Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:27

АРАПБАЙ ТӨЛӨНОВ: БУЛ БИЙЛИКТИ “КЕТ” ДЕП ДА, “КАЛ” ДЕП ДА АЙТА АЛБАЙМ


- Курманбек Салиевич жана менин сыйлаган иним, шымы он жеринен жыртылган, ээри кыйшайган мамлекетке президент болду. Сизге чоң рахмат, ушу мамлекеттин акыбалын көрүп, билип туруп президенттикке макул болуп келгениңизге. Кудайым өлчөмдүү өмүр берет, ушу өлчөмдүү өмүрүңүздү сиз ушундай ушак менен, тополоң-жаңжал менен өткөзгөнүңүзгө сизге чоң рахмат.

Экинчи кудайым пендесине үч нерсесин берет. Бул акыл, талант, мүнөз. Кээ бир адамга кудай акылды да, талантты да, мүнөздү дагы жакшысын берет. Ошол адамдын өңүнөн нур тамат. Кээ бир адамга талантты, акылды берет, мүнөздүн начарын берет. Кээ бир адамга мүнөздүн жакшысын берип, акыл-талантты аз берет. Кыргызда “Айдай чырайынды боктой кылыгың булгаптыр же булгайт” деген жакшы бир макал бар, муну кыргыздар жакшы билет. Мына ошого бир мисал: Нооманжан иним, Керимкулов иним капа болуп жатышат. Мелис иниме токтолуп кетсем бул иним мурунку бийликти катуу сындап жүргөн, кийин эле аябай каттуу мактап жүргөн. Муну мен айткан жерим жок, эл айтып жатат. Мен он жылдан бери депутатмын, унчукпай жүргөнүм менен мен баары-жокко өзүмдүн анализмди берип, баа берип жүрөм. Бирок мен эч качан президентке да кошомат кылган эмесмин. Иши жакшы болуп кетсе мактаган да эмесмин, жаман болсо сындаган да эмесмин. Мени жакшы билесиңер.

Мына өткөндө митинг болгондо менин шайлоомдо “Сага биз барганда сен бизге кошулган, жоксуң, Акаевди кет деп чыккан эмессиң” деп Бекназаров айтты. Мен айттым, Акаевди кет дей турган менде бир основание болгон эмес, же кет десем эле кетип калбайт. Мен кет дегеним менен менден беш-алты жолу мурун күчтүү бакыргандар “кет” деп туруп, бул жагынан башкача иш кылып койгон кийин. Ошондуктан мен унчукпай жүргөнмүн.

Мисалы үчүн ушундай деген сөздү мага таштады да. Мен унчукпай жүргөнмүн. Мен бул бийликти деле “кет” дагы, “кал” деп дагы айтпаймын. Мен алсызды тебелесе ошого болушамын. Акчасы жок адамды бирөө кордосо ошого болушамын. Ал эми бийликти сындап жүрүп бей-бечара партияны түзүп, жакындап, Малазияга барып, ошол жерден келип, жанында жүргөн бакырган беш-алты депуттарга оозуңду жапкын деп акчаны берип, ошол акчаны алган да, албай койгон депутаттар, акчага да өзүнө да түкүрүп койуп басып кеткен адамдар олтурат ушул жерде. Мына “Реформа үчүн” кыймылынын бир мүчөсү дагы сенин акең бул жерде иштейт, дагы бир акең тигил жерде иштейт, ошон үчүн сен бийликке болушуп жатасың деп өзүнүн кесиптештерин сындап койот. Мына иним Сариев Абилдаев эң жакын досу болгон. Энергияда зачеттор жүрүп жатканда, экономика төмөн болуп жатканда унчуккан эмес. Азыр эми бизге, Бакиевге окуп берип жатат. Ошол учурда деле депутат болчу,анда айткан эмес. Бул үч жолу болду, мен да үч жолу болдум. Чыныгы элдин патриоту, элге күйгөн адам болсо башынан айтып келет эле. Мына айтып жүргөн Текебаевге, Исаковго, Бекназаровго, Мадумаровго рахмат. Мына Текебаев азыркыга чейин айтып жатат.

Бүгүнкү бетке туткан конституциялык реформа бул түздөн –түз кыргыз элин экиге бөлүш болуп жатат. Экиге бөлүш, түндүк-түштүк болуп жатат. Ушул жерде менин күйөө балдарым бар түндүктө. Түндүктүк жеңелерим бар, ошолор баланчанын адамдары мындай деп айтып жатат, баланчы депутаттын жардамчылары минтип кетип жатат, бул кандай болот, деп ыйлап айтып жатат. Мен Бакиевди коргогон жерим жок. Мен кыргызды, алардын менталитетин билемин. Мына өткөндө пикирлеш болуп жүргөн Текебаев айтты го Сариевди “сенин камокчунун деңгээлиндей деңгээлиң бар” деп. Бул мүнөзгө жараша чыгып кетти. Баардыгыңар күбөсүңөр. Ошон үчүн ар бир адам акылын, талантын өзүнүн мүнөзү менен башкарат. Андыктан бирөөнү өтө сындаштан мурун өзүбүздү бир карап коелук, артыбыздан эл сөз айтып койбой тургандай бололук.

Эми чынында өпкөсү көрүнүп калган өлкөнү бир жарым жыл ичинде мындай кыл, конституциялык реформа керек боло турган болсо түндүк түштүгү жок эле, бүгүнкү күндө ушул чиновниктердин да арасында да, Жогорку Кеңештин ичинде да кетип жатат. Реформаны акыл-эс, биримдик менен кылайлык. Эгерде өзүбүздү мусулман деп эсептесек бөлүнүүгө болбойт. Мусулманчылыкта өзбек, кыргыз, казак деген болбойт. Бир ууч кыргыз түндүк, түштүккө бөлүнүп жатабыз. Эгер ушул жол менен жүрсөк мамлекетти оңдомок тургай, кыргыз мамлекетин, улутун жок кылып алабыз.

Депутат Малабаевди шайлоочулары менен жолуксам алар акыбал чатак болуп атат деп айтып жатышат. Мелистин призывын карагыла: Абдылдаев, Суталинов, Кулов сен отставкага кеткиле, анан биз булар менен сүйлөшөбүз. Эгер андай болсо мен Бекназаровду, Текебаевди, Дооронбекти силер да бул кыймылдан чыккыла, эл айтып жатат. Кыргыз элинин келечеги үчүн мен өзүмдүн жанымды тигип койомун туугандар. Улуттар аралык провокация жүрүп жатат, акча менен үндөө кылып, мунун өмүрү кыска. Мен уткузган жерде эл көтөрүлүп чыккан,төрт миң, беш миң эл, мен аларды бакканга бир кыйла пулум кеткен. Кеткиле деп оппонентимди куттуктаганмын. Менин шайлоочуларым 90-жылды баштарынан өткөргөн. Кара-Суудан башталып, Ош шаарына анан Өзгөнгө өтүп кеткен. Бүгүн куду ошондой тенденция жүрүп жатат, кийин кеч болуп калбасын туугандар. Менин шайлоочуларым өтө кооптонуп жатышат.

Шайлоочулардын сөзүн дагы айтып коeюн, ошол кезде “Түрк атанын балдары” деген кыймыл ачылган. Мунун механизмин Турсунбай Бакир уулу түзгөн. Биз ошол менен тополоңду басканга салымыбызды кошконбуз. Кыргызстандын, Өзбекстандын беш-алты районунда достук жолу ушуларды өткөргөнбүз. Андай кылбаса кыргыз ал жакка барып токмок жеп, өзбек биякка келип токмок жеп көрүнүштөр көп болгон. Ошон үчүн алар бизге Бакиев дагы, “Реформа үчүн кыймылы” да керек эмес, бизге карапайым элдин кызыкчылыгын көздөгөн парламент керек деп жатышат. Эгер алардын колунан келбесе өзүбүздүн укукту тебелетишке эч кимге жол бербейбиз деп жатышат. Бул сөзгө ишенип койгула, алардын мүмкүнчүлүгү бар. Войска армиясы турсун деп жатат, коркпойбуз, биз идея үчүн барабыз деп жатышат. Ошондуктан президентке дагы, кесиптештериңе дагы айтып койуңуз, ынтымак жолунда, биримдик жолунда жасасын деп жатышат. Түндүк, түштүк болуп бөлүнүп, бир чечим алышына биз жол бербейбиз деп жатышат.

XS
SM
MD
LG