Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:41

МЕЛИС ЭШИМКАНОВ: “ЭШЕКТИ ХАН САРАЙГА КАМАП КОЙСОҢ ДА ЭШЕК БОЙДОН КАЛАТ»


(Митингдеги сүйлөгөн сөзү)

“...Мен айттым, сиз китепти жакшы окубайт экенсиз дедим. Ал жакта чыгыштын акылмандары башкача айткан дедим. “Эшекти хан сарайга камап койсоң дагы эшек бойдон калат” дедим. КТРден да көрсөтүп алды, бүт эл сизге күлүп атат, андай сөздөрдү оозанбай жүрүңүз дедим. Эки сөзүнүн бири эле “колуңду сындырам, Ак үйгө жабышсаң каматам, аттырам”. Эки үч күндөн бери мобул жерде турган азаматтарды, Максим Бакиев деген эрке баласы, Жаныш Салиевич деген үкасы, “Атамбаевди аттырам, Сариевди аттырам, Текебаевди, Бекназаровду аттырам” деп атат. Аткан күнү түп ордуң менен сени эл жутуп коет деп айттым мен.

Эми бардыгын айтканга үлгүргөн жокмун, менде мындай бир сунуш бар. Палатка тикмей, боз үй тикмей, концерт бермей пландарыбыз да бар. Эгер сиздер уруксат берсеңиздер, ушул митингдин жетекчилери уруксат беришсе, биз бул жерге, өздөрүнүн көздөрүнө айтыш үчүн, эмне үчүн кет деп ататбыз, кандай биздин талаптарыбыз бар, ушул жерге Бакиев менен Куловду чакыралы. Колдойсунарбы. Анда мен жазындагы сөзүмдү кайталайм, ушул жерден элдин алдында айтышсын, эмне үчүн 1,5 жылдан бери элдин жонунан кайыш тилип, арыз муңун укпай, түндүк-түштүккө бөлүп, кыргыз-өзбекке бөлүп, ичкилик-ичкилик эмеске бөлүп, сага-мага бөлгөн бийликтин жүзүн көрөлү.

Үйбүлөлүк башкарууну кандай кылып атат, бүгүнкү Кыргызстан жардын кырында турганын айталы, энелердин боздогон ыйын айталы. Ошон үчүн мен сиздерден суранам, үн салып койсоңуздар, азыр ушул жерге Бакиев менен Кулов келсин... Анан келгенден кийин айтабыз. Биз тартип бузбайбыз бүгүн, биз бүгүн эч кандай мородерствого жол бербейбиз, эч кандай баскынчылык жасабайбыз, ошол эки азаматты ырахмат айтып туруп, жек көрбөй этпей эле, батабызды берип, 1,5 жыл эзип бергенинерге ырахмат, башкарып бергениниздерге ырахмат деп, акырын отставкага узатып, баштарына калпак кийгизип коелу. Ырахмат.

XS
SM
MD
LG