЦИЯНЫН ООЗУНАН ЧЫГЫП АТАТ


-Өлкөнүн тагдырына байланышкан эң орчундуу маселе бардыгыбызды: Жогорку Кеңешти, өкмөттү, президентти бул жерге чогултуп отурат. Элдин баары 2-ноябрда эмне болуп кетет деп абдан тынчсызданып, ишкерлер өз иштерин токтотуп, жүрөктөрү түшүп отурат. Дүйшөмбү күнү депутат Темир Сариев “2-ноябрь тагдыр чече турган күн” деп айткан. Бул күн мүмкүн чын эле тагдыр чече турган тарыхый күндүр. Ал мүмкүн оппозициянын өзүнүн тагдырын чечер..

Кечээ депутат Иса Өмүркулов “эл уксун” деп кайра-кайра айтып жатып, элди ансайын коркутуп, дүрбөтүп отурат. Ал: “эртең Конституция кабыл алынбаса, эл келип, Акүй менен Жогорку Кеңешти үч көтөрүп, жер менен жексен кылат” деп кайра-кайра кайталап, үч жолу айтты.

Туугандар, Конституция көп жылдарга кызмат кыла турган эң негизги мыйзам, документ. Ошондуктан, аны жыйырма минуттун ичинде кабыл алып коюунун өзү—элдин алдындагы барып турган жоопкерсиздик. Ошондуктан, кийин дагы биз элдин көзүнө тике карай турган болуп, муну таразага абдан кылдат салып карашыбыз керек. Ал эми бүгүнкү митингди уюштуруучулардын талабы “Президент кетсин, Кулов кетсин” деген сыяктуу акылга сыйбаган талаптар, коркутуулар жалаң оппозициянын оозунан чыгып атат. Президент да, премьер-министр да адамдар, алар деле жаңылышы мүмкүн. Бирок өлкөнүн атуулдарынын басымдуу көпчүлүгү шайлаган президентти алты депутаттын сөзү менен эле “кет” дегенге, кокодон алганга биздин акыбыз жок.

Эгер оппозициянын аракеттерине да карап көрө турган болсок, бул жерде Кыргызстандын келечеги үчүн гана күйүп-жануу эмес, жекече кызыкчылыктар, айрым адамдардын президентке болгон жеке жек көрүүсү, акылга караганда ачууга караганда ачууга алдырып отурат. “Агым” газетасы жалаң Бакиевди, Бакиевдердин үй-бүлөсүн шыбап жатат. Кемчилиги бардыр, бирок жүз пайыз асылып албай, жок дегенде он пайыз жакшы нерселерди, өлкөдө болуп аткан жылыштарды айтса болбойт эле. Жок, Бакиев деген ушундай бир жаман адам чыгып келе жатат.

Туугандар, бир кезде демократиялык басма сөздүн флагманы болгон “Агым” бүгүнкү күндө кандайдыр бир күчтөрдүн балтасы болуп баратат. “Агым” го мейли, мына өзүбүздүн ЖК гезити “Кеңешти” алып көргүлөчү. “Кеңеш” ЖК акчасына, мамлекеттин бюджеттин эсеби менен чыгып жатканына карабастан, толугу менен президентке асылуу максаты менен жашап келе жатат. Урматтуу төрага, бул гезитти да теске салып коюуга убакыт келип жетти. Илгери бай-манаптардын байлыгын мактап ырдаган жамакчы, эшик ырчылар болор эле. Мына ушундай ыплас жолго булар да түшүп алды. Акаевдин тушунда Майрам Акаевага кошомат кылган “Кыргыз туусу” деген гезит бар эле. Ошол гезиттин кейпине “Кеңеш” гезити да келди. Биз бул гезитти чыгарууну токтотуп, ордуна даарат кагаз чыгара турган ишкана ачып алсак, мына ушундан бей-бечараларга бир аз пайда болот эле. Муну биз кыйратуучу куралга айландырып алышыбыз туура эмес.

Туугандар, президенттен биз он беш жыл таланып-тонолгон Кыргызстанды бир жылда Швейцарияга айландырып бер деп жакалаганыбыз адамгерчиликке жатпайт. Биз эгер Кыргызстандын келечегин ойлой турган болсок, эл деп күйүп-жана турган болсок, президенттин аракеттери менен өкмөттүн аракеттерине бир тамчыдан болсо да салымыбызды кошууга тийишпиз.

Айрым депутаттарда ушунчалык бир жеке жек көрүү орноп калган, алардын ою боюнча президент жакшы адам эмес экен да.

Туугандар, ачуу келсе биз акылыбызды качырып алышыбыз мүмкүн. Ошондуктан, элди апкелип, ЖК имаратын, Акүйдү курчап, кысым көрсөтөм деген эч бир ойлонулбаган иш. Акыл менен чечели, ал эми Конституциянын долбоорун жакшылап, терең ойлонуп, кенен талкуулап, кабыл алууга бири-бирибизге мүмкүнчүлүк беришибиз керек.

XS
SM
MD
LG