Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Март, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:55

СЕНАТОР ХИЛЛАРИ КЛИНТОН ҮЧҮН ПАРЛАМЕНТТИК ШАЙЛОО ПРЕЗИДЕНТТИККЕ ТЕПКИЧ БОЛУШУ МҮМКҮН


Нарын АЙЫП, Прага 7-ноябрда АКШда өтө турган парламенттик шайлоого сенатор Хиллари Клинтон дагы катышат жана бардык байкоочулардын пикиринде, Сенаттагы өз ордун ал оңой эле сактап калат. Анткен менен көпчүлүк эксперттер бул шайлоону Хиллари үчүн - 2008-жылы өтө турган президенттик шайлоого карата даярдык катары баалашат.

Мурдагы президент Билл Клинтондун жубайы Хилларини Америка Кошмо Штаттарында гана эмес, бүткүл дүйнөдө жакшы таанышат. Акыркы жылдарда ал Сенаттын тышкы байланыштар боюнча комитетинде иштейт жана бир топ тажрыйбага ээ. Соңку мезгилде ал президент Жорж Буштун Ирактагы саясатын сынга алганы менен дагы кошумча элдик колдоого ээ болду.

31-октябрда Хиллари Клинтон Нью-Йорктогу Тышкы байланыштар боюнча кеңеште чыгып сүйлөгөндө дагы түзүлгөн абал боюнча өз пикирин билдирди: "Биздин айланабызда азыр кеңири кудуретсиздик жана баш-аламандык болуп жатканда, коомдо эки партияга бөлүнбөгөн жалпы биримдик жаратуу эң маанилүү нерсе, ошондо гана биз өз кызыкчылыктарыбызды коргоп, коопсуздукту чыңдап, өз баалуулуктарыбызды өркүндөтө алабыз. Биз айтканыбыз менен дагы, жасаган иштерибиз менен дагы кайрадан эл аралык мамилелерди жаңылантыш керекпиз. Экинчи дүйнөлүк согушта да биз жалгыз болгон эмеспиз. Кансыз согуш учурунда да биз жалгыз аракеттенген жокпуз. Азыркы жалпы дүйнөлүк террорго каршы күрөштө жана башка орчундуу маселелерди чечүүдө дагы биз жалгыз болбош керекпиз", - деди Хиллари Клинтон.

Эксперттер аны өтө тажрыйбалуу саясатчы катары эсептейт жана 2008-жылы өтө турган президенттик шайлоого Демократиялык партиянын атынан көрсөтүлө турган бирден-бир талапкер деп ишенет.

Башка байкоочулар анын дагы бир өзгөчөлүгүн белгилейт - ал өз иштери үчүн акча тапканды жакшы билет. Мисалга алганда, азыркы шайлоо өнөктүгү үчүн ал санаалаш ишкер-саясатчылар жана башка спонсорлордон 50 миллион доллар чогултту, президенттикти көздөгөн бир дагы азыркы саясатчы учурда мынчалык каражат чогулта албайт жана Клинтон айымдын азыркы шайлоосуна бул акча кенен жетет.

Нью-Йорк шаарындагы шайлоо чөлкөмүнөн аны менен Сенаттагы орун үчүн Республикалык партиянын өкүлү Жон Спенсер күрөшүүдө.

Анткен менен башка эксперттердин айтымында, Америка коомунда Хилларини канча адам жакшы көрсө, ошончо адам аны жек да көрөт. Демократтардын көпчүлүгү ага жогору баа берип, анын президенттик үчүн күрөшүн колдосо, азыр бийликтеги Республикалык партиянын өкүлдөрү аны такай сынга алат.

Мэриленд университетинде иштеген эксперт Бенжамин Барбердин айтымында, сындаганда да алар сенатордун жасаган иштерин же анын саясатын сындабастан, аны Хиллари Клинтон болгону үчүн сындайт. Андан тышкары республикалыктар аны - мурдагы президент Билл Клинтондун өкмөтүнүн мүчөсү катары баалайт жана Клинтон ал кезде жүргүзгөн социалдык коргоо саясаты үчүн кандайдыр бир ченемде Хиллари жооптуу деп эсептейт.

Ошондуктан, саясат таанучулардын пикиринде, президенттик үчүн күрөштө Хиллари өз тарабына Республикалык партиянын тарапкерлерин тартуу маселесин чечүүгө тийиш. Анткен менен вице-президент Дик Чейни 24-октябрда "Фокс" сыналгысы аркылуу чыгып сүйлөгөндө, ага канчалык жакпаса дагы, АКШнын келерки президенти Хиллари Клинтон болушу мүмкүн деп билдирди.

Башкалардын айтымында, эки жылдын ичинде Клинтондун өзүнүн Демократиялык партиясы тарабынан президенттикке талапкер катары дагы жаңы саясатчы аталып кетиши мүмкүн. Айрым байкоочулар андай адам катары 45 жаштагы сенатор Барак Обаманы аташат.

XS
SM
MD
LG