Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Март, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 23:01

МИТИНГ БАКИЕВ-КУЛОВДУН ОТСТАВКАСЫН ТАЛАП КЫЛУУДА


Бүгүн борбордук Алатоо аянтына митингге чыккандар Бакиев-Куловдун кызматтан кетүүсүн талап кылышууда. Алар Бакиевдин берген убадаларын аткарбагандыгына, бийликтин кадр саясатындагы калпыстыктарына, коррупциянын гүлдөп өсүшүнө, мыйзамдуулуктун сакталбашына нааразы экенин билдиришти. “Реформа үчүн” кыймылдын лидерлеринин айтымында, митингде коюлган талаптар аткарылмайынча, нааразылык акциясы токтобойт.



Борбордук Алатоо аянтына шаардын чыгыш-батыш-түндүк тарабынан агылган эл бийликтин отставкасын талап кылып ураан чакырып келишти. Социал-демократтар, Асаба, Атамекен, Жашылдар партиясынын мүчөлөрүнө кошулуп, милициянын, ооган согушунун ардагерлери, жаш саясатчылар, шаар тургундары, жалпы жонунан жыйырма миңден ашуун адамдарга ырчы Сагынбек Момбеков арман ырын төгүп турду.



Жогорку Кеңештин отузга чукул депутаттары «Реформа үчүн» кыймылды колдоп, Бакиевдин кетирген саясий каталарын, үйбүлөлүк бизнеске жол бергенин сындап чыгышты.

Саат үчкө чукул митинг башталып Эдил Байсалов митингди алып барды, ал элди куйткулукка алдырбоого, сабырдуулукка чакырды:

"Эгерде бирөө ак үйдү алабыз, же дагы бирөөгө кол салабыз, чадуулга чыгабыз дегендер болсо, алар биздин адамдар эмес. Араңарда ошондой ураан чакырып, провокацияга жол бере турган болсо, милицияга кармап бергиле".

Митингди ачкан Алмаз Атамбаев митингге келгендерге ыраазычылыгын билдирип, президент Бакиев Конституциялык реформа боюнча берген убадасынан дагы тайганын билдирди:

"Курманбек Бакиев бүгүн тогуз жарымда жаңы Конституциянын жаңы долбоорун парламентке алып барып берем деген. Тилекке каршы иш жүзүндө анын айткан убадасы дагы калп болуп чыкты".

Алмаз Атамбаев «Реформа үчүн» кыймыл тарабынан коюулган талаптар аткарылмайынча, максаттарынан кайтпай тургандыктарын билдирди.



Аталган кыймылдын лидерлеринин бири Өмүрбек Текебаев бул жерге мамлекетти сактап калуу үчүн, карапайым калктын укуктарын тебелетпөө үчүн келишкенин айтты:

"Кылмыштуулуктун, алып-бериштин, тууганчылыктын мыйзамы бүгүн өкүм сүрүп отурат. Сиздер менен биз мына ушундай тартипке каршыбыз. Биз, Акаевдин Бакиевге эмес, замандын алмашуусун каалайбыз. Биз Кыргызстанда адилет коом, адилет бийлик орношун каалайбыз. Ошондуктан бул жерге өлкөбүздүн бардык региондорунун өкүлдөрү келип отурат.Эгерде мамлекет башчылары, биз ишенген лидерлер өз сөзүндө турбаса, эл алдында ооз эки, кагаз жүзүндө берген убадаларынан баш тартса, мындай бийликтин элди башкарганга моралдык укугу жок. Мындай бийликтин айткан сөзүнүн күчү жок. Алардын жазган мыйзамынын күчү болбойт",-деди Өмүрбек Текебаев.

Митингдин катышуучулары президент Курманбек Бакиевдин, өкмөт башчы Феликс Куловдун аянтка келип эл менен жолугушуусун талап кылышты. Бирок Кулов тандемди бузууга барбастыгын, митингдин катышуучулары менен жолугушууга барбастыгын билдирген. Кечки саат 18.25 аянтта чатыр, боз үй тигүү камылгасы көрүлүүдө.


Аманбек Жапаров, Бишкек

XS
SM
MD
LG