Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:28

3-НОЯБРЬ: ТАРЫХ БАРАКТАРЫ


Түркстан генерал-губернатору 1909-жылдын 3-ноябрында Шабдан баатырга жер бөлүүнү кайрадан козгогон. 1920-жылдын 3-ноябрында «Кошчу» биримдигин уюштуруу туурасында чечим кабыл алынган.

Шабдан баатырдын империялык бийликтен Чүй өрөөнүнөн жер алуу туурасындагы өтүнүчү жергиликтүү деңгээлде колдоого алынганы менен жогорку инстанцияда ал идея жактырылган эмес. Орус бийлиги Шабдан баатыр сураган Атаке, Токмок болуштугундагы жерлерди Россиядан көчүрүлө турган дыйкандар үчүн ыңгайлагандыктан анын өтүнүчүнө улам вето коюлуп келген. Шабдан баатырга жер бөлүүнү жактаган Түрктсан генерал-губернатору бу маселени кайрадан козгоп, 1909-жылдын 3-ноябрында өтүнүч катты Жер тейлөө жана Жер иштетүү боюнча Башкы башкармалыгына жолдогон.

Түркстан коммунисттик партиясынын Борбордук комитети 1920-жылдын 3-ноябрында өткөн пленумда «Кошчу» биримдигин уюштуруу туурасында чечим кабыл алды. Биримдик дыйкандар менен жарды, жалчылар жергиликтүү жумушчу отрядына жардам берип, көмөк көрсөтөт деген ниетте курулган.

Ташкентте уюшулган Кыргыз тарых комиссиясы 1922-жылдын бу күндөрү кыргыз элинин теги жана маданияты туурасында материал топтоого киришкен. Комиссия кыргыз жана казак терминдеринин айырмасы, алардын тарыхына байланышкан материалдарды чогулткан. Пишпек уездинде болсо, комиссия мүчөлөрү 1916-жылкы кыргыздардын көтөрүлүшүнө байланышкан эскерүүлөрдү жыйнашкан.
1929-жылдын 3-ноябрында жумушчу жана кызыл аскер депутаттардын Фрунзе шаардык кеңеши бардык мекемелерге мамлекеттик желектердин илинишин милдеттендирген чечим чыгарды. Шаардык кеңештин чечими жеке же кооперативдик менчик түрүнө карабастан атакарылып, мамлекеттик символдор бир ай ичинде мекемелердин имараттарына илинген.

2004-жылдын 3-ноябрында Бишкекте Донор өлкөлөрдүн консультативдик кеңешининин жыйыны өткөрүлдү. Жыйында Кыргызстандагы жакырчылыкты азайтуу багытында улуттук стратегияны ишке ашыруу; иштелип чыккан программаларды координациялоо талаптарын жакшыртуу; мамлекеттик башкаруу системасын өркүндөтүү сыяктуу маселелер талкууланды.

Бу күнү, 1903-жылы голланд физиологу Ф. Эйнтхофен электрокардиогрaфты тапкандыгын жарыялап, 1936-жылы Франклин Рузвельт президенттик шайлоодо жеңип, экинчи мөөнөткө АКШ мамлекет башына келип, 1500-жылы атактуу италиялык ювелир, скульптор Бенвенуто Челлини, 1619-жылы голланд живописчиси Виллем Калф, 1633-жылы италиялык врач Бернардино Рамацини, 1788-жылы шотланд химиги, азотту ачкан Даниэль Резерфорд, 1896-жылы тарыхчы Михаил Кутузов-Толстой, 1900-жылы «Адидас» фирмасын негиздөөчүлөрдүн бири Адольф Дасслер жарык дүйнөгө келсе, 1953-жылы төкмө акындардын алпы Калык Акыев жарык дүйнө менен кош айтышкан.

Муратбек Кожобеков
XS
SM
MD
LG